Уктоо дааратты бузат


Суроо: Умрага барган болчумун. Жатып уктап тургандан кийин ошол бойдон намаз окугандарды көрдүм. Кайсы мазхабда экенин сурадым. "Биздин белгилүү бир мазхабыбыз жок. Биз Пайгамбардын мазхабын карманабыз. Ага моюн сунабыз. Ал уктап туруп, даарат албай намаз окуган. Биз анын жолундабыз”, - деп жооп бериштиУктоо даратты бузбайбы?

Жооп

Уктоо төрт мазхабда тең дааратты бузат. Уктоонун Расулуллах алейхиссаламдын дааратын бузбай тургандыгы жалгыз ага гана таандык бир абал болуп саналат. Пайгамбарыбызга харам болгон бир нерсе үммөтүнө халал болушу мүмкүн. Пайгамбарыбызга фарз болгон бир нерсе үммөтүнө фарз болбошу мүмкүн. Үммөтүнө харам болгон бир нерсе Пайгамбарыбызга жаиз болушу мүмкүн. Мисал келтирели:

1 – Үммөтүнө төрттөн ашуун аял алуу харам, Пайгамбарыбызга болсо жаиз болчу.

2 – Аялы менен ажырашуу үммөткө жаиз, Пайгамбарыбызга болсо тыюу салынган болчу.

3 – Өлгөн бир адамдын аялы башкага күйөгө чыга алат. Ал эми, Расулуллах алейхиссаламдын аялдары андай эмес, башкага күйөгө чыга албайт. Алар момундардын энелери болуп саналат. Эне менен үйлөнүүгө болбойт.

4 – Курмандык чалуу Расулуллахка фарз болчу. Үммөтүнө болсо, Ханафида важиб, башка үч мазхабда сүннөт.

5 – Түнкү намаз (тахажжуд) Пайгамбарыбызга фарз болчу. Бирок, үммөтүнө нафил.

6 – Алтын жана жибек колдонуу үммөтүнө харам. Бир хадиси шарифте: "Алтын жана жибек үммөтүмүн аялдарына халал, эркектерине харам”, - деп билдирилген. Үммөтүнө харам, ага жаиз болчу. Пайгамбарлар эч качан күнөө кылышпайт.

7 – Уктоосу дааратын бузчу эмес. Себеби, ыйык көздөрү уктаган менен ыйык калбы (көңүлү, жүрөгү) уктачу эмес. Аиша энебиздин суроосуна жооп катары: "Эй, Аиша! Көздөрүм уктайт, бирок, көңүлүм уктабайт”,- деп жооп берген. (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Несаи, Тирмизи)

Демек, "Мен Пайгамбардын мазхабын карманамын”, "Мен Ислам мазхабынанмын”, "Менин мазхабым Куран” деген мазхабсыздардын туура жолдон тайгандыктары ушул нерседен дагы белгилүү болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш