Ислам дини » Дубалар » Шайтандардын үйгө кирбеши үчүн




Шайтандардын үйгө кирбеши үчүн


Суроо: Шайтандардын үйгө кирбеши үчүн эмне окуу керек?

ЖООП: Үйгө кирип жатканда Аятал курси окулса шайтан ал үйгө кире албайт. Мындан тышкары, үйдө Курани карим окулса, шайтандар ал үйдөн алыстап кетишет.  Ибни Масуд хазреттери айтат:

"Бакара сүрөсү башынан 5 аят окулган түнү үйгө шайтан кире албайт.” [Дарими]

Хадиси шарифтерде да айтылат:

"Үйгө кирип жатканда Бисмиллах айтылса шайтан "Бул үйгө кирүүмө мүмкүнчүлүк жок” деп кайтып кетет.” [Тибян]

"Үйдөн чыгып жатканда "Бисмиллахи, таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата иллах биллах” деген адам коркунучтардан коргонот жана шайтан андан алыстайт.” [Тирмизи]

"Аузу бикалиматиллахиттаммати мин шарри ма халака дубасын окуган адамга ошол жерден туруп кеткенге чейин эч нерсе зыянын тийгизе албайт.” [Муслим]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш