Ислам дини » Дубалар » Кимдердин дубасы макбул




Кимдердин дубасы макбул


Суроо: Кайсы кишилердин дубалары макбул (б.а., дубасы кабыл болгон кишилер кимдер)?

ЖООП

Ажылардын, мужахиддердин, дарттуулардын, оорулуудардын, карыптардын, зулум көрүп жаткандардын, жолчулардын, эне-атанын, балээ келүүдөн мурда дуба кылгандын, көп зикир кылгандын, мусулмандыкта чачтарын агарткандын, орозолуунун, салих аалымдын жана адилеттүү башкаруучунун дубалары кабыл болот.

Хадиси шарифтерде мындай делүүдө:

«Ушул төрт дуба кайтарылбайт: Дин боордошу жок кезде анын артынан кылынган дуба. Сакайганга чейин оорулуунун, кайтканга чейин ажылыкка жана жихадга кеткендин дубасы.» [Дайлами]

«Дарттуунун дубасын олжо деп билгиле.» [Абушшейх]

«Орозолуунун дубасы кайтарылбайт.» [Тирмизи]

«Ушул үч кишинин акысын мунафвк киши гана төмөн көрөт: Ислам жолунда чачын агарткан, илим ээси жана адилеттүү башкаруучу.»[Хатиб]

«Ушул үч кишинин дубасы кайтарылбайт: Көп зикир кылгандын, мазлум жана адилеттүү башкаруучу.» [Байхаки]

«Ушул үч кишинин дубасы кабыл болот: Эне-ата, жолчу жана зулумдук көргөн.» [Ибни Мажа, Абу Давуд, Тирмизи]

«Кыйынчылыкта дубасынын кабыл кылынуусун каалаган адам ырахат кезинде көп дуба кылсын!» [Тирмизи]

«Дубанын кабыл болуусу үчүн эки нерсе керек: Дуба ихлас менен кылынуусу керек. Жегени жана кийгени адалдан болуусу керек. Бөлмөсүндө харамдан бир жиптик бар болгондун ал бөлмөдө кылган дубасы кабыл болбойт.»[Таргибус-салат]

«Дуба кылгандын же күнөөсү кечирилет же дароо кайырлуу жообун көрөт же акыретте сыйлыгын табат.» [Дайлами]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш