Ислам дини » Дубалар » Калима-и таухиддин пазилети




Калима-и таухиддин пазилети


Суроо: Калима-и таухидди кантип түшүнүүгө тийишпиз жана калима-и таухиддин пазилети эмне?

ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери Мектубат китебинде төмөңкүдөй билдирет:

"Алгач батыл (жалган) жана бузуку кудайларды жок кылуу, андан кийин чыныгы кудайды билүү керек. Кандай экендиги билинген жана өлчөөгө боло турган нерселердин баары жок кылынышы керек, кандай экендиги билинбеген жалгыз бир Аллахка ишенүү керек. Ушул жок деп билүүнү жана ыйман келтирүүнү эң жакшы түшүндүргөн сөз – "Ла илаха иллаллах” керемет сөзү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эң  баалуу зикир – Ла илааха иллаллах деп айтуу”, - деп буюрду. Бир хадиси шарифте: "Жети кабат асмандардын жана алардагы нерселердин, жети кабат жердин баары Ла илаха иллаллах сөзү менен өлчөнсө, бул сөздүн сообу көбүрөөк болот”, - деп айтылды. Кантип көбүрөөк болбосун! Анткени, бул сөздүн бир бөлүгү Аллаху тааладан башка бардык нерсени, жерлерди, асмандарды, Аршты, Курсини, Лавхты, Калемди, бүт ааламды жана адемди дайыма жок кылууда, башка бөлүгү болсо жерлердин, асмандардын жалгыз жаратуучусу, хак болгон Кудайдын бар экенин билдирүүдө.

Аллаху тааладан башка бардык нерсе афакта, адамдын сыртында болобу, анфуста, адамдын ичинде болобу, бардыгы түшүнүү жана өлчөө мүмкүн болгон нерселер. Афак жана анфус күзгүлөрүндө көрүнгөн бүт нерсе дагы ушундай. Баары жок деп билинүүгө тийиш. Биз билген, үйрөнгөн, оюбузга, акылыбызга келген сезүү органдарыбызга таасир эткен нерселердин баары тең ушундай. Алардын баары макулук (жаратылган). Анткени, адам билген, сезген бардык нерселер - өзүнүн иши, жасаган нерсеси. Биздин Аллаху тааланы танзих кылуубуз, эч нерсеге окшошпойт дегенибиз окшоштуруу болот. Биз түшүнгөн улуулук – кичинелик. Тасаввуфчуларда болгон кешфтер, тажаллилер дайыма - Аллаху тааладан башка нерселер. Аллаху таала Вара-ул-вара. Булардын эч бирине окшош эмес.

Ибрахим алейхиссалам капырларга: "Эмне үчүн өзүңөр жасап алган буттарга сыйынып жатасыңар? Силерди жана кылган иштериңерди Аллаху таала жаратты!” – деди. Муну Курани карим кабарлоодо. Колубуз менен жасаган болобу же акылыбыз жана кыялыбыз менен пайда кылган болобу, жасаган нерселерибиздин бардыгы - Аллаху тааланын макулуктары (жараткандары). Алардын эч бири сыйынууга арзыбайт. Жалгыз Аллаху таала гана сыйынылууга акылуу. Ал биз билген, ойлоп тапкан нерселердин эч бирине окшошпойт жана кандай экендигин түшүнүү мүмкүн эмес. Ага гайб жолу менен (кайыптан) ишенүүдөн башка арга жок.”

Суроо: Мусулман болгон бир адамдын эң алгач Ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах келимесинин маанисин билүүсү жана ишенүүсү парзбы?

ЖООП: Ооба, парз. Бул келиме – Калима-и таухид деп аталат. Кыскача мааниси "Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед алейхиссалам болсо Анын Расулу” дегендик.

Мусулман адам ар мүмкүнчүлүктө айткан Калима-и таухиддин пазилеттери көп. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Зикирдин (Аллахты эстөөнүн) эң пазилеттүүсү – Ла илаха иллаллах деп айтуу.” [Несаи]

"Ла илаха иллаллах деп айтуу 99 балээ-кырсыктын алдын алат. Мунун эң төмөнү – кыйынчылык.” [Дайлеми]

"Мен жана башка пайгамбарлар айткан эң үстөм нерсе – Ла илаха иллаллах сөзү.” [Тирмизи]

"Ла илаха иллаллах деп айткан адамдын күнөөлөрү өчөт, ордуна ошончо сооп жазылат.” [А. Йаъла]

"Ла илаха иллаллах Бейиштин ачкычы.” [И. Ахмед]

"Эгер ла илаха иллаллах деген адам сөзүнө бек болсо, анын бардык күнөөлөрү кечирилет.” [И. Газали]

"Өлүм учурундагы адамдарга Ла илаха иллаллах деп айтууну телкин кылгыла, аларды Бейиш менен да сүйүнчүлөгүлө. Шайтан адамга эң жакын болгон учур ушул убакыт.” [Абу Нуайм]

"Катуу оорулуу адамды Ла илааха иллаллах деп айтууга кыйнабагыла, жөн гана телкин кылгыла.” [Даре Кутни]

"Акыркы сөзү Ла илааха иллаллах болгон адамдын руху оңой чыгат жана ал сөз ага Кыяматта нур болот.” [Хаким]

"Акыретти дүнүйөнүн ордуна тандалганда, Ла илааха иллаллах сөзү Аллахтын каарынан сактайт. Акыреттин ордуна дүнүйөлүк пайданы тандаган адам Ла илааха иллаллах дегенде, Аллаху таала: "Калп айтып жатасың, сөзүңө бек эмессиң”, - деп буюрат.” [Байхаки]

"Ла илааха иллаллах деген адамды кылган күнөөлөрүнөн улам капыр дебегиле! Ким аны капыр десе, анын өзү капыр болот.” [Бухари]

"Күнүнө жүз жолу Ла илааха иллаллах деп айткан адамдын жүзү кыямат күнү толгон айдай жаркырап турат.” [Таберани]

[Жүзүнчүсүн айтып жатканда "Мухаммаддун расулуллах” деп кошо айтуу жакшы болот. Тажвид боюнча окулганда "Мухаммадур-расулуллах” деп айтылат.]

"Чын ыкылас менен Ла илааха иллаллах деген адам Бейишке кирет. Ыклас менен айтуу – айткан адамды арамдардан тыюусу.” [Таберани]

Ыклас – бул жүрөктө Аллахтын сүйүүсүнөн башка нерсеге орун калтырбоо жана башка нерселерди тазалоо дегендик.

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Аллаху тааланын бирдигине ыйман келтирип, ширк кошпостон жана ыклас менен намазын окуп, зекетин берген адамдан Аллах ыраазы болот.” [Ибни Маже]

"Ыклас менен амал кылгыла! Аллаху таала ыклас менен кылынган амалды гана кабыл алат.” [Даре Кутни]

"Ибадаттарды ыклас менен кыл! Ыклас менен кылынган аз амал кыяматта сага жетиштүү болот.” [Абу Нуайм]

"Ибадаттарын ыклас менен кылгандарга сүйүнчүлөр болсун! Алар - хидаят жылдыздары. Фитналардын караңгылыктарын жок кылышат.” [Абу Нуайм]

"Кырк күн ыкылас менен ибадат кылган адамдын жүрөгүнөн тилине хикмет (даанышмандык) булагы агат.” [Абушшейх]

Суроо: Хатм-и тахлил деген эмне?

ЖООП: Калима-и таухид же тахлил – Ла илаха иллаллах деп айтуу. 70 миң калима-и тахлил окуу хатм-и тахлил деп аталат.

Мазхари Жани Жанан хазреттери бир кабырдын жанында турган эле. "Бул мазарда Жаханнам оту бар. Хадиси шарифте: "Өзү үчүн же башка бир мусулман үчүн 70 миң калима-и таухид окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылууда. Рухуна Хатм-и тахлил сообун багыштайм. Кудай кааласа кечирилет”, - деди. Хатм-и тахлилдин сообун багыштаган соң: "Кудайга шүгүр, бул күнөөкөр аял Калима-и тахлилдин жардамы менен азаптан кутулду”, - деди. (Макамат-и Мазхариййа)

70 миң Калима-и таухидди бир адам же бир нече адам окуй алат. (Манажих-ул-ибад)

Хатм-и тахлилдин тирүүлөргө да пайдасы көп. (Мекатиби шарифа)

Суроо: Калима-и тахлил бир мүнөттө баланча жолу окулат деп, болжол менен окулса болобу?

ЖООП: Жок, антип окулганды эсепке кошпоо керек.

Суроо: Калима-и тахлил 99 же 100 деп адашып кеткен адам 99 деп кабыл алса жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Белгилүү санда калима-и тахлил айткандан кийин санын билбестен андан да көбүрөөк айтуу да жаизби?

ЖООП: Албетте, абдан жакшы болот.

Суроо: Калима-и тахлил окуп жатканда адашып кетип, кайрадан баштоо жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Намаз окуп жатканда, жатарда, дуба же калима-и таухид окуп жатканда оозубуз жабык абалда жүрөктөн үнсүз окуу орундуубу?

ЖООП: Кыраат ооз менен окуу дегенди билдирет. Өз кулагы уккудай үн чыгарып окуу жеңил (акырын) окуу деп аталат. Жанындагы адамдар да уккудай үн чыгарып окуу үнүн бийик чыгарып окуу деп аталат. Жеңил үн менен окуганды бир-эки адамдын угуусу макрух эмес. Үн чыгарып окуу көп адамдардын угуусу дегенди билдирет. (Беззазия)

Өзү уга тургандай үн чыгарып окулбаган намаз сахих болбойт. Дуба кылып жатканда да өзү уга тургандай үн  менен окуу, айтуу керек.

Калима-и тахлилди да ибадаттын сообу пайда болушу үчүн тили менен өзү уга тургандай үн менен айтуу керек. Хатм-и тахлилди окугандар да жок дегенде өздөрү уга тургандай үн чыгарып окууга тийиш. Эгер калима-и тахлил ибадат катары эмес, жүрөктү (көңүлдү) тазартуу үчүн окулуп жаткан болсо, анда тил кыймылдабайт. (Радд-ул Мухтар)

Хатм-и тахлил

Суроо: Хатм-и тахлилдин, тагыраагы, 70 миң калима-и таухиддин кайтыш болгондорго гана пайдасы барбы?

ЖООП: Хатм-и тахлилдин өлгөн же тирүү баарына пайдасы бар. (Мекатиб-и шариф)

Теспе тартып жатканда

Суроо: Мен бир нече жолу тажырыйба кылып көрдүм, жарым саатта, бир саатта тарта алган калима-и таухиддерди тактап көрдүм. Мисалы, мен 10 мүнөттө 500 калима-и таухид тарта алуудамын. Мен мүнөтүнө орто эсеп менен 50 жолу тарткан болуудамын. Эгер 40 мүнөт теспе тартсам, 2000 жолу теспе тарткан болуп эсептелем. Мындай болжол менен теспе тартуунун зыяны жокпу?

ЖООП: Намаздан кийин тартылган 33 теспе сыяктуу, саны билдирилгендерде атайылап азыраак же көбүрөөк окулбайт. Эсепке алуу үчүн тартылган теспелерде мындай божомол менен тартылган теспелер эсепке алынбайт. Эсепке алынбаган зикирлерде болжолдоп, атүгүл, эч санабастан, болжолдоп дагы отурбастан теспе тартуунун зыяны жок.

Калима-и таухиддин пазилети

Суроо: Калима-и таухид менен калима-и шахадатты окуунун пазилети эмне?

ЖООП: Буларды окуунун пазилети көп. Хадиси шарифтерде төмөнкүдөй айтылат:

"Чын жүрөктөн Ла илааха иллаллах деген адамды Аллах отко арам кылган.” [Бухари, Муслим]

"Бир момун Ашхаду ан ла илаха иллаллах дегенде, Аллаху таала: "Эй, периштелерим, пендем менден башка Кудай жок экенин билди. Күбө болгула, мен ал пендемди кечирдим”, - деп айтат.” [И.Асакир]

"Субханаллах деген адам Аллахты зикир кылган болот. Аллах аны да эстейт. Алхамдулиллах десе, Аллахка шүгүр кылган болот. Аллах да ихсанын көбөйтөт. Ла илааха иллаллах десе, ал ушунадай бир калима-и таухид болуп, ким бул сөздү шек келтирбестен, текебердик жана зулумдук кылбастан айтса, Аллах аны оттон сактайт.” [Хаким]

"Бейиштин бедели – Ла илааха иллаллах. Нематтын бедели – Алхамдулиллах.” [Дайлами]

"Жүрөктөн чын ыклас менен Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху деп айткан адам Бейишке кирет жана Тозок оту ага тийбейт.” [Таберани]

"Чын ыклас менен Ла илааха иллаллах деген адамга Бейиш важиб болот.” [И. Нажжар]

"Ла илааха иллаллах деп айтуу 99 дартка даба. Булардын эң төмөнү - кыйынчылык.” [Дайлеми]

"Лаа илааха иллаллах деп айткан, жүрөгүндө кымындай болсо да ыйманы бар адам оттон чыгат.” [Бухари, Муслим]

"Ла илааха иллаллах калима-и таухидин көп айтып, ыйманыңарды жаңырткыла!” [Ахмед]

"Аллах төрт сөздү башка сөздөрдөн артык кылды: Субханаллах, Алхамдулиллах, Ла илааха иллаллах жана Аллаху акбар. Ким Субханаллах же Аллаху Акбар же Ла илааха иллаллах десе, ага он сооп жазылат жана он күнөөсү өчүрүлөт. Бир нематка жооп катары болбосо да, Алхамдулиллах десе, отуз сооп жазылат, отуз күнөөсү өчүрүлөт.” [Ахмед]

Бир гана Ла илаха илаллах же Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп айтуу менен Бейишке кирилбей тургандыгы, маанилүү шарттарынын бар экендиги сайтыбызда түшүндүрүлүүдө.

Суроо: Калима-и таухид айтып жатканда, жүздө бир жолу "Мухаммаддун Расулуллах” деп айтуу керекпи? Электрондук теспе менен айтканда унутуп калуудабыз, зыяны жокпу?

ЖООП: Анда-санда "Мухаммаддун Расулуллах” деп айтуу керек, бирок, муну сөзсүз жүзүнчүдө айтуу керек эмес. Эске келгенде айтылат. Унутуп калганда зыяны жок.

Калима-и тамжид жана Калима-и таухид окуп жатканда

Суроо: Имам Раббани хазреттеринин хатм-и хажеганы окулуп жатканда 500 жолу "Ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айтуу керек делүүдө. Эмне үчүн калганы, тагыраагы, "Алиййил азим” бөлүгү да айтылбоодо? Эгер айтылса зыяны жокпу? Дагы калима-и таухидди окуп жатканда "Мухаммадун Расулуллах” деп айтуу дагы керекпи?

ЖООП: "Алиййил азим” бөлүгү да айтылса зыяны жок. Бирок, китептерде эмне делген болсо, ошондой кылуу керек.  

Калима-и таухид, тагыраагы, "Ла илааха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп айтуу да ушундай. 70 миң айтылуусу хатм-и тахлил деп аталат. Муну айтып жатканда дагы бир гана "Ла илаха иллаллах” деп айтуу, жүзүнчүдө же ар окууну токтоткондо "Мухаммадун Расулуллах” сөзүн да айтуу жаиз болгондой эле, эң аягында бир жолу айтуу да жаиз болот. Эгер аны айтуунун кереги жок деп эсептелсе, Кудай сактасын, бул Расулуллахтын пайгамбардыгын кабыл кылбоо сыяктуу маанини билдирип калышы мүмкүн.

Имам Раббани хазреттери айтат:

Эгер бул ыйык "Ла илаха илаллах” сөзүнүн берекелерин, пайдаларын бардык макулуктарга Кыяматка чейин бөлүшсө, бардыгын тойгуза турганын көрүүдөмүн. Айрыкча, бул ыйык жана керемет сөзгө "Мухаммаддун Расулуллах” сөзү да кошулуп, таблиг менен таухид берметтей катар тизилсе, олуялыктын жана пайгамбардыктын бардык артыкчылыктары, бийиктиктери чогулган болот. Бул экөө бакыт жолуна ээ кылат. (2/37)   

Атайылап "Мухаммадун Расулуллах” деп айтуудан качкандарга көңүл бурбоо керек.

Телевизор көрүп жатканда зикир кылуу

Суроо: "Аспапта ойноп, көңүл ачып, ойноп жатып ибадат кылуу жаиз эмес” хадиси шарифине ылайык, телевизор көрүп жатканда зикир чалуу күфүр болобу? Жаңылыктарды угуп, даректүү тасмаларды көрүп жатканда зикир чалуу жаиз эмеспи?

ЖООП: Аспап ойнолуп жатканда музыканын коштоосунда зикир чалуу жаиз эмес. Бирок, магазинде, базарда, жумуш ордунда биздин каалообуздун сыртында музыка ойнолуп жаткан болсо, ошол жерде зикир чалуу жаиз, ал тургай абдан сооптуу. Кээ бирөөлөр гафлет (кайдыгерлик) менен музыка угуп жатканда, биздин Аллахты зикир кылуубуз чоң немат болот. Бир хадиси шарифте: "Гафилдер арасында Аллаху тааланы эстеген адам куураган бадалдардын арасындагы жашыл дарак сыяктуу”, - деп айтылууда. Жаңылыктарды, сукбаттарды угуп, даректүү тасмаларды көрүп жатып да зикир чалуунун зыяны жок. Бирок, бир эле учурда эки ишти ар ким кыла албайт, эки иштин бирине көңүл коштук кылынышы мүмкүн. С.Абадиййада: "Маанисин ойлоп бир аят окуу башка нерсени ойлоп Куранды толук окуудан да сооптуу”, - деп айтылууда. Колу жумушта, көзү оюнда болгондун жумушу жемиштүү болбойт. Бирок, толук жемиштүү болбой жатат деп, андан толугу менен баш тартуу да туура эмес. "Бир нерсенин баары колго тийбесе, баарынан тең баш тартылбайт” сөзүнө ылайык, канчалык кыла ала турган болсок, аны пайда деп билип, зикирден толук кайдыгер болбошубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш