Ислам дини » Дубалар » Дуба окуу менен кедейликтен кутулуу




Дуба окуу менен кедейликтен кутулуу


Суроо: "Баланча дубаны окуган адам кедейликтен кутулат”, - деп айтылат. Дуба окуу менен кедейликтен кантип кутулууга болот?

ЖООП: Динибиз иштеп табууну буюрат. Хазрети Омар: "Иштегиле, тапкыла, иштебей ырыскы күтпөгүлө! Аллаху таала асмандан акча жаадырбайт”, - деди. Хазрети Локман Хаким дагы: "Иштебей, муктаж болгон адамдын дини жана акылы кемчил болот”, - деген.

Ырыскы жөнүндө кабатыр болбоо керек! Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Ар бир жандыктын ырыскысы Аллахка таандык”, - делди. (Худ, 6)

"Шайтан силерди кедейлик менен коркутуп, фахшага тартат [сараңдыкка, ар кандай жамандыкка үндөйт.] [Бакара, 268]

"Жер бетине тарагыла, Аллахтын фазлынан ырыскыңарды издегиле!” [Жума, 10]

Хадиси шарифтерде дагы мындайча айтылат:

"Эң жакшы ырыскы – адал-арамга көңүл буруп, маңдай тери менен табылган ырыскы.” [Насаи]

"Ибадат он бөлүктөн турат, анын тогузу иштеп адал табуу.” [Дайлами]

Эмгектенүү парз

Өз нафакасын табуу жана карызын төлөөгө жетишерлик деңгээлде иштеп табуу парз. Жафар Хулди хазреттери мындай дейт: "Улууларыбыз өздөрү үчүн эмес дин боордошторуна жардам берүү үчүн иштеп табышкан.”

Мусулмандарга жардам берүү, жихад кылуу үчүн көбүрөөк иштеп табуу мустахаб, жакшы. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Адамдардын эң жакшысы – адамдарга пайдалуу болгону.” [Кудаи]

Баланча дубаны окуган адам кедейликтен кутулат деп айтуу – эгер ошол дуба кабыл болуп калса ага бир иш эшиги ачылат же күтпөгөн жерден ырыскыга ээ болот дегендик. Оорусу үчүн дуба кылган адам да шыпаага себеп боло турган дарыга же башка бир себеп менен ден соолукка жетет. Иштөө ырыскыны көбөйтпөйт. Ырыскыны берүүчү – Аллаху таала. Иштөө — себепке жармашуу. Себептерге жармашуу сүннөт. (Ал-Ихтияр)

[Дубалардын кабыл болушу үчүн Ахли сүннөт ишениминде болуу, Аллаху тааланын буйруктарын аткарып, тыюуларынан сактануу керек.]

Муктаждыктан кутулуу жана берекелүү ырыскыга жетүү үчүн себептерге жармашуу керек! Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Өмүрүм узун, ырыскым мол болсун деген адам тууган-уруктарын зыярат кылсын, камкордук кылсын!” [И. Ахмед]

"Таңкы уйку ырыскыга тоскоол.” [Байхаки]

"Аллахтан коркууну байлык кылып алган адам ырыскыга соодасыз жана капиталсыз жетет. Курани каримде: "Ким Аллахтан корксо Аллах ага чыгуунун бир жолун ихсан кылат жана ырыскысын күтпөгөн жеринен жөнөтөт”, - деп айтылган.” [Талак, 2-3, Табарани]

"Үйгө кирип баратканда "Ихлас” сүрөсүн окуган адам кедейлик көрбөйт.” [Т. Куртуби]

"Кыйынчылыкка кабылган же карызга баткан адам миң жолу "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азим” деп айтса Аллаху таала анын ишин жеңилдетет.” [Ширъа]

"Күнүнө жүз жолу "Ла илааха иллаллах, ал-маликул хаккул мубин, Мухаммадун Расулуллах, садикул вадил амин” деп айтса, кедей болбойт, байыйт, кабырда өзүнө жолдош болот, Бейиштин эшигин да ачкан болот.” [Хатиб]

"Ырыскыга жеткен адам көп хамд кылсын! Ырыскысы азайган адам истигфар кылсын!” [Хатиб]

(Хамд – "Алхамдулиллах”, Истигфар – "Астагфируллах” деп айтуу. Истигфар кылуу – күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон жакшы иштерди кылуу.)

"Эне-атага, бала-чакага кароо, эч ким муктаж болбоо үчүн эмгектенүү жихад.” [И. Асакир]

"Муктаждыгын элге билдирген адам муктаждыктан кутула албайт. Аллахка билдирген муктаждыктан кутулат.” [Хаким]

"Аллаху таала өнөрү бар момунду жакшы көрөт.” [Табарани]

"Эмгек кылбай, өзүн садака сурай турган абалга тап кылган адам 70 нерсеге муктаж болот.” [Тирмизи]

"Эч кимге муктаж болбоо жана эне-атасын, бала-чакасын да муктаж кылбоо үчүн ишке барган адамдын ар бир кадамы ибадат.” [Табарани]

"Адалдан оокат кылуу – Аллах жолунда жихад сыяктуу.” [Дайлами]

Балдарынын оокаты үчүн кыйынчылык тарткан бирөөгө Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эмне үчүн истигфар кылбайсың? Мен күнүнө жүз жолу истигфар кылам”, - деди. Хасан Басри хазреттерине жоктук, жакырчылык жана перзентсиздик боюнча арызданышты. Алардын баарына тең истигфар кылууну айтты. Себеби суралганда Нух сүрөсүндөгү төмөнкү маанидеги аяти карималарды окуду:

"Өтө кечиримдүү болгон Раббиңерге истигфар кылгыла. Ошондо асмандан мол жамгыр түшүрсүн, силерге мал-мүлк жана уулдар менен жардам берсин, силер үчүн бакчалар жана дарыялар берсин.” [Нух, 10-12]

Истигфар кылына турган кезде жүз жолу "Астагфируллахалазим аллази ла илааха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх” деп айтуу керек жана маанисин ойлонуу керек! Мааниси мындай: "Өзүнөн башка кудай болбогон хай, каййум жана азим болгон Аллахка истигфар кылам, күнөөлөрүмө өкүнүп, Ага сыйынам.” [Азим – заты жана сыпаттары кемалда (кемчиликсиз). Хай – эзели жана түбөлүктүү бир жашоо менен тирүү. Каййум – заты менен каим болгон, жараткандарынын баарын барлыкта кармап турган деген маанини билдирет.]

Карыздан кутулуу үчүн хадиси шарифте айтылган төмөнкү дубаны окуу керек:

"Аллахумма акфини бихалалика ан харамика ва агнини би фадлика амман сивака.” [Тирмизи]

[Йа, Рабби! Мени адалга ыраазы болгон, арамдан сактануучу пенделериңен кыла көр жана фадлың менен өзүңөн башкага муктаж кылба!] (Мак. Раббани)

Ар кандай чара көрүлгөнүнө карабастан бай боло албаган адам да жагдайына шүгүр кылып, кедейликке сабыр кылуусу керек. Анткени, хадиси шарифте: "Кедейлик дүнүйөдө кемчилик болсо да, акыретте кооздук”, - делген. Бир адам: "Йа, Расулаллах! Аллахка ант, мен сизди жакшы көрөм”, - деп, муну үч жолу кайталады. Расулуллах алейхиссалам ага: "Мени жакшы көргөн адам кедейлик үчүн бир соот даярдасын. Анткени, мени сүйгөн адамга кедейлик тоонун башынан түшкөн селден да ылдамыраак келет”, - деди.

Мал-мүлк канчалык көп болсо ошончо эсеби бар. Эгер арамдан табылган болсо азабы бар. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Ошол күнү силерге берилген ар бир нематтан суракка тартыласыңар.” [Такасур, 8]

Дарт жана карыздан кутулуу үчүн

Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кутман сахабаларынын бири Абу Умама хазреттерине дарттан жана карыздан кутулуу үчүн үйрөткөн дубасы кандай?

ЖООП: Кутман сахабалардын бири Абу Саид Худри хазреттери айтат:

"Бир күнү Расулуллах алейхиссалам мечитке кирип, ансарлардан болгон Абу Умамага жолугуп, андан: "Эй, Аба Умама! Намаздын сыртында эмне үчүн мечитте отурасың?” – деп сурады. Абу Умама: "Мени курчап турган кыйынчылыктар жана карыздардан улам йа, Расулаллах!, - деди. Расулуллах: "Мен сага бир дуба үйрөтөйүн, муну окуган кезиңде Аллах дартыңа дабаа берет, карызыңды төлөтөт. Бул дубаны эртең менен жана кечинде оку”, - деди. Дуба мындай: "Аллахумма инни аузу бика минал-хамми вал-хазан ва аузу бика минал-ажзи вал-касал ва аузу бика минал-жубни вал-бухл ва аузу бика мин галабатид-дайни ва кахрир-рижал.”

Хазрети Абу Умама: "Бул дубаны окудум, дарттан жана карыздан кутулдум”, - деди. (Абу Давуд)

Бул дубанын мааниси: "Йа, Рабби! Санаадан, дарттан, алсыздыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан, карызымды төлөй албоодон жана адамдардын каарынан сана сыйынам.”

Карыздан кутулуу дубасы

Суроо: Карыздан кутулуу үчүн дуба барбы?

ЖООП: Ишенимдүү китептерден алынган карыз дубалары интернет сайтыбызда жазылган. Алардын бирөөсүн билдирген хадиси шарифте:

"Эй, Муаз! Бул дубаны окусаң Ухуд тоосундай карызың болсо да аны төлөөнү Аллах насип кылат. Аллахумма мааликал-мулки туътил-мулка ман ташау ва танзиул-мулка мимман ташау ва туиззу ман ташау ва тузиллу ман ташау би-йадикал-хайр иннка ала кулли шайин кадир. Тулижул-лайла фин-нахари ва тулижун-нахара фил-лайли ва тухрижул-хаййа минал маййити ва тухрижул-маййита минал хаййи ва тарзуку ман ташау би-гайир хисаб. [Ушул жерге чейин болгон бөлүгү Ал-и Имран сүрөсүнүн 26-27 аяттары. Түп нускасына карап окуу керек.] Рахманад-дуня вал-ахирати ва рахимахума туътихима ман ташау ва тамнау мин-хума ман-ташау, ирхимни рахматан туънини биха амман сивака.” [Табарани]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш