Ислам дини » Дубалар » Дуба аяттары




Дуба аяттары


Суроо: Эгер дуба аяттарынын маанилери менен дуба кылуу жаиз болсо бир канча дуба аятынын маанисин жазсаңыз?

ЖООП: Дуба аяттарынын маанилери менен дагы дуба кылуу жаиз. Бирок, алардын маанилерин толук жана так которуу мүмкүн болбогондуктан, анча жагымдуу болбойт. Дуба аяттарынын кээ бирлеринин маанилери төмөнкүдөй:

Эй, Раббибиз! Бизге дүнүйөдө жана акыретте жакшылык бере көр, бизди Тозок азабынан сактай көр! (Бакара, 201)

Эй, Раббибиз! Бизге сабырдуулук, тайманбастык жана чыдамкайлык бере көр! Капырларга каршы бизге жардам бере көр! (Бакара, 250)

Эй, Раббибиз! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жоопкер кылба, бизден мурункуларга жүктөгөндөй бизге да оор ишти жүктөбө! Эй, Раббибиз, үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө, бизди кечире көр, күнөөбүздү өчүрө көр, бизге ырайым кыла көр, сен биздин Мевлабызсың. Капырларга каршы бизге жардам бере көр! (Бакара, 286)

Эй, Раббибиз! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Бизге өзүңдүн ырайымыңды белек кыла көр! Лутуфу эң мол болгон зат Сенсиң! (Ал-и Имран, 8)

Эй, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик, күнөөлөрүбүздү кечире көр. Бизди Тозок азабынан сактай көр! (Ал-и Имран, 16)

Эй, Раббибиз! Күнөөлөрүбүздү жана иштерибиздеги ташкындыкты кечире көр, кадамдарыбызды [жолуңда] бекем кыла көр, капырларга каршы бизге жеңиш бере көр! (Ал-и Имран, 147)

Эй, Раббибиз! "Раббиңерге ишенгиле” деген чакыруучуну [Пайгамбарды] уктук, дароо ыйман келтирдик. Эми күнөөлөрүбүздү кечире көр, жамандыктарыбызды жаба көр, рухубузду жакшылар менен кошо ал! Эй, Раббибиз, бизге пайгамбарларың аркылуу убада кылгандарыңды да икрам кыла көр жана Кыяматта бизди кор, маскара кылба. Албетте, сен убадаңан кайтпайсың. (Ал-и Имран, 193-194)

Эй, Раббибиз! Бизге көп сабыр бере көр, мусулман абалыбызда жаныбызды ала көр! (Араф, 126)

Эй, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды туруктуу окугандардан кыла көр, дубамды кабыл кыла көр, Кыяматта эсеп күнү келгенде мени, эне-атамды жана момундарды кечире көр! (Ибрахим, 40-41)

Эй, Раббим! Мага даанышмандык бере көр жана мени салихтердин арасына кошо көр! (Шуара, 83)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш