Ислам дини » Дубалар » Дубаны таштабоо керек




Дубаны таштабоо керек


Дуба мусулмандын куралы. Дайым дуба кылып жүрүү керек. Өтө көп дубалар бар. Эң пайдалуу болгондору ыйык хадистер аркылуу билдирилген. "Мына бул дубаны  окуган адам кедейликтен кутулат” деген сөз, ал дуба кабыл  болгон жагдайда ага бир жумуштун эшиги ачылат же  күтпөгөн жерден ырыскыга жетет деген сөз. Оорудан айыгуу  үчүн дуба кылганда да шыпаага себеп боло турган дарыга  же башка бир себептерге жетип, айыгып кетет. Шыпааны  жана ырыскыны бере турган – Аллаху таала. Эмгектенүү – себепке жармашуу деген сөз. Себепке жармашуу - сүннөт.  Муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн себептерге жармашуу керек! Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган: 

"Өмүрүм узун болсун, ырыскым мол болсун дегендер  тууган-уруктарын зыярат кылсын!” 

"Таңкы уйку ырыскыларга кедерги болот”. 

"Муктаждыктарын адамдарга айта бергендер  муктаждыктан кутула албайт. Ал эми Аллаху таалага  айткандар кутулат”. 

"Аллахтан коркууну өзүнө негиз кылып алган адам  ырыскыларга соода-сатыксыз жана акчасыз жетет. Курани  каримде: "Ким Аллахтан корксо, Аллах ага чыгууга бир жол  көрсөтөт жана ырыскысын ойлобогон жерден жиберет”, -  деп айтылган”. 

"Ырыскыга жеткен адам көп шүгүр кылсын! Ырыскысы азайса, истигфар айтсын!” (Шүгүр – "Алхамдулиллах”, истигфар – "Астагфируллах” деген сөз. Истигфар кылуу дегенибиз  күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп боло т урган  жакшылыктарды кылуу дегенди билдирет.) 

"Үйгө кирерде Ихлас сүрөсүн окуган адам кедейлик  көрбөйт”. 

"Кыйынчылыкка учураган же карызга баткан адам миң  ирет "Ла хавла вала куввата илла биллахил алиййил азыйм” десе Аллаху таала мүшкүлүн жеңилдетет”. 

"Күндө жүз жолу "Ла хавла вала куввата илла биллах” деген адам кедейлик көрбөйт”. 

Дубалардын кабыл болушу үчүн Ахли сүннөт (сүннү) ишениминде болуп, Аллаху тааланын буйруктарын  орундап, тыюуларынан узак болуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш