Ислам дини » Дубалар » Күнөөкөр адамдын дубасы кабыл болбойбу




Күнөөкөр адамдын дубасы кабыл болбойбу


Суроо: Күнөөкөр адамдын дубасы кабыл болбойбу?

Жооп: Күнөөкөр мусулмандын дубасы кабыл болууга татыктуу болбосо да Аллаху таала дуба кылган адамдын колун бош кайтарбайт. Кылган дубасынын себеби менен же күнөөлөрү кечирилет же келе турган бир кырсыктын алды алынат же башына түшкөн балээ кетет же болбосо Акыретте чоң соопко ээ болот. (Ширъа)

Ыйык хадистерде айтылды:

"Раббиңер керем ээси, өзүнө ачылган колду бош кайтаруудан тартынат, кылынган дубаны кабыл кылат”. (Тирмизи)

"Аллаху таала дубаңарды кабыл кылат. Дуба кылдым, бирок, дагы эле кабыл болбоду деп шашпагыла! Аллахтан көп сурагыла! Анткени, керем ээсинен сурап жатасыңар”. (Бухари)

"Дуба кылган адамдын же күнөөсү кечирилет же дароо тилегине жетет же болбосо Акыретте мукафатын (сыйлык-сообун) алат”. (Дайлами)

Аллаху таала Кыяматта дубасы дүнүйөдө кабыл болбогон кулга: "Дүнүйөдө кылган дубаларыңа жооп катары ушул соопторду берип жатамын”, - деп, ушунчалык көп сооп берет; натыйжада ал кул: "Каап, дүнүйөдө эч бир дубам кабыл болбогондо кана”, - деп айтат. (Т. Гафилин)

Күнөөгө баткан бир адамдын дүнүйө иштерине байланыштуу дубасынын кабыл болуусу, тилектерине жетүүсү анын зыянына болот. Ыйык хадистерде айтылды:

"Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Сураган нерсесин дароо орундаба, мен анын үнүн жакшы көрөмүн”, - дейт. Фажирдин (күнөөкөрдүн) дуба кылганында, "Мунун сураган нерсесин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - дейт”. (Ибни Нажжар)

"Капырдын кылган дубасынын дароо кабыл болуусуна, момундун болсо дубасынын кечигүүсүнө таң калган периштелерге Аллаху таала айтат: "Мен капырга жана үнүнө каарданамын. Мени эстебесин, мага дуба кылбасын деп сураганын дароо беремин. Момунду жана жалбаруусун сүйөмүн. Менден жана мени эстөөдөн алыстабасын деп сураган нерселерин кечиктиремин”. (Рамуз)

Сүйүктүү кулдарын васила (ортомчу) кылып дуба кылуу керек

Тилегине жетүү үчүн эки рекет намаз окуп, сообун Силсила-и алиййа делген аалымдардын рухтарына багыштап, алардын урматына деп дуба кылуу керек. Мисалы, "О, Кудайым! Мага кайырлуу бир перзент бере көр!” деп дуба кылып, "Бул дубамы Силсила-и алиййа улуктарынын урматына кабыл кыла көр!” деп айтуу керек. (Макатиб-и шарифа)

Багымдан жана куптан намаздарынан кийин Силсила-и алиййа улуктарынын аттарын окуп, анан Фатиха окуп, сообун  рухтарына багыштап, аларды васила кылып кылынган дуба кабыл болот. Сынап көрүлгөн.

Али Рамитани хазреттери айтат:

"Күнөө кылбаган бир тил менен дуба кылгыла, ошондо гана кабыл болот!” Тактап айтканда, Аллах досторунун даргейинде тавазу (кичипейилдик) кылгыла, жалбаргыла, силер үчүн дуба кылышсын. Истигаса, башкача айтканда, бир олуяны тавассул да мына ушул. (Иса алейхиссаламга келишип: "Дуба кылып жатасыз, айыкпаган оорулар айыгып жатат. Кайсыл дубаны окуп жатасыз, бизге да үйрөтсөңүз", - деп сурашат. Иса алейхиссалам аларга окуган дубасын үйрөтөт. Жанагы адамдар кайра келишип: "Мырзам, окуп жатабыз, бирок, эч нерсе болгон жок. Же бизге туура эмес дубаны үйрөттүңүзбү?" - деп айтышат. Иса алейхиссалам: "Дуба туура, бирок, ооз жаңылыш”, - деп жооп берет. Тактап айтканда, туура дубаны үйрөттүм, дуба бирдей эле, бирок, дуба кылган ооздор бирдей эмес!”

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш