Суроо: Үйлөнгүсү келген, баласы жок, оорусу
бар, үйүндө ынтымагы жок же сынактан өткүсү келген же жумуш издеп жүргөн адам
каалоо-тилегине жетүү үчүн эмне кылышы керек?
ЖООП: Адам бир нерсенин натыйжасынын жакшы
же жаман болорун биле албайт. Сөзсүз баланча тилегим орундалсын деп туруп албоо
керек, "кайырлуусу (жакшысы, пайдалуусу) болсун”
деш керек. Курани карим жана дуба эгер шарттары сакталып окула турган болсо
пайдалуу болот. Буга окугандын да, оорулуунун да ишениши керек. Курани каримдин
ар бир тамгасы шыпаа, каалоо-тилектерге даба. Аллаху таала: "Курани карим момундар үчүн шыпаа жана рахмат”,
- деген. Балалуу болбогондор, үйлөнүүнү каалагандар же кандайдыр бир тилеги
барлар төмөнкүлөрдү аткаруулары керек:
1- Истигфар окуу керек. "Мал-мүлкүм көп,
бирок, балалуу боло албай жатам. Эмне кылышым керек?” – деп сураган адамга бир
сахаба зат истигфарды улантууну айтты. Ал
да күнүнө 700 жолу истигфар окуду. Акыры он балалуу болду. Хасан Басри хазреттерине
жут, жакырчылык жана балалуу боло албоо тууралуу арыздар айтылды. Бардыгына тең
истигфар кылууну буюрду. Себеби суралганда Курани каримден үч аяти карима окуду.
Анын мааниси төмөнкүдөй:
"Өтө кечиримдүү болгон Раббиңерге
истигфар кылгыла, асмандан мол жамгыр жаадырсын, силерге мал-мүлк жана уулдар
менен жардам берсин, силерге бакчаларды, дарыяларды берсин.” [Нух, 10-12]
Балдарын башкарууда кыйналган адамга Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эмне үчүн истигфар кылбай жатасың? Мен
күнүнө жүз жолу истигфар кылам”, - деген эле. Истигфар кылууда жүз жолу "Астагфируллах мин кулли ма карихаллах,
Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх”деп жүз жолу айтуу керек жана маанисин ойлонуу менен айтуу керек. Анын мааниси
төмөнкүдөй:
"Өзүң ыраазы болбогон нерселерден менин кылган иштеримди кечире көр жана
кылбаган иштеримди кылуудан сактай көр! Өзүнөн башка илах жок болгон Хай, Каййум
жана Азим болгон Аллахка истигфар кылам жана күнөөлөрүмө өкүнүп, Ага сыйынам.” [Азим
– заты жана сыпаты кемел, Хай – азалий жана абадий бир жашоо менен тирүү,
Каййум – заты менен каим болгон, Өзү жараткан бардык нерсени барлыкта бар кылып
турган зат деген маанини билдирет.]
2- Тилекке жетүү үчүн эки рекет намаз
окуп, сообун Силсила-и алиййа деп аталган аалымдардын рухтарына багыштоо керек,
алардын урматы үчүн деп дуба кылуу керек. Мисалы: "Йа, Рабби! Мага кайырлуу бир
перзент насип кыла көр”, - деп дуба кылып, "Ушул дубамды Силсила-и алиййа
улууларынын урматына кабыл кыла көр”, - деш керек. (Мекатиб-и шарифа)
Багымдат жана куптан намаздарынан кийин Силсила-и алиййанын ысымдарын,
андан соң Фатиха сүрөсүн окуп, алардын рухтарына багыштап, аларды ортомчу кылуу
менен кылынган дуба кабыл болот. Тажрыйба кылынган.
3-Аят-и хырз эрежесине ылайык окулуп,
жанында алып жүрүлсө тилек орундалат.
4- Адак кылуу (бир нерсени атоо, назир
кылуу) керек. Мисалы "Эгер мен баланча менен үйлөнсөм же баланча жумушум бүтүп
калса сообун Сеййидат Нафиса хазреттерине багыштоо ниети менен Аллах үчүн үч
Ясин окуу мага назир болсун” деп айтылганда бул тилектин кабыл болгондугу тажрыйба
кылынган.
5- Дубаны уруксат менен окуу керек! Бир
тилектин орундалышы үчүн дуба окулганда таасир этүүсү үчүн муршид-и камилдин уруксаты
менен окуу керек. Эгер Ал дүнүйөдөн өткөн болсо анын китебинен үйрөнүп окуу да
уруксат болуп саналат. Уруксат алган адам уруксат берген адамдын өкүлү болуп
калат. Өкүлдүн окуусу муршиддин окуусу сыяктуу таасирдүү болот.
6- Көзү азиз бир киши келип: "Йа,
Расулаллах! Аллаху таалага дуба кылсаңыз, көздөрүм ачылсын”, - деди. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Жакшылап даарат ал! Андан
кийин: "Йа, Рабби! Сага жалбарам. Сүйүктүү Пайгамбарың Мухаммед алейхиссаламды
ортомчу кылып сенден сурайм. Эй, сүйүктүү Пайгамбарым Мухаммед алейхиссалам! Сени
себепчи кылып Раббиме жалбарам. Сенин урматың үчүн кабыл кылуусун суранам. Йа,
Рабби, бул улуу Пайгамбарды мага шапаатчы кыла көр! Анын урматына дубамды кабыл
ала көр!” деп дуба кылуусун буюрду. Ал даарат алып, дуба кылды. Ошол замат
көздөрү көрө баштады. (Тирмизи)
Бул дубаны окугандар максаттарына жетишкен.
7- Абдулахад Серхенди хазреттери мындай
дейт:
"70 жолу "Йа
Аллах, Йа Рахман, Йа Рахим, Йа Кавиййу, Йа Кадир” деп окуп дуба кылган адам
эмне сураса да Аллаху таала анын дубасын кабыл кылат жана эмне каалоосу бар болсо
берет.”
Бирден 70 жолу окулбайт. Аны толугу менен окуп, анан башына кайтып, ушундай
жол менен толугу менен 70 жолу окулат. Аллах ыраазылыгы үчүн окуу керек. Бир
окуганда 70 жолу окуш керек, 71 болсо болбойт, башка нерсени кошуп окуса
болбойт, бул шифр. Бул исм-и азам, исм-и Жалал, Асма-ул Хусна. Ар бир намаздан
кийин окуган адам кандай бактылуу! Аны күнүнө жок дегенде бир жолу окуу керек. Кандайдыр
бир тилек үчүн кырк күндөй окуу керек.
Бул темадагы дагы бир билдирүү төмөнкүчө:
Жума күнү асыр намазынан кийин жайнамаздын үстүндө колунан келишинче (Йа
Аллах, йа Рахман, йа Рахим, йа Кави, йа Кадир” деп, андан кийин дуба кылуу
керек. (Ислам Ахлакы)
8- Кандайдыр бир тилек же каалоого жетүү
үчүн "Салатан тунжина” окуу керек. (Ислам
Ахлакы)
"Аллахумма салли
ала сеййидина Мухаммедин ва ала али сеййидина Мухаммедин салатан тунжина биха
мин жамиил ахвал-и вал-афат ва такди лана биха жамиал хажат ва тутаххируна биха
мин жамииссаййиат ва тарфауна биха аъладдаражат ва тубаллигуна биха аксалгайат
мин жамиъил хайрати фил хайати ва баъдал-мамат.”
Мындай саны билдирилбеген дубаларды бир жолу окуу жетиштүү. 3,7 же 40 жолу
окуса жакшыраак болот.
9- Энес бин Малик жана Али бин Аби Талиб (радыяллаху таала анхума)
Расулуллахтан (саллаллаху таала алейхи васаллам) риваят кылышат. Алар мындай
дешти:
"Аллаху тааладан
дүнүйөлүк жана акыреттик кандайдыр бир тилеги бар адам түнү туруп, гусул алып
же даарат алып, эки рекет намаз окуса, ар бир рекетте бир Фатиха жана үч Ихлас
окуса, салам бергенден кийин башын саждага коюп: "Йа, Рабби! Менин тилегимди
Абу Бакр Сыддыктын (радыяллаху анх) урматына орундай көр деп дуба кылса Аллаху
таала анын тилегин Абу Бакр Сыддыктын урматына орундайт.” [Менакыб-ы Чихар Йар-и Гузин]
10- Кажет (тилек) намазын окуу керек. Кажет
намазы бир нече жол менен окулат:
а- Асхабы кирамдан Осман бин Хунейф
хазреттери айтат: Көзү азиз бир киши көздөрүнүн ачылуусу үчүн Расулуллахтан
суранды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:
"Даарат ал, эки
рекет намаз оку жана мындайча дуба кыл: "Аллахумма инни асъалука ва атаважжаху
илайка би-Набиййика Мухаммеддин Небиййиррахмати.” Андан кийин көздөрүнүн
ачылуусу үчүн: "Йа Рабби! Расулуңдун урматы үчүн көздөрүмдү ача көр!” – деп
дуба кыл!” [Насаи]
Ал кишинин намаз окуп, дуба кылгандан кийин көздөрүнүн ачылгандыгын көрдүк.(Таргиб)
б- Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
"Аллахтан же адамдардан кандайдыр бир тилеги болгон адам жакшылап даарат
алып, эки рекет намаз окусун! Андан кийин Аллаху таалага мактоо айтып, Расулуна
салават айтып, ушул дубаны окусун!
"Ла илаха
иллаллах-ул-халим-ул-карим. Субханаллахи Рабб-ил-арш-ил-азим. Алахамду лиллахи
Раббил аламин. Асъалука мужибати рахматика ва азаими магфиратика ва ганимати
мин кулли биррин вассаламата мин кулли исмин ла тадаъли занбан илла гафартаху
вал хамман илла фарражтаху вала хажатан хийа лака рыдан илла кадайтаха йа
архамаррахимин.” [Халеби] [Дубанын түп нускасы үчүн басыңыз.]
Кажет намазы эки, төрт же он эки рекет окулат. Биринчи рекетте Фатиха жана
үч Аят-ал курси окулат, калган рекеттерде Фатиха менен бир Ихлас жана бир
Муаввизатайн [эки кул аъузу] окулат. Же ар бир рекетте Фатиха, Аят-ал курси
жана Ихлас окулат.
в- Башка бир кажет намазы да төмөнкүчө:
Куптан намазды окуп, витир намазын окуудан мурда төрт рекет намаз окулат.
Биринчи рекетте бир Фатиха жана үч Аят-ал курси окулат. Экинчи рекетте Фатихадан
кийин үч Ихлас жана Муаввизатайн [эки кул аъузу] окулат. Үчүнчү рекетте биринчи
рекетте окулгандар окулат. Төртүнчү рекетте болсо экинчи рекетте окулгандар окулат.
Намаздан кийин тилегин сурайт. (Имад-ул-ислам)
Кыргыз тилинде мындай дуба кылса да болот:
"Йа Рабби! Сага жалбарам. Ааламдарга ырайым кылып жиберген Сүйүктүү
Пайгамбарың Мухаммед алейхиссаламды ортомчу кылып сенден тилейм. Эй, сүйүктүү Пайгамбарым
Мухаммед алейхиссалам! Сени себепчи кылып Раббиме жалбарам. Сенин урматың үчүн
кабыл алуусун суранам. Йа Раббим! Бул улуу Пайгамбарды мага шапаатчы кыла көр!
Анын урматы үчүн дубамды кабыл кыла көр!”
Бул дубаны мусулмандар дайыма окуп, тилектерине жетишкен. Бул дубаларды бир
жолу окуп таштап койбоо керек. Кырк күн жана андан көп окуганды улантуу жакшы
болот.
г- Материалдык жана руханий кандайдыр бир
тилеги бар адам түнү гусул же даарат алып, эки рекет намаз окуса, ар бир
рекетинде бир Фатиха жана үч Ихлас окуп, салам бергенден кийин саждага барып: "Йа,
Рабби, менин тилегимди Абу Бакр Сыддык радыяллаху анхтын урматына орундай көр”,
- деп дуба кылса Аллаху таала тилегин орундайт. (Менакыб-ы Чихар Йар-и Гузин)
Дубанын кабыл
болушу үчүн
Дубанын кабыл болушу үчүн кээ бир шарттар бар. Дубанын кабыл болоорунан
күмөн санабоо керек, анын шарттары аткарылып же аткарылбаганынан күмөн саноо
керек. Талап кылынган шарттар сакталбай, дубанын кабыл болушун күтүү орундуу
эмес.
Алгач эмгек, андан
кийин дуба диндин негизи,
Кабыл алынар
эмгектенгендин гана дубасы!
Дубаларым эмне үчүн кабыл болбой жатат дебеш керек. Хадиси шарифте мындай
деп айтылган:
"Аллаху таала
дубаңарды кабыл кылат. Мен дуба кылдым, бирок, дубам дагы эле кабыл болбоду деп
шашпагыла! Аллаху тааладан көбүрөөк сурагыла! Анткени, керем ээсинен суроодосуңар.” [Бухари]
Суралган нерсенин жоктугу дубанын кабыл болбогондугун билдирбейт. Ошондуктан,
дуба кылууну улантуу керек! Дубанын кабылынын кечигүүсүнүн дагы башка себептери
да бар. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Момун адам дуба
кылганда Аллаху таала Жабраилге: "Мен аны жакшы көрөм, анын тилегин дароо
аткарба!” Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мен анын үнүн жакшы
көрбөйм. Тилегин дароо орунда”, - деп буюрат.”
Андай болсо дубанын кабыл болуусунун кечигүүсү зыяндуу эмес.
Балээ-кыйынчылык келүүдөн мурун көп дуба кылуу керек.
Дубаны хамд (мактоо) жана салават айтуу менен баштоо керек.
Жалбарып дуба кылуу керек.
Себептерге жармашпай туруп суроо – бул курулай гана каалоо. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Эмгектенбей дуба
кылган адам курал-жараксыз согушка барган сыяктуу.” [Дейлеми]
Күнөө кылбаган тил менен дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аллаху таалага күнөө кылбаган тил менен
дуба кылгыла”, - деген. Андай тилдин кантип табыла тургандыгы тууралуу
суралганда: "Бири-бириңерге дуба
кылгыла! Анткени, сен да анын, ал да сенин тилиң менен күнөө кылган эмес”, -деп жооп берди. (Тергиб-ус-салат)
Дубаны намаздан кийин гана жана белгилүү убактарда гана кылуу макрух. Ар
бир мүмкүнчүлүктө дуба кылуу керек! Айрыкча, касиеттүү убакыттарды, касиеттүү жагдайларды
колдон чыгарбай, мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу керек!
Суроо: Кандайдыр бир тилеги же каалоосу бар
адам окуй турган кандайдыр бир дуба барбы?
ЖООП: Фатава-и кари-ул-хидаяда бул маселеге
байланыштуу мындай деп айтылат:
"Тилеги, каалоосу бар адам уктаар алдында даарат алууга тийиш. Таза
нерсенин үстүнө отуруп, үч жолу салават айтууга тийиш. Андан кийин ар биринде
бисмиллах айтып, он Фатиха сүрөсүн, андан соң он бир Ихлас сүрөсүн окууга
тийиш. Андан кийин үч салават окууга тийиш. Андан кийин оң капталына жатып,
жүзүн кыбыланы каратып, оң колун оң бетинин астына коюп уктоого тийиш. Аллаху
тааланын уруксаты менен ниет кылган нерсесинин кандай боло турганын түшүндө
көрөт.”
Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жеке Хазрети
Алиге билдирген дубалары барбы?
ЖООП: Менакыб-ы Чихар Йар-и Гузин китебинде
Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Хазрети Алиге карата мындай дегени кабарланган:
"Эй, Али! Уктагың келгенде истигфар айт. Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар ва ла
хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азим оку жана Кул хуваллаху ахад сүрөсүн көп оку.
Анткени, ал - Курани азимдин нуру. Аятал курсини окуу сага милдет болсун.
Анткени, анын бир тамгасында миң береке жана миң рахмат бар. Кимде-ким Мүлк
сүрөсүн жаткан кезде окуп, Аллахумма
аъсимни бил ислами каиман ва асъимни бил ислами, ракидан ва ла тушаммитни
адувван ва ла хасидан, Аллахумма инни аъузу бика мин шарри нафси ва мин шарри
күлли даббатин анта ахызун бинасиятиха ва асъалука минал хайри куллихидесе, Аллаху таала жин жана адамдардын жамандыгынан, бардык жаратылгандардын
жамандыгынан аны коргойт.
Эй, Али! Эгер сага кандайдыр бир кайгы жетсе Субханака рабби ла илаха илла анта алайка таваккалту ва анта раббул
аршил азим деп оку. Мына бул дубаны оку. Анткени, Жабраил алейхиссалам мага
үйрөткөн. Аллахумма инни асъалука афва
вал афията фиддини ваддуня вал ахырата.
Эй, Али! Аллаху тааланы кайгы-капа учурунда зикир кыл жана Йа хаййу йа каййуму йа ла илаха илла анта
рахматика астагису фагфирли ва аслихли шаъни ва фарриж хамми деп айт.
Эй, Али! Эгер бир заалымдан корксоң, Йа
илаха, Жабраила ва Исрафила ва Микаила ва Азраила ва йа илаха Ибрахима ва
Исмаила ва Исхака ва мунзалит Таврати вал Инжили ваз Забури вал Фуркан, Күн ли,
жаран мин фуланибни Фулан, мин каза ва каза деп айт.
Сапарга чыга турган кезде Йа арза
Аманту бирабби ва раббики Аллахуллази ла илаха иллахуваллази халакани ва
халакаки аъузу биллахи мин шарри ки ва мин шарри ма ядуббу алейки. Ва мин шарри
кулли усудин ва асадин. Ва мин шарри валидин ва ма валадин деп айт.
Эй, Али! Кимде-ким ар күнү жыйырма бир жолу Аллахумма барик ли филмавти ва фи ма баъдат мавти” десе Аллаху
тааланын ага дүнүйөдө берген нематтары эсепсиз.
Эй, Али! Күнүгө он жолу Алхамдулиллах
кабла кулли ахадин ва алхамдулиллахи баъда кулли ахадин валхамдулиллахи йабка
раббуна йафна кулли ахадин валхамдулиллахи ала кулли халин деп айтса Аллаху
таала ал адамдын чоң күнөөсү болсо да кечирет.”