Даараттын он
сегиз сүннөтү бар:
1- Даарат алып
баштаганда Бисмиллах айтуу.
2- Колдорду
билек менен бирге үч жолу жуу.
3- Оозго
кайта-кайта суу алып, үч жолу чайкоо. Бул «мазмаза» деп
аталат.
4- Мурунга
кайта-кайта суу алып үч жолу жуу. Бул «истиншак» деп
аталат.
5- Каштардын,
сакалдын, муруттун астында көрүнбөгөн жерди бет жууп жатканда суулоо.
6- Бет жууп
жатканда эки каштын түбүн суулоо.
7- Сакалдын
ээктин ыйдый жагындагы бөлүгүн суулап сылоо.
8- Сакалдын
ээктин ылдый жагындагы бөлүгүнүн оң колдун ным манжалары менен тароо.
9- Тиштерди
бир нерсе менен сүртүп жуу. (Мисвак колдонуу маанилүү сүннөттөрдөн).
10- Баштын ар
тарабына бир жолу масх тартуу.
11- Эки
кулакка бир жолу масх тартуу.
12- Бириккен
үч манжанын сырты менен кежигеге бир жолу масх тартуу.
13- Кол жана
бут манжаларынын ортосуна манжа киргизип сүртүп жуу.
14- Жуула
турган мүчөлөрдү үч жолу жуу.
15- Бетти
жуурда жүрөгү менен ниет кылуу.
16- Кезек.
Башкача айтканда, мүчөлөрдү өз кезеги менен жуу.
17- Делк.
Башкача айтканда, жуула турган жерлерди жышуу.
18- Мувалат.
Ар бир мүчөнү бири биринин артынан ыкчам жуу.