Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Маасынын үстүнө масх тартуу




Маасынын үстүнө масх тартуу


Суроо: Маасынын үстүнө махс тартуу жаизби?

ЖООП: Албетте, жаиз. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек буттарына маасы кийген жана кантип масх тартыла турганын көрсөткөн. Курани каримде намаздардын кантип окула тургандыгы сыяктуу көптөгөн маселелер жок. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кылгандай кылынган. Анткени, Аллаху таала мындай деп буюрду:

 "Расулга моюн сунган адам Аллахка моюн сунган болот.” [Ниса 80]

"Пайгамбардын буйругуна моюн сунгула, тыюу салганынан сактангыла.” [Хашр 7]

"Мен түшүргөн нерсени адамдарга баяндайсың, түшүндүрөсүң.” [Нахл 44]

Маасы тууралуу хадиси шарифтерде айтылат:

"Яхудилер намаз окуп жатканда налын (жыгач сандалет) же маасы менен буттарын жабышпайт. Силер аларга каршы болуп, налын же маасы кийгиле!” [Муслим, Абу Давуд]

"Мушриктерге каршы болгула, намаз окуп жатканда маасыңарды кийгиле.” [Хаким]

"[Ажыда] Налыны жок адамдар маасыларын кийишсин.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Имам Ахмед]

Расулуллах мусапыр кезде дагы маасыбыздын үстүнө масх тартуубузду буюрчу. (Несаи, Тирмизи)

Бир сапарда даарат алгандан кийин маасыларын көрсөтүп: "Аларды таза [даарат алып] кийдим эле”, - деп буюруп, үстүлөрүнө масх тартты. (Бухари, Муслим, Абу Давуд)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам маасыларынын үстүнө масх тартчу. (Тирмизи, Абу Давуд)

Ошондой эле, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын дааратта калың байпактар жана бут кийимдердин үстүнө масх тартканы да билдирилген. (Несаи)

Суфян Саври, Ибни Мубарек, Имам Шафии жана Имам Ахмед сыяктуу заттар да калың байпактардын үстүнө масх тартуу мүмкүн экенин билдиришкен. (Тирмизи) 

Суроо: Бир досум: "Куранда даарат алып жатканда бутка масх тартуу буюрулат. Намаз убактылары да үч маал деп билдирилет. Учурдагы амал (практика) туура эмес”, - деп жатат. Ушундай нерсе барбы?

ЖООП: Намаз үч маал, буттарга масх тартылат деген бир да аят жок. Даарат аятынын мааниси төмөңкүдөй:

"Эй, ыйман келтиргендер, намазга камданган кезиңерде жүзүңөрдү, анан чыканакка чейин колуңарды, башыңарга масх тартып, кызыл ашыгына чейин бутуңарды жуугула.” [Маида 6]   

Пайгамбарыбыз алейхиссалам көп жылдар бою даарат алды, жылаңаяк буттарына бир жолу масх тарткандыгы көрүлгөн эмес. Ал эми маасыларына масх тарткандыгы көрүлгөн. Бул тууралуу көптөгөн сахих хадистер бар. Курани каримди Расулуллах алейхиссаламдан жакшы түшүнгөн башка ким бар?

Миңдеген сахабалар келген болуп, миңдеген табииндер алардан көргөн жана миңдеген китептер жазылган. Эч бир китепте бутка масх тартылат деп жазылган эмес.

Куранда үч убак намаз бар деп айтуу да туура эмес. Пайгамбарыбыз бир нече жылдар бою беш убак намаз окуган. Бул тууралуу көптөгөн сахих хадистер бар. Ишенимдүү китептерден өтпөгөндөрдүн эсебине кирбеш керек. 

Куранда үч маал намаз бар деп айтуу да жаңылыш. Пайгамбарыбыз алейхиссалам көп жылдар бою беш маал намаз окуган. Бул маселеге байланыштуу өтө көп хадис бар. Баалуу китептерден накыл кылбагандарга маани бербеш керек. 

Суроо: Маасынын үстүнө масх тартууну кабыл албаган адам Ахли сүннөт боло албайбы?

ЖООП: Ооба, боло албайт. Себеби, маасынын үстүнө масх тартууну жаиз деп билүү Ахли сүннөт итикадынын ичинде. 

Суроо: Маасынын өзгөчөлүктөрү кандай?

ЖООП: Маасы – бутту жуу парз болгон жерин жапкан, суу өткөрбөй турган бут кийим дегендик. Маасы бир саат басканда буттан түшүп калбагандай бышык жана бутка ылайыктуу болууга тийиш. Жыгачтан, айнектен же металлдан маасы болбойт. Анткени, катуу нерсе менен бир саат басууга болбойт. Таманы менен үстү жагы же таманы гана тери менен жабылган байпактын үстүнө же катуу болуп, басып жүргөндө ылдый түшпөгөн калың байпактын үстүнө масх жаиз. 

Суроо: Маасыдагы жыртык жердин чеги кандай?

ЖООП: Эгер маасыдагы жыртык үч манжа бата тургандай чоң болсо, анда сахих болбойт (жарабайт). Эки манжа бата тургандай болсо зыяны жок. Эгерде астары бар болсо, анда астары өзү катары эсептелет. 

Суроо: Таяммум кылып, маасы кийген адамдын суу табылып калса, даарат алып жатканда маасыларга масх тартуусу жаизби?

ЖООП: Таяммум кылып, маасы кийген адам суу менен даарат алып жатканда масх тарта албайт. Буттарын жуушу керек.

 

Маасыдагы нажасат 

Суроо: Маасыдагы нажасатты тазалап салыш керекпи? Масх тартуу жетиштүү болобу?

ЖООП: Маасыда намазга тоскоолдук кыла турган нажасат бар болсо, тазалоо парз. Масх тартуу менен нажасат тазаланган болбойт. Жууш керек. 

Суроо: Байпакка, жылаңаяк бутка жана лактын үстүнө масх тартуу жаизби?

ЖООП: Масх маасыга жана таңуулардын үстүнө тартылат. Бутун жууганга кыйналган адам жылаңаяк бутуна же нейлон байпакка масх тарта албайт. Тырмак лагынын үстүнө да масх тартууга болбойт. 

Суроо: Малики мазхабында маасы кандай болот?

ЖООП: Маасы териден болот, жүндөн эмес. Маасынын үстү жана астына масх тартылат. Маасы бутту жуу машакатынан улам эмес, сүннөттү орундоо же сууктан коргонуу ниети менен кийилет. Маликиде маасыга масх тартуунун мөөнөтү жок. Жунуп болгонго чейин чечүү керек эмес. Аны Жума күндөрү гана гусул үчүн чечүү сүннөт. Маликине таклид кылган адам 24 сааттан ашык кийе албайт. 

Суроо: Малики мазхабында маасынын үстүнө кантип масх тартылат?

ЖООП: Маликиде маасынын астына да, үстүнө да масх тартылат. Мындай кылуу туура болот:

Алгач оң бутка масх тартылат. Бул үчүн оң кол нымдалып, оң маасынын үстүнкү учу кармалат. Сол кол да нымдалып, алакандын ичи оң маасынын астына коюлат. Оң колдун баш бармагы сол, калган үч манжасынын учу оң четинде болгон абалда маасынын оозуна чейин колдун ичи менен тартылат. Ошол эле учурда астындагы сол кол болсо согончокко, андан маасынын оозуна чейин тартылат. Андан кийин сол бутка масх тартылат. Сол колду сол маасынын үстүнө, оң колду болсо астына коюп, ошол эле иш аткарылат. Мына ушинтип масх тартылат.  

Суроо: Маасыны даараттуу кийүү керекпи же дааратсызбы?

ЖООП: Маасыны даараттуу кийүү керек. Үстүнө масх тартуу керек эмес. Даарат бузулуп, жаңыдан алып жатканда үстүнө масх тартылат. 

Суроо: Маасынын 24 сааттык мөөнөтү маасы кийилген учурда башталабы же маасы кийилгенден кийин даарат бузулган учурда башталабы?

ЖООП: Даарат бузулган учурдан тарта башталат. 

Суроо: Эгер маасынын мөөнөтү аяктаганда адам даараттуу болсо, маасыны чечип, жаңыдан толук даарат алуу керекпи? Же болбосо бир гана буттарын жууса, жаңыдан маасынын мөөнөтү башталган болобу?

ЖООП: Бир гана буттарын жууса жетиштүү. 

Суроо: Жыш токулган жана калың башмак же жүн байпак маасы катары колдонсо болобу?

ЖООП: Маасы катары колдонула алышы үчүн байпактын басып жатканда шыпырылып түшпөй тургандай калың болушу жана согончокту жабышы керек. 

Суроо: Базарда сатылып жаткан асты пластмассадан жасалган маасылар ылайыктуубу?

ЖООП: Асты тери болгон ар кандай байпак дагы маасы катары колдонулса болот. Аскердик өтүктөргө да масх тартуу жаиз. 

Суроо: Даарат алып, маасы кийгенден кийин үстүнө байпак да кийип алам. Дааратым бузулганда жука байпактын үстүнө масх тартуудамын. Бул жагдай дааратка зыянын тийгизеби?

ЖООП: Зыянын тийгизбейт. Байпак өтө жука болуп, суу өткөрсө, суу өткөргөндүктөн зыянын тийгизбейт. Байпак калың болуп, суу өткөрбөсө, үстүндөгү маасы өкүмүнө жаткандыктан, ага махс тартылган болот. 

Суроо: Даарат алгандан кийин маасы кийсек, анан дааратыбыз бузулса, кайра даарат алсак, жатаарда маасыбызды чечсек, дааратыбыз бузулууда. Даараттуу жатуу үчүн кайра даарат алышыбыз керекпи?

ЖООП: Бир гана буттарды жуу жетиштүү. Бирок, мындан да жеңил жолу бар. Маасыны чечпей туруп жатасыз, окула турган дубаларды окуйсуз же окубайсыз. Андан кийин маасыларды чечсеңиз, даараттуу жаткан болосуз. Даарат кыйнап жатканда да ушундай кылынат. Башкача айтканда, төшөккө жатып, дароо төшөктөн туруп муктаждыгыбызды бүтүрүп келип, дагы даарат менен жаткан болобуз. Даарат менен жатуу, уктаганга чейин даарат менен калуу дегенди билдирбейт. Даарат алып жатсак, дароо дааратыбыз бузулса, төшөккө дараттуу жаткан болобуз, өлсөк шейиттин сообун алабыз. Ошондуктан, дайыма даарат менен жатуу керек. Маасы менен төшөккө жатып, төшөктүн үстүндө чечилсе, даараттуу жаткан болот.  

Суроо: Малики мазхабын таклид кылгандар үчүн маасынын мөөнөтү  саатпы же мөөнөтсүзбү?

ЖООП: 24 саат. Анткени, Ханафиден чыккан эмеспиз. 

Суроо: Маасынын үстүнө маасы кийүү Шафии мазхабында жаиз эмес. Маасынын ичинен байпак кийүү да маасынын өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Маасынын ичинен байпак кийилет. Байпак маасынын өкүмүнө жатпайт. 

Суроо: Маасыны дайыма кийген жаизби?

ЖООП: Маасы сууктан коргонуу үчүн гана эмес, жай мезгилинде да кийүү жаиз. 

Суроо: Буттагы кан токтогондо маасыларды кийсе, анан буттарынын канаганын билсе, даарат алып жатканда бул маасыларга масх тартуу жаизби?

ЖООП: Ооба. 

Суроо: Буттарды жуу маасынын үстүнө масх тартуудан абзелби?

ЖООП: Албетте, абзел. Бирок, кээде масх тартылып, рафизилерге каршы туруу үчүн кийилсе, масх тартуу абзел.

Суроо: Даараты жок кезде бутун жууп, маасыларын кийген адам кийин бутун жуубай даарат алса, даараты сахих болобу (өтөбү)?

ЖООП: Ооба, Ханафий мазхабы боюнча сахих болот. 

Суроо: Жумушчу аялдар жука байпактарга масх тартса жаизби?

ЖООП: Байпактарга масх тартууга болбойт. Даарат алуу кыйын болсо, Ханбалий мазхабын таклид кылып, бешим менен асрды, шам жана куптанды бириктирип окуйт. Башкача айтканда, чак түштө мүмкүнчүлүк бар болсо, асырды да түштө окуйт. Шамды окуу кыйын болсо, куптан убагында кечинде үйгө келгенде үйүндө окуйт. 

Суроо: Малики мазхабы боюнча масх тартуунун мөөнөтсүз болушу таклид кылган ханафий үчүн да тиешелүүбү?

ЖООП: Жок, тийешелүү эмес. Анткени, ал Ханафий мазхабынан чыккан эмес. Бирок, унутуп бир нече күн кылган болсо, муну Маликиге ылайык кылдым десе зыяны болбойт.

Мазхабды тақлид кылуунун негизи мындай: Таклид кылынган мазхабдын парздарына жана муфсидтерине [буза турган нерселерине] баш ийилет. Өзүбүздүн мазхабыбыздын болсо баарына баш ийүү керек.

Суроо: Мен Маликини таклид кылам. Унутуп, маасыларды 24 сааттан ашык кийип жүрүптүрмүн. Окуган намазым, окуган Кураным эмне болот?

ЖООП: Маликиде маасынын мөөнөтү чексиз. Унутуп калып, бир ай болсо да маасыларды чечпеген болсоңуз намаздарыңыз сахих болот. Сиз окуган Куран текке кетпейт. Унутуу бул шариятка шайкеш кечиримдүү себеп. Унутуп калып, намазды өткөрүп жиберсек күнөө болбойт. Унутуп жеп-ичсек орозо бузулган болбойт. 

Суроо: Маасыны чечкенден кийин толук даарат алуу керекпи же буттарды гана жууп коюу жетиштүүбү?

ЖООП: Эгер даарат бар болсо бир гана буттар жуулат. Эге даарат жок болсо жаңыдан даарат алуу керек. 

Суроо: Аялдарга сапарда даарат алуу кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан, мындай жагдайларда бут кийимдин үстүнөн масх тартуу орундуубу?

ЖООП: Бут кийимдин маасы өкүмүндө болушу үчүн ал өтүк болушу керек, башкача айтканда, согончок сөөктөрүн өтүшү керек. Ошондо масх тартууга болот. Албетте, бут кийимди да даарат алгандан кийин кийүү шарт. Жолдордо бутар көрүнбөсүн деп байпак менен бирге бутту жууса болот. Эгер бул да мүмкүн болбосо, эки намаз жам кылынат (бириктирилет). 

Суроо: Дарыгер сунуштаган компрессиялык байпактар тар жана кийүү өтө кыйын. Эртең менен төшөктөн турганда кийиш керек, кечинде жатарда чечиш керек. Оорулуу киши бул байпактын үстүнө масх тарта алабы?

ЖООП: Суу өткөрбөй турган, басканда ылдый шыпырылбай турган байпакка масх тартууга болот. 

Суроо: Бутум алсыз болгондуктан, дарыгер мага кийүү жана чечүү өтө кыйын болгон бут кийим берди. Бут кийимимдин ичинен байпак кием. Бутумда бут кийимим бар кезде, бут кийим менен кошо байпакка масх тартсам жаиз болобу? Бут кийим менен байпак экөө тең маасы өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Ооба. 

Суроо: Калган хак мазхабдарыбыз боюнча масхтын өкүмдөрү кандай?

ЖООП: Маликиде гусулду буза турган нерсе болбосо, бутка кийилген маасыга өмүр бою масх тартуу жаиз. Башка мазхабдарда муким болгон учурда бир күндөн, сапарда үч күндөн ашык масх тартуу жаиз эмес. 

Суроо: Нейлон байпактардын асты тери болсо, маасы өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Ханафиде жаиз. 

Суроо: Бир бутунун алды кесилген адам маасы кийсе жаиз болобу?

ЖООП: "Бутунун манжалары жок адам масх тарта албайт. Бир буту кесилген адам экинчи бутундагы маасынын үстүнө масх тарта албайт. (Файзийа) Колу чыканактан, буту кызыл ашыгынан кесилген болсо, кесилген жерди жууйт.” Ислам Ахлагы 

Суроо: Даарат алып, маасыларымды кийдим, бираздан кийин дааратым бузулду. Арадан 22 саат өткөндөн кийин сапарга чыктым. Сапарда 72 саат масх тартышым керекпи же 72-22 = 50 саатпы?

ЖООП: 50 саат дагы маасыларыңызга масх тартсаңыз болот. 

Суроо: Мен сапар учурунда 48 саат, башкача айтканда, эки күн бою маасыларыма масх тарттым. Андан кийин муким болдум, бир күн дагы маасыларыма масх тарта аламбы?

ЖООП: Масх тарта албайсыз. Анткени, маасынын мөөнөтү аяктады. Ислам Ахлагы китебинде мындайча айтылат:

"Бир күн, бир түн масх тарткан мусапыр муким болгондо аларга масх тарта албайт.” 

Суроо: Маасынын канча бөлүгүнө масх тартуу парз? Сүннөткө ылайык масх кантип тартылат?

ЖООП: Маасы колдун үч манжа кеңдигинде жана узундугунда болууга тийиш. Башкача айтканда, бир адам нымдуу колунун төрт манжасын маасынын үстүнө койсо, парз аткарылган болот. Сүннөткө ылайык масх тартуу үчүн оң колдун нымдуу беш манжалары оң маасынын үстүнө, ал эми сол колдун манжалары сол маасынын үстүнө болгон узундугу менен жабыштырылып, буттун манжаларынын үстүнө келген учунан бутка чейин тартылат. Муну кылуу менен сүннөткө да амал кылынган болот. 

Суроо: "Компрессиялык байпакка масх тартылса болот. Себеби, асты жара өкүмүндө”, -  деп жатышат. Мындай нерсе болушу мүмкүнбү?

ЖООП: Компрессиялык байпак буттан эч качан чечилбейт деген нерсе жок. Түнкүсүн жатар алдында чечилет. Бир даарат ала турганчалык чечүүнүн да зыяны жок экенин дарыгерлер айтышууда. Бул жагынан алганда, компрессиялык байпакка масх тартылбайт.

Эгер салих жана адис дарыгер: "Даарат ала турганчалык убакыт дагы компрессиялык байпакты чечүүгө болбойт”, - десе, ошол жер жара сыяктуу болот, масх тартуу жаиз болот.

 

Сапарда маасыга масх тартуу 

Суроо: Эртең менен даарат алып, маасыларын кийген адамдын түшкө жуук даараты бузулса, куптан убагында болсо сапарга чыкса, ушул маасыга канча күн дагы масх тарта алат?

ЖООП: 24 саат өтпөстөн сапарга чыкканда масх тартуу мөөнөтүн 72 саатка жеткирет.

 

Маасыдагы жыртыктын чеги кандай? 

Суроо: Маасыдагы жыртыктын чеги канча?

ЖООП: Ханафиде маасыдагы жыртык үч манжа бата тургандай чоң болсо, масх тартуу сахих болбойт. Эгер эки манжа кире тургандай тешик болсо, анда зыяны жок. Эгерде астары бар болсо, ал бөлүк да маасы деп эсептелет, жыртык деп эсептелбейт.

Эгерде бир маасынын бир нече жеринде кичинекей жыртыктар болсо, алар чогултулганда үч манжадай болсо, ага масх тартууга болбойт. Бир маасыда эки манжа, экинчи маасыда да эки же бир манжа көрүнө тургандай жыртык бар болсо, аларга масх тартууга болот. Масх жаиз болбогон жыртык үч манжанын учу эмес, бүт бойдон көрүнө тургандай.

Шафии мазхабында маасынын бир да жыртыгы, тешиги болбошу керек. Маликиде болсо жыртык буттун үчтөн биринен аз болсо, анда масх жаиз болот. Маликине таклид кылган Ханафи болсо бул маселеде өзүнүн мазхабындагы шарттарды аткарышы керек. Эгер Маликинин кавлына уюса Ханафи боюнча сахих болбойт. Анткени, Ханафиде үч манжа кире тургандай чоң жана андан артык тешик бар болсо маасыга масх тартуу жаиз болбойт.  

 

Маасы жана уруксат 

Суроо: Уруксаттардан пайдалануу үчүн маасыларга масх тартуу буттарды жуугандан абзелби?

ЖООП: Бул маселе мазхабдарда айырмаланат. Ханбали мазхабы боюнча маасыга масх тартуу буттарды жууганга караганда пазилеттүүрөөк. Анткени, Аллаху таала адамдардын өздөрүнө берилген уруксаттарга жармашууларын жана ушинтип илахий нематтарды түшүнүп, шүгүр кылууларын каалайт. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Аллаху таала уруксаттар менен да амал кылынуусун жактырат.” [Байхаки]

"Аллаху таала берген жеңилдик жана уруксаттардан пайдалангыла!” [Бухари]

"Уруксаттардан пайдаланбаган адам Арафат тоосундай күнөө кылган болот.” [Табарани]

 "Сүннөтүмдү кабыл албаган адам менден эмес” хадиси шарифи да "Уруксат берилген нерселерди кабыл албастан өзүн кыйнаган адам сүннөтүмө амал кылбаган болот” дегендик.

Ханафиде болсо буттарды жууш маасыларга масх тартуудан абзел. Деген менен, маасыга масх тартууну кабыл албаган бидатчыларга каршы, аларга сүннөттү көрсөтүү ниети менен маасыларга масх тартуу буттарды жуугандан абзел. Суук болуп, бутту жууганда кандайдыр бир ыңгайсыздык пайда боло турган болсо же маасы кээ бир кыйынчылыктардын алдын ала турган болсо, анда маасыларга масх тартууну тандоо керек.

Маасы сүннөтүн аткаруу үчүн өмүрүндө бир жолу болсо да маасы кийүү керек.

 

Байпак маасылар 

Суроо: Базарда сатылып жаткан байпак маасылардын асты тери болбогондуктан, андан маасыларга масх тартуунун жаиз эместиги айтылууда. Мындай маасыларга масх тартуу жаиз эмеспи?

ЖООП: Маасынын асты тери болушу шарт эмес. Эгерде маасынын өзгөчөлүктөрү бар болсо, аларга масх тартуу жаиз болот.

Ханафиде бир маасыга масх тартуунун жаиз болушу үчүн маасы бир саат баскандан кийин буттан чыкпай тургандай бышык болууга тийиш. Катуу болуп, басканда шыпырылбай турган калың байпакка масх тартуу жаиз. (С. Абадиййа)

Базардагы байпак маасылар ушундай өзгөчөлүккө ээ болсо аларды колдонуунун зыяны жок.

 

Буттарга масх тартылбайт, жуулат 

Суроо: Маида сүрөсүнүн 6-аятын "Буттарды жууш эмес, масх тартуу парз” деп чечмелөө жана "Маасыларга масх тартылбайт” деп айтуу жаңылыш эмеспи?

ЖООП: Албетте, жаңылыш. Динде бидъат ээлеринин тафсирлери эмес, Расулуллахтын хадиси шарифтери жана аларды түшүндүргөн Ахли сүннөт аалымдары билдирген өкүмдөрү туура. Курани каримди эң жакшы түшүндүргөн Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буттарды жууш керектигин айтып, аны иш жүзүндө көрсөткөн. Имам Куртуби хазреттери: "Расулуллахтын амалында белгилүү болгон өкүм – буттарга масх тартуу эмес, аларды жуу”, - деп айткан. (Жами-ул-ахкам)

Үч хадиси шариф болсо төмөнкүчө:

"Момун даарат учурунда жүзүн жууганда көзү менен кылган күнөөлөрү суулар менен жүзүнөн жуулат, колдорун жууганда колдору менен кылган күнөөлөрү, буттарын жууганда болсо басып кылган бардык күнөөлөрү суулар менен жуулат. Даарат толук алынганда күнөөлөрдөн арылган болот.” [Муслим, Тирмизи, Муватта]

"Даарат алып жатканда оозу-мурдуна суу тартып, жүзүн жууганда бул дене мүчөлөр менен кылган күнөөлөр суулар менен жуулат. Колдорун чыканагына чейин жууганда анын күнөөлөрү манжаларынын учунан, башына масх тартканда чачтарынан, буттарын кызыл ашыгына чейин жууганда күнөөлөрү суулар менен бирге агып кетет.” [Муслим, Несаи, Ибни Мажа, Муватта]

Хазрети Осман даарат алып жатканда үч жолу колун жууду, андан кийин үч жолу оозун жана мурдунун ичин, андан кийин үч жолу жүзүн, үч жолу чыканагына чейин оң жана сол колун жууду, андан кийин башына толук масх тартып, үч жолу оң бутун, үч жолу сол бутун кызыл ашыгына чейин жууду. Андан кийин: "Расулуллах ушинтип даарат алууда”, - деди. (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи)

Масх буттарга эмес, маасыларга тартылат. Расулуллах маасыларга масх тарткан, маасыларга кантип масх тартууну да билдирген болуп, "Мына ушундай масх тартасыңар”, - деп буюрган. Кутман сахабалар да дал ошондой кылышкан. Имам Азам хазреттери: "Ахли сүннөт итикады мындайча: Эки кайын атанын, башкача айтканда, Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омардын эң үстөм экенине ишенүү, эки күйөө баланы, башкача айтканда, Хазрети Осман менен Хазрети Алини сүйүү, буттарга кийилген маасыга масх тартуунун жаиз экенине ишенүү, жакшы-жаман ар бир мусулман имамдын артында намаз окуу”, - деп буюрду. (Куррет-ул айнейн, Мактубати Раббани 2/36)

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) маасылардын үстүнө масх тартканда: "Йа, Расулаллах, же буттарыңызды жууганды унутуп калдыңызбы?” – дешти. "Жок, унуткан жокмун. Аллаху таала мага маасыларымдын үстүнө масх тартууну буюрду”, - деди. (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи, Муватта)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) фатх күнүндө дааратта маасыларына масх тартканда, Хазрети Омар (радыяллаху анх): "Йа, Расулаллах! Бүгүн жаңы бир нерсе кылдыңыз”, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эй, Омар, туура кылдым”, - деди. (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Несаи)

Хазрети Мугира ибни Шуъба (радыяллаху анх) айтат: "Буттарын жуушу үчүн  Расулуллахтын маасыларын чечейин дедим эле. Мага: "Жок, чечпе, маасыларымды даарат алып кийдим эле”, - деди жана алардын үстүнө масх тартты. (Бухари, Муслим)

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алды, буттарындагы Хабаш султаны Нажаши белек кылган кара маасылардын үстүнө масх тартты. (Абу Давуд, Ахмед, Тирмизи)

Хазрети Аиша энебизден (радыяллаху анха) сапарда маасылардын үстүнө масх тартуунун мөөнөтү суралганда, "Абу Талибдин уулунан сурагыла. Анткени, ал сапарда Расулуллахтын жанында көп болду”, - деди. Хазрети Алиден (радыяллаху анх) суралды. Ал болсо: "Расулуллах масх тартуунун мөөнөтүн сафари үчүн үч күн (72 саат), муким үчүн болсо бир күн (24 саат) деп билдирген”, - деп жооп берди. (Муслим, Несаи)

Бир хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Маасыга масх тартуунун мөөнөтү сафари үчүн үч күн, муким үчүн бир күн.” [Бухари, Муслим, Тирмизи, Абу Давуд, Несаи]

Хазрети Али (радыяллаху анх): "Эгер дин акыл менен, көзкараш менен болгондо, маасынын үстүнө эмес астына масх тартуу керек эле. Ал эми Расулуллах маасылардын үстүнө масх тартчу”, - деп буюрду. [Абу Давуд]

Кутман сахабалардан болгон Хазрети Али, Ибни Масъуд, Бэраа, Энес, Абу Умама жана Сахл бин Саъд (радыяллаху анхум) сыяктуу заттар маасынын сапатына ээ болгон калың байпакка да масх тартууну жаиз дешкен. Имам Суфяни Саври, Имам Ибни Мубарак, Имам Шафии, Имам Ахмед жана Имам Исхак сыяктуу аалымдар да ушул эле өкүмдү билдиришкен. (Абу Давуд, Тирмизи)

Ханафи мазхабында дагы маасынын сапатына ээ болгон калың байпакка масх тартуу жаиз.

 

Бир бутка масх тартууга болбойт 

Суроо: Бир буту кесилген адам экинчи бутуна маасы кийсе болобу? Ошондой эле маасынын бири буттан чечилгенде,  аны жууп, экинчисине масх тартуу жаизби?

ЖООП: "Бир буту кесилген адам экинчи бутундагы маасынын үстүнө масх тарта албайт. (Файзийа) Колу чыканактан, буту кызыл ашыгынан кесилген болсо, кесилген жерди жууйт.” Ислам Ахлагы

Бир же эки буту маасыдан чыкканда даараты ошол учурда бузулбайт. Даараттын бузулушу эми буттарга таасир этет. Буттарын гана жууса, масх тартып алган даараты толукталган болот. Бирок, кайра даарат алганы жакшыраак болот делген. Анткени, мувалат Ханафиде сүннөт, Малики мазхабында болсо парз. (Там Илмихал) 

Суроо: Бутка кийилген маасы басып баратканда же отурганда буттан бир аз чыгып кетсе, бул маасы менен алынган даарат бузулабы?

Жооп: Буттун согончогу маасынын согончогунан чыкканда маасы буттан чечилди деп эсептелет. Ал эми көпчүлүк китептерде буттун жарымынан көбү маасынын согончок сөөктөрүнүн деңгээлинен өйдө чыкмайынча буттан чечилген деп эсептелбейт деп айтылат. Ошого ылайык, маасы кең болуп, басып баратканда согончогу маасыдан чыгып кирген адамдын масхы жаиз болот. Басып баратканда даараты бузулбайт. 

Суроо: Темирден, айнектен же жыгачтан маасы жасап, колдонууга болобу?

Жооп: Маасы бир саат жол басканда буттан чечилбей турганчалык бышык жана бутка ылайыктуу болууга тийиш. Жыгачтан, айнектен, металлдан маасы болбойт. Анткени, катуу нерсе менен бир саат басууга болбойт. 

Суроо: Малики мазхабында маасынын астына да масх тартуу керекпи?

Жооп: Маликиде маасынын үстүнө жана астына толук масх тартуу керек. Бул үчүн нымдуу оң колдун алаканы оң маасынын учуна коюлуп, кызыл ашыкка чейин тартылат. Сол колдун алаканы болсо астына коюлуп, тартылып,  тамандын эки жагы баш бармак жана кичине бармактар менен кармалат. Андан кийин сол колдун алаканы сол маасынын үстүнөн жана оң колдун алаканы астынан тартылып, кармалат. Маасынын таза болушу Маликиде да парз.

Суроо: Буттарга кийилген маасылардын үстүнө канча убакытка чейин махс тартса болот? Масхтын мөөнөтү качан башталат?

Жооп: Маасынын үстүнө масхтын мөөнөтү муким үчүн жыйырма төрт саат, сафари үчүн үч күн, үч түн, башкача айтканда, жетимиш эки саат. Бул мөөнөт маасыны кийгенден кийин эмес, маасыны кийгенден кийин даараты бузулганда башталат. Үзүрлүү адам үчүн масхтын мөөнөтү намаз убактысы чыкканга чейин экендиги Фатава-и Хайриййеде жазылган. Үзүрлүү адам үзүргө себеп болгон нерсеси токтогондо даарат алып, ошол нерсе кайра баштала электе маасыларын кийсе, үзүрсүз кийгендей болот. Малики мазхабында гусул даараты үчүн маасылар чечилгенге чейин алардын үстүнө масх тартуу жаиз. 

Суроо: Ханафи мазхабындагы мусулман бутуна кийген маасыларынын үстү менен бирге астына да масх тартабы?

Жооп: Ханафи мазхабында масх маасылардын үстүнкү беттерине тартылат, маасылардын таманынын астына масх тартылбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш