Ислам дини » Дубалар » Хатим дубасы




Хатим дубасы


Суроо: Курани каримди хатим кылдым. Үйдө окуум үчүн өрнөк бир хатим дубасын билдире аласызбы?

ЖООП

Хатимден кийин окулуусу шарт болгон белгилүү бир дуба жок. Ар ким муктаждыгына карай дуба кылат. Дайыма бир дубаны окуй берүү ылайык эмес. Эмне тилегенин эс акылы менен билүүсү керек. Эмне тилеп жатканын билбестен дуба кылуу ылайык болбойт. Белгилүү нерселерди жаттап, ыр окуп жаткан сыяктуу дуба кылуу макрух. Дуба ойгоо көңүл менен, үнсүз кылынуусу керек!

Мисалы, минтип дуба кылууга болот:

Йа, Рабби, ыраазылыгың үчүн окуган Курани каримден пайда болгон сый жана сообун алгач сүйүктүү жана кадырлуу Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын азиз, мубарек жана муаззаз ыйык рухтарына,

Жана бардык Пайгамбарлардын (алейхиссалату вассалам) азиз, мубарек жана муаззаз ыйык рухтарына,

Жана бардык Асхабы кирамдын, Ахли байти набавинин жана азваж-ы тахираттын, өзгөчө Хазрети Абу Бакр Сыддыктын, Хазрети Омар-ул Фаруктун, Хазрети Осман Зиннурейндин, Хазрети Али-йул Муртазанын жана Ашара-и мубашшаранын, Асхабы Бадирдин жана Асхабы Ухуддун жана Биат-ы Рыдвандын жана Хазрети Айша-и Сыддыка энебиздин жана Хазрети Хадижа-тул кубра энебиздин жана Хазрети Фатыма-туз Захра энебиздин, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мубарек энеси Хазрети Амина жана мубарек атасы Хазрети Абдуллахтын жана Хазрети Хасан жана Хазрети Хусейндин азиз, мубарек жана муаззаз ыйык рухтарына,

Табиин жана таба-и табиин, бүткүл мужахиддердин жана бардык муфассирлердин жана бардык аалымдардын, салихтердин, олуялардын, турук-и алиййанын, софиййа-и алиййанын жана силсиле-и алиййанын, өзгөчө Имам азам Абу Ханифанын, Сеййид Абдулкадир Гейланинин, Имам Мухаммед Газалинин жана Абу Бакр Сыддыктын жана Шах Накшибанд Бахааддин Бухари, Убайдуллах Ахрар, Имам Ахмед Раббани, Мухаммед Масум Фаруки, Мазхар Жан-ы Жанан, Сеййид Абдуллах Дехлеви, Мавлана Халид Багдади, Сеййид Таха Хаккари, Сеййид Фехим Арваси, Сеййид Абдулхаким Арваси жана Хусейин Хилми бин Саид Мырзанын азиз жана мубарек рухтарына өзүнчө өзүнчө хадия кылдым, васыл кыл йа Рабби!

Дагы пайда болгон сыйлык жана сообун Имам Малик, Имам Шафии, Имам Ахмед бин Ханбал, Имам Абу Юсуф, Имам Мухаммед Шейбани, Имам Зуфер, Абу Мансур Матуриди, Абул Хасан Ашари, Ахмед Рыфаи, Сеййидет Нафиса, Абдулваххаб Шарани, Халид бин Зейд Аба Аййуб Ал Ансари, Мурад-ы Мунзави, Мехмед Эмин Токади, Абдулфаттах Акри Багдади, Азиз Махмуд Худайи жана бүткүл Османлы Султандарынын жана Түрк Султандарынын жана Салахаддин Аййуби жана Тимур Хандын азиз жана мубарек ыйык рухтарына өзүнчө өзүнчө хадия кылдым, васыл кыл йа Рабби!

Эне, ата жана бир туугандарыбыздын, кайната, кайнене жана бүткүл ата-бабаларыбыздын, энелерибиздин, эже, тайеже, ага, таеке жана башка туугандарыбыздан болуп акыретке көчкөндөрдүн жана башка бардык ыймандуулардын рухтарына жана Ахли сүннөткө кызмат кылгандардын бүткүл өткөндөрүнүн рухтарына хадия кылдым васыл кыл йа Рабби! Амин!

Йа Рабби, күнөөлөрүбүздү кечир, кемчиликтерибизди багышта, дубаларыбызды сүйгөн кулдарыңдын урматына кабыл кыл!

Йа, Рабби, акыр жана акыбетибизди кайырлуу кыла көр! Соңку демибизде келиме-и таухид айтуубузду насип кыла көр! Өлгөндөрүбүздү кечире көр!

Йа, Рабби, бизди шайтан жана душмандын жамандыгынан жана напсибиздин жамандыгынан койгой көр! Үйүбүзгө жакшылыктарды, кайырлуу жана берекелүү ырыскы ихсан кыла көр! Мусулмандарга саламаттык ихсан кыла көр! Дин душмандарын каарың менен жазалай көр! Капырлар менен күрөшүп жаткан мусулмандарга илахи жардамың менен жардам бере көр!

Йа, Рабби, ооругандарыбызга шыпаа, дарттууларыбызга дабаа ихсан кыла көр!

Риядан, араздашуудан, ыймансыздыктан, ар түркүн оорудан, балээ-кырсыктан, жалкоолуктан, алсыздыктан, кордуктан, зулумдук көрүүдөн, кутурткан байлык жана кедейликтен, шайтан жана напсинин жамандыгынан, душмандын кол салуусунан, жаман мүнөздөн, бидат иш кылуудан, адашуучулуктан, ихлассыз амалдан, түрдүү күнөөдөн, күфүргө кирүүдөн, эрзел-и өмүрдөн, өлүп жатканда келе турчу фитналардан, динибизге, дүнүйөбүзгө зыян бере турчу нерселерден бизди корго!

Чыныгы ыйман, көркөм ахлак, шүгүр кылуучу көңүл, зикир кылуучу тил, каза менен тагдырга ыраазылык көрсөткөн кайырлуу бир өмүр, аз жеп, аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет азабынан кутулууну, өмүр бою ыраазылыгыңа шайкеш бир ыйман жана тообо насип кыла көр!

Йа, Рабби, өз сүйүүңдү, сүйгөндөрүңдүн сүйүүсүн, сүйүүңө жеткире турчу амалдарга болгон сүйүүнү насип кыл! Илимибизди, ыкласыбызды, зээнибизди арттыр, мураттардан, ыкластуулардан болуубузду насип кыл, жоомарт жана исар ээси болгон пенделериңен кыл.

Эне-атабызга, балдарыбызга жана тууган-туушкандарыбызга бардык дин бир бир туугандарыбызга кайырлуу өмүр, жакшы адеп-ахлак, тунук акыл, чың ден-соолук, хидаят, туура багыт бер Йа, Рабби! Амин.

Валхамдулиллахи раббилаламин. Аллахумма салли ала..., Аллахумма барик ала..., Аллахумма Раббана атина... 

Субхана Раббика Раббилиззати амма йасыфун ва саламун алалмурсалин валхамду-лиллахи Раббилаламин.

Суроо: Өлүү үчүн ар кайсы адам үнсүз түрдө түрдүү жүздөрдү окуп Курани каримди хатим кылуулары жана ар биринин окуганынын сообун өлүүнүн рухуна жиберүүлөрү же бирөөнүн башка баарынын ордуна хадия кылуусу, башкача айтканда, хатим дубасын кылуусу, окугандардын болсо амин деп айтуулары жаизби?

ЖООП

Жаиз жана өтө пайдалуу болот.

Хатим дубасын кылуу

Суроо: Жамаат менен хатим дубасын кылуу макрухпу?

ЖООП

Жок, макрух эмес. Макрух болгон нерсе – дуба кылына тургандыгын жарыялоо. Болбосо хатим дубасы кылынып жатканда кошулуу өтө сооптуу.

Курани карим хатим кылынган жерге рахмат жаайт. Хатим окулуп жатканда жыйналуу жана хатимден кийин дуба кылуу мустахаб. Ибни Аббас хазреттери хатим окулган жерде өз кишисин болтуруп, хатим бүтө турчу кезде өзү да кошулчу. Хазинат-ул-асрар китебиндеги хадиси шарифте: "Хатим дубасы кылынган жерде болгон адам олжо таратылып жатканда катышкан адам сыяктуу, хатим башталган жерде болгон адам жихад кылган адам сыяктуу. Экөөндө болгон адам эки соопко жетет жана шайтанды кор кылат”, - деп буюрулган. (Китаб-ут-тибйан)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш