Даараттын адептери


Даараттын жыйырма сегиз адеби бар:

Адеп - бул жерде аткарылуусу сооп, ал эми аткарылбоосу күнөө болуп эсептелбеген нерселер дегенди билдирет. Ал эми негизинде сүннөттү кылуу сооп, ал эми кылбоо танзихан макрух. Адептерди мандуб жана мустахаб деп да аташат. Даараттын адептери булар:

1- Дааратты намаз маалы кире электе алуу. (Кандайдыр бир кечиримдүү себеби бар адамдар намаз маалы киргенде да алса болот).

2- Дааратканага киргенде кыбыланын оң же сол тарапта болуусуна көңүл буруу. Заара кылып жатканда кыбылага маңдайын же аркасын буруу тахриман макрух.

3- Үстүндө кир жок болсо суу менен даарат алуу.

4- Даарат алган соң кездеме менен кургануу.

5- Даарат алгандан кийин, уятуу жерин дароо жабуу.

6- Башка бирөөнөн жардам сурабай дааратын өзү алуу.

7- Кыбылага карап даарат алуу.

8- Ар бир дене мүчөсүн жууп жатканда шахадат калимасын айтуу.

9- Даарат дубаларын окуу.

10- Оозуна оң кол менен суу алуу.

11- Мурунга оң кол менен суу алуу.

12- Мурунду сол кол менен чимкирүү.

13- Оозду жууп жатканда тиштерди мисвак менен тазалоо. Мисвак жок болсо, щетка да пайдаланса болот.

14- Оозду жууп жатканда, орозо кармабаган болсо чалкалап чайкоо. Анча-мынча тамагын чайкоо дааратта да, гусулда да сүннөт. Орозо кармап жатканда чайкоо макрух.

15- Мурунду жууп жатканда сууну сөөккө жакын тартуу.

16- Кулакты жууп масх тартып жатканда бир манжа менен кулак тешигин тазалоо.

17- Буттун манжаларын жууп жатканда сол колдун чыпалагы менен чукуп жуу.

18- Кол жууп жатканда манжадагы кенен шакекти кыймылдатуу. Ал эми тар шакекти ойнотуп кыймылдатуу шарт, фарз болуп эсептелет.

19- Суу көп болсо ысырап кылбоо.

20- Сууну май сүрүп жаткансып аз колдонбоо. (Үч жолу тең жуулган жерден эң аз эки тамчы суу тамчылашы керек).

21- Бир идиштен даарат алган соң ал идишти кайра толтурупкоюу.

22- Даарат бүткөндө же ортосунда «Аллахуммаж-ални минеттаввабин...» дубасын окуу.

23- Даараттан кийин «Субха», башкача айтканда, эки рекет намаз окуу.

24- Даарат бар болсо да кийинки намаз үчүн жаңыртып даарат алуу.

25- Бетти жууп жатканда көздүн учундагы чылпактарды тазалоо.

26- Бетти, колду, бутту жууп жатканда фарз болуп эсептелген жерден ашыгыраак жуу. (Колдорду жууп жатканда алаканга суу толтуруп, аны чыканакка карай агызуу).

27- Даарат алып жатканда пайдаланган сууну, кийимине, үстүнө чачыратпоо.

28- Өз мазхабында макрух болуп эсептелбеген нерсе башка мазхабда фарз болсо, аны орундатуу мустахаб.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш