Ханафи мазхабында даараттын төрт фарзы бар:
1. Бетти бир
жолу жуу.
2. Эки колду
чыканагы менен бирге бир жолу жуу.
3. Баштын
төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу, б.а., суу кол менен башты бир жолу сылоо.
4. Эки бутту
эки жагындагы кызыл ашыгы менен бирге бир жолу жуу.
Шаафи мазхабы
боюнча ниет жана кезек да фарз. Ошондуктан, бетти жууп жатканда ниет кылуу
керек. Суу жүзгө тийе электе ниет кылынса даарат туура алынган болбойт. Жүз
менен ээктеги сакалды да жуу фарз. Малики мазхабы боюнча делк (жышуу) жана
муваалат (дене мүчөлөрүн тынымсыз арка аркасы менен жуу) фарз. Шиилер буттарын
жуушпайт, жылаң аяк буттун үстүнөн масх тартышат.