Ислам дини » Дубалар » Ар күн окула турчу дубалар




Ар күн окула турчу дубалар


Суроо: Күнүгө кайсы дубаларды окушубуз керек?

ЖООП

Окула турчу дубалар көп. Хадиси шарифтерде билдирилген дубалардан кээ бирлери мындай:

«Намаздан кийин дуба кылууда «Аллахумма ажирни минаннар ва адхылнил Жанната» деп окубаса периштелер: «Убал буга, Жаханнамдан коргонуусун тилөөдөн алсыз калды», Жаннат болсо: «Убал буга, Жаннатты тилөөдөн алсыз калды», - дейт.» [Табарани]

 «Таңда жана кечте 7 жолу «Аллахумма ажирни минаннар» деп айткан адам Жаханнамдан кутулат». [Абу Давуд] (Бул дубаны жогорудагы менен бирге таңда жана кечте жети жолудан окуу керек.)

«Таңда жана кечте 3 жолу «Бисмиллахиллази ла йадурру маасмихи шайун фил арди вала фиссамаи ва хувассамиулалим» деп окуган адам сыйкырчы жана заалымдан аман болот.» [Ибни Мажа]

«Таңда 3 жолу «Аузу биллахис-самиил алим-и минашшайтанирражим» деп Хашр сүрөсүнүн акыркы үч аятын окуганга 70 периште кечке чейин дуба кылат. Ал күнү өлсө шейит болот. Кеч окуса дагы ошол нерселерге жетет.» [Тирмизи]

«Багымдат намазынан кийин 11 Ихлас окуганга Жаннатта бир сарай берилет.» [Хараити]

«Үч нерсе өзүндө болгон адам Жаннатка тилеген эшигинен кирет: Кул акысын өтөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамды кечирип өлгөн адам.» [Барика]

«Багымдат намазынан кийин он жолу «Ла илаха иллаллаху вахдаху ла-шарикалах лахул-мулку ва лахул-хамду йухйи ва йумит ва хува ала кулли шайин кадир» деп окуган кечке чейин ар түрдүү зыяндан коргонот, эч бир күнөө ага зыян бербейт.» [Насаи] («Күнөө зыян бербейт» деген сөз күнөө кылбайт же кылган күнөөгө тообо кылат, ал күнөө ага зыян бербеген болот дегенди билдирет.)

«[Жогорудагы таспихти] Шам намазынан кийин окуган адам таңга чейин шайтандан коргонот. Он соопко жетет, он күнөөсү кечирилет жана он кул азат кылгандай сооп берилет.» [Тирмизи]

«Ар күнү багымдат намазынан кийин үч жолу «Субханаллах-ил азим ва би хамдихи» деген адам сокурлук, жуззам жана шал дарттарынан коргонот.» [И.Ахмед]

«Субханаллахи ва би-хамдихи субханаллахил-азим» таспихин таңда жана кеч жүз жолу окугандын күнөөлөрү кечирилет, дарттардан кутулат жана дагы күнөө кылуудан коргонот. (Ислам Ахлагы)

«Ширктен коргонуу үчүн «Аллахумма инни аузу бика мин ан-ушрика бика шай-ан ва ана аламу ва астагфирука ли-ма ла аламу иннака анта алламулгуйуб» деп окугула!» [И.Ахмед]

 «Таңда жана кечте 7 жолу «Хасбияллаху ла илаха иллаа ху, алейхи таваккалту ва хува Раббул-аршил-азим» деп окугандын дүнүйө жана акырет ишине Аллах жетет.» [Байхаки]

 «Аллахумма ма асбаха би мин ниматин ав би ахадин мин халкыка, фа минка вахдака ла шарика лака, фалакал хамду ва лакашшукр» дубасын күндүз окуган адамга ошол күндүн, кеч окуган адамга ал түндүн шүгүрүн өтөгөн болот.» [М.Раббани 3/17] [Кеч «асбаха» ордуна «амса» делет.]

«Кимде ким таңда-кечте жүз жолу «Субханаллахи ва бихамдихи» десе ал күнү жана ал кеч эч ким анчалык сооп таба албайт.» [Дайлами]

«Үйдөн чыгып баратканда «Бисмиллахи, таваккалту алаллахи, ла хавла ва ла куввата илла биллах» деп окуган адам коркунучтардан коргонот жана шайтан андан алыстайт.» [Тирмизи]

«Ла хавла... окуу токсон тогус дартка дабаа. Булардын эң жеңили кыйынчылыктан кутулуу.» [Абу Нуайм] [Имам Раббани хазреттери дин жана дүнүйө зыяндарынан кутулуу үчүн ар күнү 500 жолу «Ла хавла вала куввата илла биллах» окучу. Окууну баштарда жана окуганда жүз жолудан Салават айтчу. (Тафсир-и Мазхари)]

«Ар күнү жүз жолу салават айткан адам мунафыктыктан жана Жаханнам отунан алыстайт жана кыяматта шейиттер менен бирге болот.» [Табарани]

«Күндө 25 жолу «Аллахумма барикли фил мавт ва фи ма бадал-мавт» деп окуган адам шейит болуп өлөт.» [Радд-ул Мухтар]

«Түнү Аманаррасулуну окуганга ал бардык нерсе үчүн жетиштүү. Бул эки аятты куптандан кийин окуганга түндү ибадат менен өткөргөндөй сооп берилет.» [Шира]

«Жатарда Мүлк [Табарака] сүрөсүн окубастан жатпа! Себеби, өлсөң кабырда сага жолдош болот.» [Эй, балам Илмихалы]

«Табараканы окубастан жатпа! Кабыр азабын кетирет. Ар түнү Табарака окуган, Кадыр түнүн ибадат менен өткөргөндөй соопко жетет.» [Эй, балам Илмихалы]

«Мүлк сүрөсү окуган адамга кечирилгенге чейин шапаат кылат.» [И.Ахмед]

«Түнү Ясин шариф окууну уланткан адам шейит болуп өлөт.» [Табарани]

«Жума түнү Ясин сүрөсүн окугандын күнөөлөрү кечирилет.» [Исфахани]

Ар түнү жатаарда жүз жолу «Субханаллахи валхамду лиллаахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар» деп окуган адам өзүн эсепке тартып күнөөлөрүн кечирткен болот.

«Таңда жана кечте Ихлас жана Муаввизатайнды үч жолудан оку! Бүткүл балээ, апаат, кыйынчылык жана кааланбаган жаман нерселерди кетирет.» [Тирмизи]

«Үйгө кирип баратканда Ихлас сүрөсүн окуган адам жокчулук көрбөйт.» [Т. Куртубу]

«Үйдөн чыгып баратканда Аят-ал курси окуганга периштелер үйүнө келгенге чейин дуба кылышат.» [Эй, балам илмихалы]

«Ла хавла ва ла куввата илла биллах окуу 99 дартка дабаа. Булардын эң жеңили – кыйынчылыктан кутулуу.» [Абу Нуайм] [Имам Раббани хазреттери дин жана дүнүйө зыяндарынан кутулуу үчүн ар күнү 500 жолу «Ла хавла вала куввата илла биллах» окучу. Окуу баштаарда жана окуганда жүз жолудан салават айтчу.] (Тафсир-и Мазхари)

«Кыйынчылыкта турган жана карызы бар адам миң жолу «Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азим» десе Аллаху таала ишин жеңилдетет.» [Шира] (Муну күнүгө жүз жолу окуган адам болсо кедейликке түшпөйт. Колундагы нематтары да уланат.)

«Истигфарды уланткан адам ар кыйынчылыктан кутулат, күтпөгөн жерден ырыскы табат.» [Ибни Мажа] (Истигфар катары «Астагфируллах ал-азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййум ва атубу илайх» дубасын окуусу керек.)

Таңда жана кечте окулуусу керек болгон истигфар: «Аллахумма анта рабби ла илаха илла анта халактани ва ана абдука ва ана ала ахдика ва вадика мастатату аузу бика мин шарри ма санату абуу лака би-ниматика алаййа ва абуу би занби фагфирли зунубу фаиннаху ла йагфируззунуба илла анта. Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназзалимин.»[Муну таңда окуган адам кечке чейин, кеч окуган адам таңга чейин өлсө шейит болот.]

«Күндө жүз жолу «Ла илаха иллаллах» деп окуган адамдын Кыяматта жүзү толгон айдай жаркырайт.» [Табарани]

«Бир жерге келген адам «Аузу бикалиматиллахиттаммати мин шарри ма халака» дубасын окуса ал жерден турганга чейин ага эч бир нерсе зыян бере албайт.» [Муслим]

Таңда жана кечте үч жолу«Аузу биллахис-самиил алими минашшайтанирражим» деп Хашр сүрөсүнүн акыркы үч аятын окуган адамга жетимиш периште дуба кылат, өлсө шейит болот.

Күфүргө түшкөн адамдын бүткүл ибадаттары жок болот. Ошондуктан, күфүргө түшүрчү сөз жана иштерди жакшы үйрөнүү керек! Ширкке түшүүдөн сактануу үчүн таңда жана кечте: «Аллахумма инни аузу бика мин ан ушрика бика шайан ва ана аламу ва астагфирука лима ла аламу иннака анта алламулгуйуб» дубасын окуу керек!

Күнүгө жүз жолу «Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммедин ва ала али сеййидина Мухаммед» деп окуган адам Жаханнамдан кутулат жана шейиттер менен бирге болот.

Динде бекем жана акыркы демде ыйман менен өлүү үчүн мына бул дубаны дайыма окуу керек: «Аллахумма йа мукаллибал кулуб саббит калби ала диник»

«Йа хаййу йа каййум йа зал жалал-и вал икрам. Аллахумма инни асалука ан тухйийа калби би нури марифатика абадан йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах жалла жалалух» дубасын намаздан кийин, дуба кылганда окуган адам ыйман менен рухун тапшырат. (Эй, балам Илмихалы)

Таңда окула турчу дубалар түн жартысынан кийин да окулса болот. Кечки дубалар болсо бешим убагынан тарта окулса болот. Түнү окууну унутулган дубалар эгер бешимге чейин окулса убагында окулгандай сооп алынат. Бир хадиси шариф:

«Ар түнү окуган дуба жана зикирди кечиктирип окубастан жаткан адам эртеси күнү бешимге чейин окуса дал ошол соопко жетет.» [Муслим]

Жатаарда окула турчу дубалар

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери мындай деп буюрган:

«Жатагыңа даараттуу болуп, Аузу Бисмиллах окуп кир! Оң капталың менен кыбылага калап жат! Оң алаканыңды оң бетиңе төшө! Ауху Бисмиллах менен бир Аятал курси оку! Кийин Бисмиллах менен үч Ихлас, бир Фатиха, бир жолудан Фалак жана Нас сүрөлөрүн оку! Кийин үч жолу «Астагфируллахал’азим аллази ла илаха илла ху» деп оку! Үчүнчүсүнө «ал-хаййал-каййума ва атубу илайх» деп кош! Кийин он жолу «Таваккалту алаллах ва ла хавла ва ла куввата илла биллах» оку! Онунчусуна «хил алиййил азим аллази ла илаха илла ху» деп кош! Кийин «Аллахуммагфир ли ва ли валидаййа ва лил-муминина вал-муминат», бир жолу «Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммед», бир жолу «Аллахумма Раббана атина фиддунйа хасанатан ва фил ахырати хасанатан ва кына азабаннар би-рахматика йа Архамаррахимин», - үч, он, кырк же жетимиш жолу «Астагфируллахал’азим»жана бир калима-и тавхид, тагыраагы, «Ла илаха иллаллах Мухаммедун расулуллах» оку!» (Ислам Ахлагы)

Хадиси шарифте мындай делген:

«Жатакка киргенде 3 жолу «Астагфируллах ал-азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх» деп окуган адамдын күнөөлөрү деңиз көбүгүнчөлүк көп болсо да кечирилет.» [Тирмизи]

«Жатаарда Фатиха жана Ихласты окуган адам өлүмдөн башка ар жамандыктан аман болот.» [Баззар]

«Жатаарда Фатиха жана Ихласты окуган адам ширктен бери болот.» [Тирмизи]

 

Таңкы жана кечки дубалар

Суроо: Таңда жана кечте окула турчу дубалар эң эрте кайсы убакытта окулат?

ЖООП

Таңда окула турчу дубалар түн жарымынан кийин окулса болот. Кечки дубалар болсо бешим убактысынан тарта окулса болот. Түнү окулуусу унутулган дубалар эгер бешимге чейин окулса маалында окулгандай сооп алынат. Бир хадиси шариф:

«Ар түнү окуган дуба жана зикирди кечиктирип окубастан жаткан адам эртеси күнү бешимге чейин окуса дал ошол соопко жетет.» [Муслим]

 

Таспих жана дуба окуп жатканда

Суроо: Ар күн белгилүү санда окуган таспих жана дубаларым бар. Мисалы, ар күн 100 салават шарифа жана артынан 500 ла хавла, кийин 100 салават шарифа окуймун. Буларды эч тынымсыз, арада эч сүйлөшпөстөн окуу керекпи?

ЖООП

Жок, тыным алуунун же бир зарылчылык болгондо арасында сүйлөөнүн зыяны жок.

 

Баалуу бир таспих

Суроо: Ар күнү окула турчу пазилеттүү бир таспихти билдиресизби?

ЖООП

Мактубаттын биринчи томунун 307 жана 308 мактубдарында билдирилген «Субханаллахи ва би-хамдихи субханаллахил-азим» таспихин таңда жана кечте жүз жолу окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет, дарттардан кутулат жана дагы күнөө кылуудан корголот. (Ислам Ахлагы)

 

Кеч дубасы

Суроо: С.Абадиййада Жума жана мубарек түндөр үчүн «Баалуу түн – алдыңкы күнү бешим намазы убактысынан ошол түндүн таңына чейин болгон убакыт» делүүдө. Кеч окулуусу керек болгон дубаларды бешимден кийин окуса түнү окуган болуп эсептелебизби?

ЖООП

Ооба, түнү окуган болуп эсептелебиз. Кеч дубасы бешим убактысынан, таң дубасы болсо түн жарымынан тарта башталат. (С.Абадиййа)

Суроо: Ар күн ниматтардын шүгүрүн орундоо үчүн таңда-кечте окула турчу бир дуба барбы, болсо ал кайсы дуба?

ЖООП

Ар күн жана ар түнү жүз жолу «Субханаллахи ва би-хамдихи субханаллахил'азим» деш керек. Өтө сооптуу. Ар таңда бир жолу «Аллахумма ма асбаха би мин ниматин ав би-ахадин мин халкыка, фа минка вахдака, ла шарика лака, фа лакал хамду ва ла-кашшукр»деп окуу керек жана ар кечте Ма асбаха дегендин ордуна Ма амсадеп, калганынын бардыгын окшош окуйт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп буюрду:

«Бул дубаны күндүз окуган адам ошол күндүн шүгүрүн кылган болот. Түнү окуган адам ал түндүн шүгүрүн өтөгөн болот.» Даарат менен окуу шарт эмес. Ар күнү жана ар түнү окуу керек.

 

Таңда жана кечте окула турчулар

Суроо: Ар күн таңда жана кечте окула турчу белгилүү сүрө жана дубалар барбы?

ЖООП

Бул тууралуу Сулайман бин Жаза хазреттери Аййухал-валад китебинде мындай деп буюрган:

«Ушул сүрөлөрдү кеч, таңда үч жолудан Бисмиллах менен оку жана жубайыңа, балдарыңа да окут!

1- Ихлас сүрөсү. 2- Муаввизатайн, тагыраагы Кул аузубираббил фалак менен Кул аузу бираббиннаси. 3- Фатиха сүрөс. Бул төрт сүрөнү кеч жана таңда үч жолудан окуган адам малын, жанын, бала-бакырасын бардык балээлерден коргогон болот. Булардан башка Кафирун сүрөсүн кеч, таңда окуган адам өзүн ширктен коргогон болот. Кеч жана таңда ушул дубаны окуган адам сыйкыр жана заалымдардын жамандыгынан, балээлерден аман болот. Дуба мындай: Бисмиллахиррахманиррахим, бисмиллахиллази ла йадурру ма'асмихи шай'ун фил арды вала фиссамаи ва хувассамиул'алим

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп буюрду:

«Аллаху тааланын үч ысымы бар, тилде жеңил, таразада болсо өтө оор. «Субханаллахи вал хамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар вала хавла вала куввата иллабиллахил алиййил азим». Мунун ар бир сөзүнө жүз сооп берилет.»

Жатаар маалда жана жатактан турганда жана ар намазда, дубадан жана салаваттан кийин истигфарлардын эң чоңу болгон мына бул дубаны оку, күнөөлөр кечирилет: «Астагфируллахал азим ал карим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх.»

 

Ар күнү эмнелерди окуса болот?

Суроо: Бир мусулман ыйманын коргой алуусу үчүн эмнелерди баарынан мурда үйрөнүүсү кылуусу керек жана ар күн эмнелерди окуусу керек?

ЖООП

Бул тууралуу Мунтахабат Аз Мактубат-и Масумиййа китебинде мындай делүүдө:

«Хак таала адамдарды ээн баш кылып жаратпады. Буйруктарды жана тыюуларды берди. Напсине баш ийип, буйруктарга баш ийбесе Аллаху тааланын ачуусуна себеп болот. Акылы бар адам фани, өткүнчү лаззаттарга алданып, түбөлүк болгон лаззатты качырбайт. Алгач Ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирет. Кийин парздарды орундап, харамдардан тыюуларга баш ийет. Парздардын эң маанилүүсү – намаз, ал диндин тиреги жана момунду капырдан айырмалайт. Хадиси шарифтерде: «Ар күнү беш убак намаз окуган адамга Жаннат эшиктери ачылат, Аллаху таала менен арасында пардалар алынат» жана «Беш убакыт намазды уланткан адам сырат көпүрөсүнөн чагылгандай өтөт жана сабык делген олуя менен хашр болот», - деп айтылган.»

Зекетти кимдерге берүү буйрук кылынса ошолорго берүү керек. Рамазан орозосун кубануу менен кармап, шарттары колго тийгенде Каабага барып ажылык кылуусу керек. Хадиси шарифте: «Хаж жана умра кедейликти жана күнөөлөрдү жок кылат», - делген. Ислам имаратынын беш тирегинен биринчиси – калима-и тавхид айтуу, тагыраагы, Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах деп айтуу. Калима-и тавхидди көп окуу керек. Дүнүйө жокчулук ааламы. Барлык акыретте болот. Напсиге табынууну токтотуу керек.

Дүнүйө ырахаттык мекени эмес. Ибадат үчүн эмгектенүү керек. Дүнүйөдө кыйынчылык тартуу акыретте ырахаттыкка жетүүгө себеп болот. Убакыттарды пикир жана зикир менен кооздоо керек. Көңүлдүн тынчтыыгы үчүн көп калима-и тавхид айткыла! Миң менен беш миң арасында болуусу керек. Ар намаздан кийин жана жатаарда Аят-ал курси, истигфар, Ихлас жана Кул аузу сүрөлөрүн жана ар таңда-кечте жүз жолу Субханаллах ва би-хамдихи жана он жолу Ла хавла окугула! Ар таңда Аллахумма ма асбаха би мин ниматин ав би-ахадин мин халкыка, фа минка вахдака, ла шарика лака, фа лакал хамду ва ла-кашшукр деп окуу керек жана ар кечте Ма асбахадегендин ордуна Ма амса деп окуу керек. Ар күн Астагфируллах ал'азим аллази ла илаха илла хуваррахмануррахим ал хаййул каййум аллази ла йамуту ва атубу илайх Раббигфир ли дубасын окуу керек. Хадиси шарифте мындай делген:«Бул истигфарды ар күн жыйырма беш жолу окуган адамдын үйүнө, шаарына эч зыян келбейт». Тилекке жетүү үчүн беш жүз жолу «Ла хавла ва ла куввата илла биллах» деп окуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш