Ислам дини » Дубалар » Аялдар хайздуу (өзгөчө) күндөрүндө




Аялдар хайздуу (өзгөчө) күндөрүндө


Суроо: Хайз (өзгөчө) күндөрдө эмнелерди окуп, эмнелерди окуй албайбыз? Тагыраагы, бул күндөрүбүздө тыйылган жана тыйылбаган нерселер эмнелер?

ЖООП

Хайз жана нифастууга тыйылган нерселер:

1- Намаз окуй албайт.

2- Орозо кармай албайт.

3- Куран окуй албайт.

4- Мусхафка кол сүрө албайт.

5- Мечитке кире албайт.

6- Каабаны таваф кыла албайт.

7- Жима кыла албайт.

Хайздууга уруксат болгон нерселер:

Тыйылган нерселерден сырткаркы бардык нерсени кыла алат. Мисалы, буларды кыла алат: Хайздуу аял Бисмиллах, салаваты шарифа, калимаи таухид, истигфар жана бардык дубаларды окуй алат, таспих тартат, зикир кылат. Фатиха, Раббани атина, Раббанагфирли жана башка дуба аяттарын дуба ниети менен жатка окуй алат. Хайздуу кезинде кабыр зыяратына бара алат, дуба ниети менен ал жерде Фатиха окуйт. Ар намаз убактысында даарат алып, ошол намазды окуй турганчалык убакыт отуруп зикир кылып, таспих тартса эң жакшы окуган намаздын сообун табат.

Суроо: Дааратсыз кезде дуба, салават айтууга болобу?

ЖООП

Дааратсыз дуба окуу, истигфар кылуу, салават айтуунун зыяны жок. Бош кезде да дубарды окуу өтө жакшы болот. Даараттуу болсо андан да көп сооп болот. Дааратсыз болсо да, атүгүл, (хайздуу) үзүрлүү кезде да зыяны болбойт.

Эскертүү: Кеңири маалымат алуу үчүн Хайз жана Нифасбөлүмүн караңыз.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш