Ислам дини » Дубалар » Жолго чыгарда окула турчу дубалар




Жолго чыгарда окула турчу дубалар


Сапарга чыга турчу киши эки рекет намаз окуусу  керек жана садака берүүсү керек. Каза намазы бар  болсо казасын окуусу керек. Анткени, каза намазы  бар адамдын нафил окуусу акылсыздык болот.  Хазрети Захид Абул Хасан Газви: «Сапарга чыгарда  «Курайш сүрөсүн окуган адам бүткүл жамандыктардан амандык ичинде болот», - деп  билдирген. (Шира)  

Хадиси шарифте мындай делген:  

«Үйүнөн чыгарда эки рекет намаз окуган  адам сырттан келчү ар түрдүү балээлерден  коргонот. Үйүнө келгенде эки рекет намаз окуган  адам ичтеги жамандыктардан коргонгон болот.»  (Байхаки) 

«Үйүнөн чыгарда Аятал курси окуган адамга  жетимиш периште ал киши үйүнө кайтып  келгенге чейин дуба жана истигфар айтышат.»  (Аййухал валад илмихалы)  

«Кимде ким сапарга чыгарда 11 жолу Ихлас  сүрөсүн окуса Аллаху таала сапардан кайтканга  чейин анын үйүн коргойт.» (И. Нажжар)  

«Үйдөн чыгарда "Бисмиллəхи, таваккалту  алеллах, Ла хавла ва ла куввата илла биллах”  деген адам коркунучтардан коргонот, шайтан  андан алыстайт.» (Тирмизи)  

«Кемеге мингенде Бисмиллах менен Худ  сүрөсүнүн кырк биринчи аятын окуган адам  сууга чөгүүдөн амандыкта болот.» (Табарани)  

Худ сүрөсүнүн кыр биринчи аяты Курани  каримде 225-чи беттин ортосунда «Бисмиллахи  мажраха...» деп башталган аяти карима.

Бул аятты (автобус, поезд, учак сыяктуу) бардык  транспорт түрүнө мингенде окуган адам кырсыктан,  жамандыктан коргонот. Дагы бир хадиси шарифте  кемеге мингенде Зумар сүрөсүнүн 67-аятын окуган  адамдын сууга чөгүүдөн коргоно тургандыгы билдирилген. (Куртуби) Зумар сүрөсүнүн 67-аяты  Курани каримде 464-бетте "ва ма кадару...” деп  башталган аят. Сапарга чыгаарда карыздарын төлөө  керек, кул акысы калбашы үчүн адамдар менен  адалдашуусу, дубаларын алуусу керек. Хадиси  шарифте мындай деп билдирилген: "Силердин ичиңерден бирөөңөр жолго чыккысы келгенде  достору менен коштошуп, дубаларын алсын!  Анткени Аллаху таала алардын (досторунун)  дубасында ал адам үчүн береке жаратат.”  (Хараити) 

Өзгөчө алыс жолго чыга тургандардын "истихара” намазын окуулары жакшы болот. Конокко  кур кол барбаган жакшы. Ата-бабаларыбыз бир  жерге бош кол менен барууну, буудайсыз тегирменге  барууга окшотушкан. Белек аз да болсо бир баркы  болот. Азгантай, арзыбаган бир нерсе болсо да "Аз  да болсо, көптөй көр” дегендей бир нерсе алып  баруу керек. 

Сапардан кайтаарда өз үйүбүзгө да бош кол менен  келбешибиз керек. Хадиси шарифтерде мындай деп  айтылган: 

"Сапардан кайтканда бала-чакаңарга пайдалуу  бир таш да болсо, белек алып келгиле!” (Ибн Асакир) 

Хадиси шарифтерде айтылат: 

"Бири-бириңерге белек бергиле, анткени араңардагы сүйүүнү көбөйтөт.” (Байхаки)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш