Колдо жара бар болсо


Суроо: Колунда жара бар болуп суу колдоно албаган адам дааратын кантип алса болот? Намаз убактысы чыгып кете турган болсо таяммум алса болобу?

ЖООП

Халеби китебинде тууралуу тексттин акырында мындайча жазылган: «Бир же эки колунда жарык, экзема же дагы башка жара болуп, буларга суу тийгизүү зыян бере турган болсо бул адам даарат ала албайт. Бул себептен улам даарат алалбаган адам көңүл үчүн же акчага келишип башка биринин даарат алдыруусу Имам Азам боюнча мустахаб. Башка биринен жардам албастан таяммум алып намазын окуса кабыл болот. Жардамчы же акча таба албаса таяммум алуусу имамейндин өкүмү боюнча да жаиз болот.» Бул жерден түшүнүлүп тургандай жаралуу колуна кол кап кийип, кол кап менен даарат ала алса ушундайча даарат алуусу керек болот.

Дааратсыз же гусулсуз адам жаназа жана айт намаздарын качырып жибербөө үчүн суу болуп турса дагы таяммум алса болот. Жума намазын же беш убак намаздан кайсыдыр биринин убактысын качырып жиберүү коркунучу болсо суу бар болсо да таяммум ала албайт. Гусул же даарат керек болот. Намаз убактысы чыгып кете турган болсо казасын окуйт. Мисалы, таңда күн чыгуусу жакын кезде ойгонгон адам жунуп болсо жана хайз жана нифастан кутулган болсо тез гусул алат. Күн чыкса багымдат намазын карахат убагы чыкканда сүннөтү менен бирге казасын окуйт. (Там Илмихал 149-бет)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш