Даарат алуу - намаздын фарзы. Курани каримди кармоо,
Каабаны таваф кылуу, тилават саждасын кылуу, жаназа намазын окуу үчүн да даарат
алуу зарыл. Дайыма даараттуу болуунун, төшөккө даарат менен жатуунун, даараттуу
тамак жеп-ичүүнүн өтө чоң сообу бар.
Даараты менен
көз жумган адамдарга шейит сообу берилет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва
саллам) айтты:
«Даараты
менен өлгөн адам өлүм азабын тартпайт. Анткени, даарат ыймандуулуктун белгиси.
Намаздын ачкычы, денени күнөөлөрдөн тазалоочусу».
«Мусулман
даарат алганда күнөөлөрү кулагынан, көзүнөн, колунан жана бутунан чыгат.
Отурганда күнөөлөрдөн тазаланган болуп отурат».
«Амалдардын
эң жакшысы - намаз. Момундар гана дайыма даарат алып жүрүшөт. Момун күндүз
даараттуу жүрүп, түндөсү да даарат алып жатуусу керек. Ошондо ал Аллаху
тааланын коргоосунда болот. Даараты бар кезде тамактанган адамдын курсагындагы
ичип-жеген тамагы менен суу зикир чалат. Курсагында турган убакыт бою ал адам
үчүн истигфар кылат».
Даараттын
фарздары, сүннөттөрү, тартиптери жана тыюу салынган, аны бузган нерселери бар.
Дааратсыз экенин билип туруп зарылчылыгы болбостон намаз окуган адам капыр
болот. Намаз окуп жатканда даараты бузулган адам дароо салам берип намазын
бүтүрөт. Маалын өткөрбөй кайрадан даарат алып, намазын башынан кайта окуйт.