Ислам дини » Дубалар » Күнүмдүк дубалар




Күнүмдүк дубалар


Хадиси шарифтерде мындай делген: "Кимде-ким эртең менен жана кечинде 3 жолу "Бисмиллахиллази ла йадурру маасмихи шайун фил арды вала фиссамаи ва хувас-самиул-алим” десе ага эч нерсе зыян тийгизе албайт.”

"Багымдат намазынан кийин он жолу "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла-шарикалах лахул-мулку ва лахул-хамду йухйи ва йумит ва хува ала кулли шайин кадир деп окуган кечке чейин ар түрдүү зыяндан коргонот, эч бир күнөө ага зыян бербейт. [Насаи] (Күнөө зыян бербейт деген сөз күнөө кылбайт же кылган күнөөгө тообо кылат, ал күнөө ага зыян бербеген болот дегенди билдирет.)

 "Шам намазынан кийин (жогорудагы тасбихти) окуган адам таңга чейин шайтандан коргонот. Он соопко жетет, он күнөөсү кечирилет жана он кул азат кылгандай сооп берилет. (Тирмизи)

"Бир жерге келген адам "Аузу бикалиматиллахиттаммати мин шарри ма халака деп окуса ал жерден кеткенге чейин ага эч бир нерсе зыян бере албайт. [Муслим]

"Кимде-ким таңда 3 жолу "Аузу биллахис-самиил алим-и минашшайтанирражим деп Хашр сүрөсүнүн акыркы үч аятын окуса, Аллах ага 70000 периштени өкүл кылат, алар  кечке чейин ага дуба кылат.

"Кимде-ким эртең менен жана кечинде 7 жолу "Хасбияллаху ла илаха иллаа ху, алейхи таваккалту ва хува Раббул-аршил-азим” деп окуса, Аллах анын дүнүйө жана акырет иштерине жардам берет.

Дарттан кутулуу, максатка жетүү, диний жана дүнүйөлүк зыяндардан кутулуу үчүн 500 жолу "ла хавла вала куввата илла биллах” жана башы менен аягында 100 жолудан салават окуп, дуба кылуу керек. Күндө 100 жолу окуган адам эч качан кедейлик көрбөйт. Бул Бейиштин казыналарынан бир казына. "Кыйынчылыкка кабылган же карыз болгон адам миң жолу "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыйм” десе Аллаху таала анын ишин жеңилдетет.” (Шира)

"Күндө мага 100 жолу салават айткан адам мунафыктык менен Тозок отунан алыстайт жана Кыямат күнү шейиттер менен бирге болот.”

Ар түн сайын Аманаррасулуну окуган адам түндөрүн ибадат менен өткөргөндөй соопко жетет.

"Жума намазынан кийин 7 жолу Ихлас жана Муаввизатайн (Фалак менен Нас) сүрөлөрүн окуган адамды Аллаху таала бир жума балээ-кырсыктардан жана жамандыктардан сактайт.” (Таргиб-уссалат)

*Төшөккө киргенде үч жолу "Астагфируллах-ал-азыйм аллахи ла илаха илла хувал хаййул каййум ва атубу илайх” деп окуган адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо дагы кечирилет.” Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери: "Жатагыңа даараттуу болуп, Аузу Бисмиллах окуп, оң капталың менен кыбыланы карап жат! Оң алаканыңды оң бетиңе төшө! Аузу Бисмиллах менен бир Аят-ал-курси оку! Кийин Бисмиллах менен үч Ихлас, бир Фатиха, бир жолудан Фалак жана Нас сүрөлөрүн оку! Кийин үч жолу истигфар дубасын, тагыраагы, "Астагфируллах-ал-азим аллази ла илаха илла ху” деп оку! Үчүнчүсүнө "ал-хаййал-каййума ва атубу илайх” деп кошуп оку! Кийин "Аллахуммагфир ли ва ли валидаййа ва лил-муминина вал-муминат”, бир жолу "Аллахумма салли ала саййидина Мухаммед”, бир жолу "Аллахумма Раббана атина фиддунйа хасанатан ва фил ахирати хасанатан ва кина азабаннар би рахматика йа Архамаррахимин”, үч, он, кырк же жетимиш жолу истигфар, тагыраагы, "Астагфируллахал-азим...”, жана бир жолу калима-и таухид, тагыраагы, "Ла илаха иллаллах, Мухаммадан расулуллах” деп оку! Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Расулуллах Сажда сүрөсү менен Мүлк сүрөсүн окубастан уктачу эмес.” "Жатар алдында Фатиха менен Ихлас сүрөлөрүн окуган адам өлүмдөн башка бардык жамандыктардан сактанат.” "Жатар алдында Мүлк (Табарака) сүрөсүн окубастан уктаба! Анткени, кайтыш болсоң кабырда сага жолдош болот.” "Куранда отуз аяттык сүрө бар. Окуган адамга кечирилгенге чейин шапаат кылат. Ал – "Табаракаллази би ядихил мүлк” деп башталчу сүрө.” "Жатарда Аялат Күрсини окуган адамга шайтан жакын жолой албайт.”

*Тамактын алдында Бисмиллахты айтуу, тагыраагы, Бисмиллахиррахманиррахим деп айтуу жана аягында Алхамдулиллах деп айтуу сүннөт. (Хиндиййа)

Ар түн сайын Ясин сүрөсүн окуган адам таңын кечирилген абалда тосуп алат.

Үйдөн чыгарда "Аятул-Күрси”ни окуган адам үйүнө кайтып келгенге чейин балээ-кырсыктардан амандыкта болот. Үйгө кирерде дагы окуса эки "Аятул-Күрси”нин ортосунда иштери жакшы, берекелүү болот. Хадиси шарифтерде мындай делет: "Үйүнөн чыгарда Аятул-Күрсини окуган адамга жетимиш периште үйүнө кайтып келгенге чейин дуба жана истигфар айтат.” "Үйгө кирерде "Ихлас” сүрөсүн окуган адам жокчулук көрбөйт!” (Аййухал валад илмихалы)

"Үйүнөн чыгарда "Бисмиллахи таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деген адам коркунучтардан сактанат, шайтан андан алыстайт.” (Тирмизи)

Үйгө кирерде бир жолу "Ихлас” сүрөсүн жана бир жолу "Аятул-Күрси” окуган адамдын үйүнө шайтан кире албайт. Күн сайын эртең менен "Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн ырыскыларын ададан табууга, эч кимге муктаж болбоого, туура ибадат кылуу үчүн жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн жумушка бара жатам” деп ниет кылуу керек. "Өмүрүм узак, ырыскым мол болсун” деген адам тууган-уруктарынан кабар алсын, аларга камкор болсун.” (И.Ахмед)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуп, мындай деди: "Ушул эки сүрө менен (балэ-кырсыктардан, назардан) коргонгула! Эч ким эч нерсе менен ушул эки сүрө менен коргонгондой коргоно албайт.” (Абу Давуд)

Аятул-Күрси, Фатиха, Фалак, Нас сүрөлөрүн жана Калам сүрөсүнүн соңун окуп жүрүү өтө жакшы болот. (Мадариж)

"Аузу би-калиматиллахиттаммати мин шарри кулли шайтанин ва хамматин ва мин шарри кулли айнин ламматин” дубасын ар күнү таңда жана кечинде үч жолу окуп, өзүнүн үстүнө же алдындагы адамдардын үстүнө үйлөсө, назардан, шайтандын жана жаныбарлардын зыянынан сактайт. Бирөөгө окуп жатканда "Аузу” дегендин ордуна Аузука” деп айтылат. Эки адамга окулуп жатканда "Аузукума”, экиден артык адамга окулуп жатканда "Аузукум” деп айтуу керек. (Мавахиби ладуниййа)

"Жума күнү 80 салават айткан адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” (Дара Кутни)

Түндө жатарда Табарака сүрөсүн окуган адам кабыр азабынан сактанат, Кадыр түнүн ибадат менен өткөргөндөй соопко жетет.

Ар түнү жатарда жүз жолу "Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар” деп окуган адам өзүн эсепке тартып, күнөөлөрүн кечирткен болот.

Табараниде билдирилген "Күндө 25 жолу эркек жана аял момундарга дуба кылган адам өзү үчүн дүнүйөгө ырыскы ихсан кылынгандардан жана дубасы кабыл болгондордон болот” хадиси шарифиндеги сүйүнчүгө жете алуу үчүн төмөндө билдирилген дубаны окуу керек:

"Күндө 25 жолу "Аллахуммагфирли ва ли валидиййа ва ли устазиййа ва лил муминина вал муминат вал муслимина ва муслимат ал ахия-и минхум вал амват бирахматика йа архамаррахимин” деп окуган адам абиддерден (такыбаалардан) болот. Аллаху таала бул адамдын көңүлүнөн кек жана хасадды (көралбастыкты) чыгарып салат. Ага бардык момундардын санынчалык сооп жазылат. Кыяматта бардык момундар: Йа, Раббим! Бул пендең биз үчүн истигфар окуду. Сен да аны кечире көр дешет.” (Мифтахун нажат)

Күндө 25 жолу "Аллахумма барикли фил мавт ва фи ма бадал-мавт дегендер, өлөр алдында 40 жолу "Ла илаха илла анта субханака инни кунту мин-аз-залимин” дегендер, күндө кечинде Ясин сүрөсүн окугандар, күндө эртең менен же кечинде 3 жолу "Аузу биллахиссамиил алими минаш-шайтанирражим” менен "хуваллахуллази”ни окугандар шейит болот.

"Эгер бир адам "Астагфируллахал-азыйм аллази ла илаха илла хуваррахманур-рахим ал-хаййул-каййумуллази ла ямуту ва атубу илайх Раббигфир ли” дубасын 25 жолу окуса, бөлмөсүндө, үй-бүлөсүндө, үйүндө жана шаарында эч кандай оопат, балээ-кырсык болбойт.” Муну күндө эртең менен жана кечинде үч жолудан окуу керек. Көпчүлүк аалымдар шакирттери мени бала-бакырасына ушул дубаны окууну сунуштаган жана көп пайдасын көргөн. (2-том, 80-кат)

"Ли илафи” сүрөсүн окуган адам коркунучтуу жерлерде жана душмандын алдында ишенимдүү болот. Эртең менен жана кечинде жок дегенде 11 жолу окуу керек. (Мектубат 2/69)

"Эртең мененки уйку ырыскыга кедерги болот.” (Байхаки) 

Намаздан кийин окулчу дуба

 Алхамдулиллахи Раббилаламин вассалату вассаламу ала расулина Мухаммадин ва ала алихи ва сахбихи ажмаин.

 Йа, Раббим! Окуган намазымды кабыл кыла көр! Акыретибизди жана акыбетибизди кайырлуу кыла көр! Акыркы демибизде калимаи таухидди айтуубузду насип кыл! Өтүп кеткендерибиздин күнөөлөрүн кечире көр!

Аллахуммагфир вархам ва анта хайруррахимин. Таваффани муслиман ва алхыкни биссалихин. Аллахуммагфир-ли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лилмуминина вал муминат йавма йакумул хисаб.

Йа, Раббим! Бизди шайтандын, душмандын жана нафс-и аммарабыздын жамандыктарынан сактай көр Үйүбүзгө жакшылыктарды, кайырлуу жана берекелүү ырыскыларды ихсан кыл! Мусулмандарга аманчылык бере көр! Дин душмандарын каргышка дуушар кыл! Мусулмандарды илахий жардамың менен куткар!

Аллахумма иннака афуввун каримун тухиббулафва фафу анни.

Йа, Раббим! Оорулууларыбызга шипаа, дарттууларыбызга дабаа бере көрАллахумма инни асалукассыххата вал-афийата вал-аманата ва хусналхулки варрыдае билкадари би-рахматика йаа архамаррахимин.

Риядан, нифактан, шикактан, ар түрдүү оорудан, казадан, балээден, жалкоолуктан, алсыздыктан, кордуктан, зулумдуктан, аздырган байлык жана аздырган кедейликтен, шайтан жана напсимдин жамандыгынан, душмандан, жаман мүнөздөн, бидат кылуудан, адашуудан, ихлассыз амалдан, ар түрдүү күнөөдөн, күфүргө кирүүдөн, жаман өмүрдөн, өлүм учурунда келчү фитналаран, динибизге жана дүнүйөбүзгө зыян бере турчу нерселерден бизди сакта!

Чыныгы ыйман, көркөм мүнөз, шүгүр кылуучу көңүл, зикир кылуучу тил, каза жана тагдырга ыраазылык көрсөтчү кайырлуу өмүр, аз жеп аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана динге көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет коркунучунан кутулууну, өмүр бою ыраазылыгыңа ылайык иштерди кылууну, шейит болуп көз жумууну жана акыркы демде ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман жана тообо кылууну насип кыл!

Йа, Раббим! Өзүңө карата сүйүүнү, сүйгөндөрүңө карата сүйүүнү, Сенин сүйүүңө жеткире турчу амалдарга болгон сүйүүнү мага насип кыл! Илимибизди, ихласыбызды, зээнибизди арттыра көр!  Жоомарт жана мээримдүү пенделериңен болууну насип кыл!

Эне-атабызга, балдарыбызга жана тууган-туушкандарыбызга, досторубузга жана бардык дин боордошторубузга кайырлуу өмүр, көркөм мүнөз, тунук акыл жана чың ден-соолук, туура ыйман жана туура жолу насип кыл! Омин.

 Валхамдулиллахи раббилаламин.

Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала аали Мухаммед. Кама саллайта ала Ибрахим ва ала аали Ибрахим. Иннака хамидуммажид.

Аллахумма барик ала Мухаммадин ва ала аали Мухаммад. Кама баракта ала Ибрахим ва ала аали Ибрахим. Иннака хамидуммажид.

Аллахумма Раббана атина фиддуня хасанатан. Ва фил ахирати хасанатан. Вакина азабаннар.

Валхамдулиллахи Раббилаламин. Астагфируллах, астагфируллах, астагфируллахалазыйм, алкарим аллази ла илаха илла ху, алхаййал-каййума ва атубу илайх. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш