Ислам дини » Дубалар » Эң баалуу тасбих




Эң баалуу тасбих


Эң баалуу тасбих – намаздан кийин окула  турган Субханаллах, Алхамдулиллах жана  Аллаху акбар. Бул тасбихтерден кийин эң  баалуу тасбих жана зикир – "Ла илаха иллаллах” деп айтуу. 

Хадиси шарифтерде мындай делген: «Эң  жогорку тасбих – Субханаллахи  валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху  валлаху акбар.» (Муслим) 

«Ла илаха иллаллах деп айтуу 99 балээни  кайтарат, эң төмөнү кыйынчылык.» (И.Асакир) 

«Тамжид "Ла хавла вала куввата илла  биллах” 99 дартка даба. Алардын эң жеңили  кыйынчылык.» (Хаким) 

«Зикирде "Ла илаха иллаллах" келимесинен абзалы (жакшыраак) жок.» (Табарани) 

«Аллаху тааланын даргейинде такбири,  тахмиди, тасбихи жана тахлили себеби менен  мусулман болуп картайган момундан жакшыраак башка эч ким жок.» (И.Ахмед)  

(Такбир – Аллаху акбар, 

Тахмид – Алхамдулиллах, 

Тасбих – Субханаллах, 

Тахлил – Ла илаха иллаллах, 

Тамжид – Ла хавла вала куввата илла  биллах.)

Курани каримде Бакият-ус-салихат (туруктуу  кылынган жакшы амалдар) сөзү өткөн. Расулуллах айтты: «Бакият-ус-салихатты көп айткыла. Алар: тасбих, тахлил, тахмид,  такбир жана тамжид.» (Табарани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш