Даарат кантип алынат?


(Даарат алып жатканда дуа окуу же ар бир мүчөнү жууп жатканда калимаи шахадат айтуу мустахаб. Арапчасын билбеген адам кыргызчасын окуйт.)  Мустахаб - бул «мандуб», «адаб» деп да аталат. Суннати гайри муаккада өкүмүндө. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүрүндө бир-эки жолу болсо да аткарган жана сүйгөн, жактырган нерселер.  Жаңы төрөлгөн балага жетинчи күнү ат коюу, уул жана кыз бала үчүн акика малын союу, жакшы кийинүү, (эркектердин) жыпар жыт сүрүнүү мустахаб. Буларды аткарган мусулмандарга көптөгөн сооптор берилет. Кылбагандарга азап кылынбайт, шапаатсыз да калбайт.

1. Даарат алып баштоодон мурун төмөнкү дуба окулат: «Бисмиллахил-азим. Вал хамду лиллахи ала динил-Ислам. Ва ала тавфик-ыл-иман. Ал-хамду лиллахил - лези жеалалмаа тахуран ва жеалал-ислама нуран». Анан колдор билектерге чейин үч жолу жуулат. (Мааниси: Азим болгон Аллаху тааланын (аты менен) баштайм. (Бизге) Ислам динин берген жана ыйманды ихсан кылган Аллаху таалага бардык мактоолор болсун. Сууну тазалоочу, Исламды нур кылган Аллаху таалага шүгүр болсун.)

2. Оң кол менен оозго үч жолу суу берип жатканда төмөнкү дуба окулат: «Аллахумас-кыни мин хавди набиййика касан ла азмау бадаху абадан». (Мааниси: Эй, Аллахым! Ичкенден кийин эч качан суусатбай турган хавз-ы набиден мен, кулуңа бир кесе ичир.)

3. Оң кол менен мурунга үч жолу суу тартып, сол кол менен чимкирилет. Мурунга суу берип жатканда: «Аллахумма арихни раихатал жаннати варзукни мин ниамиха. Ва ла турихни раихатан-нар». (Мааниси: Эй, Аллахым! Мага Жаннаттын жытын жыттат жана мени Жаннат ырыскылары   менен ырыскыландыр. Тозок жыттары менен эмес.)

4. Алаканга суу алып, маңдайдан баштап ээктин астына чейин бетти жууп жатканда төмөнкү дуба окулат: «Аллахумма баййид важхи бинурика йавма табйадду вужуху авлияика ва ла туссаввид важхи би зуниби йавма тасвадду вужуху адаика». (Мааниси: Эй, Аллахым! Нуруң менен  Олуялардын жүздөрүн агартканыңдай (ак кылганыңдай) менин жүзүмдү дагы   агарт. Душмандарыңдын жүзү кара болгон күнү мени күнөөлөрүмөн улам жүзүмдү карартпа.)      

5.  Сол кол менен оң колду чыканакка чейин (үч жолу) жууп жатканда: «Аллахумма атыни китаби бийамини ва хасибни хисабан йасиран» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Китебимди оң жагымдан бер жана менин сурагымды жеңил кыл.)

6. Оң кол менен сол кол чыканакка чейин жуулуп жатканда: «Аллахумма ла тутини китаби би шимали ва ла мин вараи захри ва ла тухасибни хисабан шадидан» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Китебимди сол тарабымдан жана аркамдан бербе)

7. Эки колду тең жуугандан кийин колдор кайрадан жуулат жана ал ным кол менен башка масх тартып жатканда: «Аллахумма харрим шари ва башари алан-Нар ва азыллани тахта зылли аршика йавма ла зылле илла зыллу аршика» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Денемди жана чачтарымды Тозокко таштаба. Көлөкө болбогон күнү мени Арш-ы аланын көлөкөсүндө көлөкөлөндүр.)

8.  Андан соң оң жана сол колдун сөөмөйлөрү менен эки кулактын тешиктерин суулап, баш бармак менен кулактын артына масх тартылат жана: «Аллахуммажални миналлазийна йастамиунал-кавле фе йаттабиуна ахсанах» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Мени сөз угуп, эң жакшыларын кармагандардан кыл.)

9. Алакандын аркасы менен кежигеге масх тартып жатканда: «Аллахумма атык ракабати минан-Нар» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Моюнумду оттон азат кыл.)

10. Кежигеге масх тарткан соң, сол колдун чыпалагы менен оң буттун чыпалагынан баштап бут манжаларынын арасын чукулап жуу менен бирге оң бутту үч жолу жууп жатканда: «Аллахумма саббит кадамаййа алас-сыраты йавма тазиллу фихил-акдаму» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Буттар тайгаланган күнү Сыраттын үстүндө буттарымды бекем кыл.)

11.  Сол бутту үч жолу жууп жатканда бут манжаларынын арасы бул жолу ошол эле сол колдун чыпалагы менен баш бармактан баштап чыпалакка карай жуулат. Сол бут да кызыл ашык менен бирге жуулуп жатканда: «Аллахумма ла татрут кадамаййа алас-сырати йавма татруду куллу акдами адаика. Аллахуммаж-ал сайи машкуран ва занби магфуран ва амали макбулан ва тижарати лан табура» дубасы окулат. (Мааниси: Эй, Аллахым! Душмандарыңдын буттары Сыратта тайгаланган күнү, менин бутумду тайдырба. Эй, Аллахым! Эмгегимди машкур кыл. Күнөөмдүкечир. Амалымды кабыл кыл. Соодамды халал кыл!)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Ким эгер даарат алгандан кийин көктү карап «Субханакаллахумма ва бихамдика, ашхаду ан лаа илаха ва илла анта вахдака лаа шарика лака астагфирука ва атубу илайка ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдука ва Расулука» деген дубаны окуса Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирет жана бул кабыл кылуусун тастыктап, Арш-ы аланын алдында коргойт. Кыямат күнү жогорудагы дубаны окуган адам келип, бул сооптун акысын алат». (Мааниси: Эй, Аллахым! Сени мактоолорум менен эстеп, таспих жана танзих кылам. Сенден башка илах жок экендигине, бир экендигиңе жана шериксиз экендигиңе, Мухаммед алейхиссалам Сенин кулуң жана Расулуң экендигине шахадат кылам.)

Бир хадиси шарифте: «Ким эгер даарат алгандан кийин «Инна анзалнаху» сүрөсүн бир жолу окуса ал адамды Аллаху таала сыддыктардан кылып жазат. Эки жолу окуса, шейиттерден кылып жазат. Үч жолу окуса, пайгамбарлар менен бирликте хашр кылынат», - деп билдирилди. (Хашр - кайра тирилтүү.)

Башка хадиси шарифте: «Даарат алгандан кийин ким менин атыма он жолу салату салам окуган болсо, Аллаху таала кайгысын кетирип, дубасын кабыл кылат», - деп билдирилди.

Билбеген адамдар даарат алып жатканда даарат дубаларын окубаса да болот.  Бирок, эң кыска мөөнөттө жаттоолору жана даарат алып жатканда окуулары керек. Абдан сооптуу. Даараттын акырына карай же даарат алып бүткөн  соң «Аллахуммажални минат-таввабин, важални мин-ал-мутетаххирин, важални, мин ибадик-ас-салихин, важални миналлазина ла хавфун алейхим ва лахум яхзенун» дубасын окуу аябай чоң сооп. 

Даарат дубаларын билбеген адам ар бир дене мүчөсүн жууп жатканда Калимаи шахадат келтирип, чоң соопко ээ болушу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш