Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Өрүлгөн чачты жандыруу (чечүү) керекпи?




Өрүлгөн чачты жандыруу (чечүү) керекпи?


Суроо: Аялдардын өрүлгөн чачын даарат менен гусулда жандыруулары керекпи? Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылгандардын жагдайында айырмачылык барбы?

ЖООП

Ханафи мазхабында мындай болот:

Дааратта – өрүлгөн чачты жандырбастан чачтарына масх тартса болот. Узун чачтарды масх кылбайт. 

Гусулда – чачтары өрүлгөн аялдардын бир гана чачтын түбүн суулоолору парз. Өрүлгөн чачтын түбүн суулай алса өрүлгөн чачты жуу кажет эмес. Ачтын түбү сууланбаса өрүлгөн чачты жандыруу керек. Ал эми өрүлбөгөн чачтын бардык жагын, б.а., толугу менен жуу парз. (Раддул мухтар)

Малики мазхабында мындай:

Дааратта – өрүлгөн чачтар жандырылбайт. Ал эми узун чач масх кылынат.

Гусулда – чачтын түбү сууланбаса өрүлгөн чачты жандыруу керек. Өрүлбөгөн чачты толугу менен жуу парз. Эгерде тыгыз өрүлгөн чачтын түбүнө суу өтпөсө жандырып бардык жагын тароо парз. (Ал мукаддамат-ул-иззийа)

Шафии мазхабында мындай:

Дааратта – өрүлгөн чачты жандырбастан масх кылат.

Гусулда – өрүлгөн чачты жандырып арасын суулоо парз. (Ислам Ахлагы)

Ханбали мазхабында мындай:

Дааратта – өрүлгөн чачты жандыруу кажет эмес.

Гусулда – өрүлгөн чачты жандыруу жунуптукка карай сүннөт, хайз себеби менен парз. (Мезахиб-и арбаа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш