Ислам дини » Дубалар » Иншаллах деп айтуунун мааниси




Иншаллах деп айтуунун мааниси


Суроо: Иншаллах деген сөз кандай маанини түшүндүрөт?

Жооп: Иншаллах – Аллаху таала кааласа болот же кыскача Кудай кааласа деген маанини билдирет. Бул сөз бардык иштерди Аллаху тааланын каалоосуна тапшыруу үчүн айтылган сөз.

Аллаху тааланын алдында моюн сунгандардан болуу үчүн ар бир иште иншаллах деп айтуу керек! Хадиси шарифте: "Адамдар үчүн иншаллах деп айтуудан да жакшыраак моюн сунуучулук жок”, - деп айтылган.

"Муну жасаймын”, "Эртең баланча жерге барамын” деп айтканда да "Иншаллах” деп айтуу керек!

Бир киши менен бир нерсеге макулдашып жатканда иншаллах деп айтыла турган болсо, кийинчерээк ал нерсе орундалбай калса, калпычы болбойт. (Митфах-ул жанна)

Анык иштерде да иншаллах деп айтылат. Масжиди харамга да кириле турганын Аллаху таала билдирген болсо да, иншаллах деп айтууну үйрөтүү үчүн "Масжиди харамга иншаллах киресиңер” деп боюрду. (Фатх, 27)

Исмаил алейхиссаламдын "Атакем, сизге эмне буюрулган болсо ошону аткара бериңиз! Иншаллах (Аллах кааласа) мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз” деп айткандыгы Курани каримде билдирилүүдө. (Саффат, 102)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам да бир көрүстөндү зыярат кылып барганда өлүмдүн сөзсүз экендиги белгилүү болсо дагы, илахи тарбияга ылайык: "Иншаллах, биз дагы силерге жетебиз”, - деп айтты.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кылган дубасынын сөзсүз кабыл боло турганын ыйык аяттар аркылуу билип турса дагы мындай деп айтты: "Ар бир пайгамбардын дубасы кабыл болот. Ар пайгамбар үммөтү үчүн дүнүйөдө дуба кылды. Мен болсо Кыяматта үммөтүмө шапаат кылууга уруксат берилиши үчүн дуба кылуудамын. Дубам иншаллах кабыл болот. Мушрик болбогондордун бардыгына шапаат кыламын”. (Муслим)

Хазрети Сулайман пайгамбардын сыноосу

Курани каримде: "Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк. Тактысынын үстүнө бир денени таштап койдук. Кийин ал (Раббине) кайтты (тообо кылды)”, - деген мааниде айтылды. (Сад, 34)

Фахреддин Рази хазреттери айтат:

"Сулайман алейхиссалам түндөрдүн биринде бардык аялдарына жакындык кылуусун, алардын ар биринин бирден эркек перзент төрөп бере турганын, Аллах жолунда казат кыла турганын айтты. Бирок, Кудай кааласа деп айтууну унутуп койду. Ара төрөлгөн бир баласы болду. Аны көтөрүп барып, атасынын тактысына ыргытып жиберишти. Хадиси шарифте: "Ант берип айтамын, Сулайман алейхиссалам иншаллах дегенде, өзү айткандай болмок”, - деп билдирилди. (Бухари)

Расулуллах алейхиссаламдан Рух, Асхабы Кахф жана Зулкарнайн тууралуу суралганда: "Эртең келгиле, жооп берейин”, - деп айкан эле. Бирок, иншаллах дегенди унутуп койду. Ушундан улам бир нече күн Расулуллахка вахий келбей калды. Кийин мааниси төмөндөгүдөй болгон ыйык аят келди:

"Иншаллах деп айтпай туруп эч бир нерсени эртең кыламын деп айтпа!” (Кахф, 23-24)

Пайгамбарлар күнөө кылышпайт. Бул сыяктуу нерселер зелле деп аталат.

Суроо: Иншаллах деп айтылганда "Иншаллах, машаллах менен болбойт бул иш” деп айтуу куфур болобу?

Жооп: Иншаллах – "Аллах уруксат берсе, Аллах кааласа” дегендик. Аллах уруксат берсе да болбойт дегени Аллаху тааланын кудуретине ишенбегендик болот. Маашаллах дегени – жактырылган нерселер көрүлгөндө "Бул Аллаху тааланын тилегени жана ихсан кылган нерсеси. Кудай сактасын, көз тийүүдөн коргосун” деген маанини билдирген ыйык бир сөз. Бул сөздөрдү шылдың максатында ошентип айтуу куфур болот.

Суроо: Иншаллах, Аллахтын уруксаты менен деп айтпай эле, мисалы, келемин, сатамын, келишим мүмкүн, барасың, жасаймын сыяктуу сөздөр айтылса куфур эмеспи?

Жооп: Жок, ширк менен байланышы жок. "Эшикти ачып жатасыңбы?” деп сураган адамга "Ооба, ачып жатамын” деп айтуунун ширк менен байланышы жок. Ансыз деле бардык нерсени жараткан Аллах жана эшикти бизге ачтырып жаткан да Ал. Иншаллах делсе жакшы болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш