Ислам дини » Дубалар » Жума күнү жана түнү эмне окуу керек




Жума күнү жана түнү эмне окуу керек


Суроо: Жума күнү жана түнү эмнелерди окуса жакшы болот?

ЖООП: Хадиси шарифте айтылат:

"Жума түнү Кахф сүрөсүн окуган адам Кыяматта жерден асманга чейин бир нур менен жаркырайт. Эки Жуманын арасында кылган күнөөлөрү да кечирилет.” [Тергиб]

"Жума күнү 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дара Кутни]

"Жума күнү же түнү Духан сүрөсүн окуган адамга Бейиште бир ак сарай ихсан кылынат.” [Таберани]

"Жума түнү Ясин сүрөсүн окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]

"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Таберани]

"Жума күнү багымдат намазынан мурун "Астагфируллах аллази ла илаха илла хувал каййума ва атувбу илайх” окуган адамдын деңиздин көбүгүндөй болсо да күнөөлөрү кечирилет.” [Ибни Сунни]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана муаввизетейн окуган адамды Аллаху таала бир жума балээ-кырсыктан, жаман иштерден сактайт.” [И. Сунни] 

Жума таңында Үч жолу истигфар окуу 

Суроо: С. Абадиййа китебиндеги хадиси шарифте: "Жума күнү багымдат намазынан мурда үч жолу "Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла хувал хаййалкаййума ва атубу илайх” окуган адамдын өзүнүн, эне-атасынын бардык күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылат. Бул истигфар дубасы күндө багымдат намазынан мурун же ар намаздан мурун окулса да, ошол эле сооп алынабы?

ЖООП: Жок, алынбайт. Бул истигфарды окуу көп сооп. Качан гана болбосун, аны окуган адам көп сооп алат, күнөөлөрү кечирилет, дарт жана кыйынчылыктардан да кутулат. Бирок, бул жерде өзгөчө абал билдирилген болуп, эне-атасынын да күнөөлөрү кечирилет деп айтылууда. Эгерде ар бир намаздын алдында ушундай сооп алынганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам "Жума күнү багымдат намазынан мурун” дебей, "Ар намаздан мурун” деп айтмак. Кабарланган сооп жалгыз Жума күнү багымдат намазынын алдында окугандар үчүн гана.

Ушундай шартсыз айтылган нерселерде бир канча шарт изделет. Бир канчасы төмөндөгүдөй:

1- Мусулман болуу. Мусулман эмес адам окуса да сооп ала албайт.

2- Намаз окубаган адам багымдат намазынан мурун окуса сооп ала албайт.

3- Эгер намаз окуса, бирок, Ахли сүннөт итикадында болбосо, дагы сооп ала албайт.

4- Кул акылары менен казага калган парздарды төлөө жана арамдарды таштоо шарт. (С. Абадиййа)

Күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн арамдарды таштоо шарт. Кул акылары менен казага калган парздарды өтөө парз. Парзды орундамайынча ал маселедеги нафил ибадаттар кабыл болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш