Ислам дини » Дубалар » Түнкү жана күндүзгү дубалар кайсы убакытка чейин




Түнкү жана күндүзгү дубалар кайсы убакытка чейин


Суроо: Таңда жана кечте, түнү жана күндүз же мубарек күн жана түндөрдө окулуусу керек болгон дубалар качан башталат, качанкыга чейин окууга болот? Мубарек күн жана түндөр качан башталат жана качан бүтөт?

ЖООП

Түн менен күндүз бир күн деп аталат. Күндүз имсак убактысында башталат, шам болгондо бүтөт. Түн болсо шамда башталат, имсак убактысында бүтөт. Мубарек түрдөр, мисалы, Жума түнү Бейшемби түштөн тарта башталып имсак убактысына чейин уланат. Арафа жана Курман айт майрамы күндөрүнөн сырткары мубарек күндөрдүн бардыгы бир күн мурдагы бешим убактысынан башталат, эртеси күнкү шамга чейин уланат. Таң дубасы түн жартысында окула баштайт. Шам дубасы болсо завалда, башкача айтканда, бешим убактысында башталат. Шамда же түнү окуй албаган таспих жана дубалар эртеси күнү окулса болот. Бир хадиси шарифте: «Ар качан окуган дуба же таспихти калтырып, окубастан жаткан адам багымдат намазынан бешимге чейинки убакыт ичинде окуса түнү окугандай соопко жетет», - деп буюрулууда. (Муслим)

Күн, күндүз жана түн

Суроо: Динибизге карата күндүз жана түн качан башталып бүтөт?

ЖООП

Күндүз имсак убактысында башталат, шам убактысында бүтөт. Шамдан имсак убактысына чейин болгон убакыт түн деп аталат. Күндүз менен түндүн кошундусу болсо күн деп аталат.

Тахажжудду окуй албаган

Суроо: Өтө чарчагандыгым үчүн Тахажжудга тура албадым, ар күн окуган Табарака сүрөсүн, Аманаррасулуну окуй албадым. Буларды толуктаса болобу?

ЖООП

Болот. Түнү тура албаган кезде Тахажжуд бешимге чейин окулса, Табарака сүрөсү жана Аманаррасулу бешимге чейин окулса булар түнү оркундалгандай сооп болот. Бир хадиси шарифте: «Бир адам ар түнү окуган дуба жана зикирлерди калтырып окубастан жатса, эртеси күнү бешимге чейин окуса убактысында окугандай соопко жетет», - делген. [Муслим]

Тахажжуд бешимге чейин окулбаса да окуу ниети менен жаткандыгы үчүн окулгандай соопко жетет. Бир хадиси шариф: «Тахажжуд окуу адаты болуп, бирок, уктап калганга Аллаху таала окугандай сооп берет. Уйкусу болсо өзү үчүн бир садака болот.»[Насаи]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш