Ислам дини » Дубалар » Дуба кылуунун шарттары




Дуба кылуунун шарттары


Ибн Жазеринин «Хысн-уль Хасин» дуба  китебинде мындай деп жазылат: «Силердин кылган  дубаларыңардын кабыл болушу үчүн биринчиден  туура жолдо жүрүп, арамдардан сактанып, чыныгы  динине моюн сунган момун болуш керек». Андан соң  төмөндөгү шарттарды сакташ керек 

1. Дуба кылуунун алдында сооптуу иш кылуу. 

2. Таза болуу. 

3. Даараттуу болуу. 

4. Кыбыла тарапты карап отуруу. 

5. Алгач Аллаху таалага шүгүр кылып, Расулуллахка  (саллаллаху алейхи ва саллам) салават келтирүү. 

6. Дуба көккө карата кылынгандыктан ийинге чейин  алакандарды көтөрүү. 

7. Дуба кылып жатканда асманга карабаш керек. 

8. Булчуңдар бош болуш керек. Жүрөктөн коркуу  менен баш төмөн ийилип, Аллаху таалага дуба  окулат. 

9. Дубаны акырын, угулбай тургандай айтуу керек. 

10. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам)  кылган дубаларды окуу. 

11. Дубада Расулуллахты (саллаллаху алейхи ва  саллам) же башка чыныгы момун адамды эскерүү. 

12. Өз дубасын татаал адабий сөздөр менен  кыйындатып жибербөө. 

13. Дубаны чын ыклас менен жүрөктөн берилүү менен  кылып, жан дүйнөсүн калган бардык ойлордон  тазалоо. 

14. Алгач өзү үчүн, андан соң ата-эне, акырында  бардык момундар үчүн дуба кылуу. 

15. Дубаны жок дегенде үч жолу кайталоо. 

16. Динге туура келбеген нерселерди сурап дуба  кылбоо.  

17. Дубанын аягында салават айтып, алакандар  менен жүзүн сүртүү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш