Ислам дини » Дубалар » Периштелердин дубаларынан куру калуу




Периштелердин дубаларынан куру калуу


Суроо: Кумар жана музыкалык аспаптар, тв, жандуу сүрөт, ит, жунуп, ичкилик жана мас киши бар жерге рахмат периштелери кирбесе эмне жоготобуз?

ЖООП

Ал жерде намаз окулган болсо махрух болот. Макрух абалда окулган намаз сахих болот. Башкача айтканда, ал адам намаз карызынан кутулганы менен намаз окуу аркылуу пайда болчу чоң соопко жете албайт.

Периште кирбеген үйгө шайтан кирет. Хадиси шарифтерде айтылган: «Жарс (коңгуроо, шыңгырак) бар бөлмөгө  рахмат периштелери кирбейт.» (Насаи)

«Коңгуроо – шайтандын мизмары.» (Муслим)

(Мизмар – ар түрдүү чертилчү аспап. (Мунжид))

Бир зарылдык болмоюн көңүл ачуу үчүн коңгуроо тагылган жаныбарга минүү макрух. Коңгуроо бар кербенге рахмат периштелери келбейт. (Таргиб-ус-салат)

Шейх-ул-ислам Ахмед ибни Кемал мырза хазреттери мындай деген: «Мизмарларды сындыруу үчүн жиберилдим»деген хадиси шарифтин мааниси «Ар түрдүү чертилчү аспаптарды тыюу салуу үчүн буйрук кылындым» болуп саналат. (Кырк хадис)

Аллаху таала шайтанга: «Сенин азанчың - мирмар», - деп буюрду. Азанчы азан окуп адамдарды ибадатка чакырат. Шайтандын азанчысы болсо адамдарды күнөө кылууга чакырат. Бул дагы мизмардын түрлөрү болуп саналат. (Таберани)

Хадиси шарифте мындай делди:

«Конок дасторкондо отурганда периштелер үй ээсине дуа кылышат.» (Табарени)

«Сирка (уксус) жеген адамдарга эки периште тамак бүткөнгө чейин дуа кылат.» (И.Асакир)

«Периштелер соорго тургандарга дуа кылат.» (И.Ахмед)
Эгер дасторкондо ичкилик же периштелердин кирүүсүнө кедерги болгон бир нерсе бар болсо ал киши периштелер кыла турчу бул дуадан куру калат. Себеби, периштелер күнөөсүз, дуалары кабыл болот.

Дагы хадиси шарифтердей айтылган:

«Мага салават айткан адамдын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн периштелер дуа кылат.» (Эй, Балам Илмихалы)

«Аллаху таала зикир кылынган жерлерге периштелер рахмат чачышат.»

«Курани каримди хатим кылганга 60 миң периште дуа кылат.» (Хазинат-ул-асрар, Дайлами)

«Бир адам орунсуз иш кылмайынча намаз окуган жерден кеткенге чейин периштелер: «Йа, Рабби, буга рахмат кыл», - деп дуа кылышат.» (Насаи)

Эгер салават айтылган, зикир кылынган, Куран окулган жана намаз окулган жерде музыкалык аспап же периштелердин кирүүсүнө кедерги болгон башка бир нерсе бар болсо, периштелердин кыла турчу дуаларынан куру калат.

Дагы хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

«Периштелер адамдарга жакшылык үйрөткөн адамдарга дуа кылышат.» (Тирмизи)

«Дин боордошунун бир ишин кылган адамга миңдеген периште дуа кылат.» (Ибни Мажа)

«Жатакка даараттуу жаткан адам үчүн ал түнү бир периште таңга чейин «Йа, Рабби, муну кечир» деп дуба кылат.» (Хаким)

Эгер ал жерлерде же уйку бөлмөсүндө жандуу сүрөт, кумар аспабы же рахмат периштелердин кирүүсүнө кедерги болгон башка бир нерсе бар болсо, периштелер кыла турчу дуадан куру калат.

Өлүм оорусу бар бөлмөдө хайздуу, жунуп, жандуу сүрөт, кумар аспабы, ит, черткич аспап жана рахмат периштелеринин кирүүсүнө кедерги болгон башка бир нерсе болбоосу керек. Момун рухун тапшыра турчу кезде рахмат периштелерин көрүп, жан тапшыруу азабын сезбейт. Ал бөлмөгө рахмат периштелери кирбесе ал адам өлүп жатканда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.

Бир намаз убактысын жунуп абалда өткөрүү чоң күнөө. Мас болуу, кумар ойноо жана аспап чертүү харам. (Барика)

Өзү колдонбосо дагы кандайдыр бир черткич аспапты үйүндө кармоо күнөө болот. (Хадика)

Өзү кылбаса дагы жаман нерселерди үйүндө кармоо жаман, ал эми өзү кылбаса дагы жакшы нерселерди кармоо жакшы болуп саналат. Мисалы, Курани каримди окуганды билбесе дагы берекеленүү үчүн үйүндө кармоо сооп. (Хиндиййа)

Өзү ойнобосо дагы үйүндө оюн картасы, нарда сыяктуу кумар аспаптарын кармабоо керек. Харамдардан, макрухтардан сактансак рахмат периштелери кыла турчу дуалардан пайдаланабыз.

Зыяндын каеринен баш тартча ошонун өзү пайда. Жаш өтүп кетпестен тообо кылуу керек. Хадиси шарифте:

«Киши кырк жашка кирсе дагы күнөөлөрүнө тообо  кылбаса шайтан ал кишинин бетинен сылап, «Бул киши эми оңолбойт» дейт.» (И.Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш