Даарат алып
жатканда тыюу салынган он эки нерсе бар. Буларды кылуу харам же макрух. Алар
төмөнкү нерселер:
1- Дааратканада,
талаада заара ушатып жатканда кыбылага кароо же аркасын багыттоо.
2- Аврат жерин
жуу үчүн башка бирөөнүн жанынды аврат жерин ачуу харам.
3- Оң кол
менен аврат жерин жуубоо керек.
4- Суу жок
жерде азык зат, тезек, сөөк, мал жеми, көмүр же башка бирөөнүн оокаты, чопо,
керамика бөлүгү, камыш жана жалбырак, кездеме, кагаз менен аврат жерди тазалоо
макрух.
5- Даарат
алган идишке түкүрбөө жана чимкирбөө керек.
6- Даарат
учурунда жууган мүчөсүн талапталган чектен ашык же кем, үчтөн аз же көп жуубоо
керек.
7- Даарат
мүчөсүн аврат жерин кургатканда колдонулган чүпүрөк менен кургатпоо.
8- Бетти жууп
жатканда сууну жүзгө урбастан, маңдайдын үстүнөн ылдый көздөй жүгүртүү керек.
9- Сууну
үйлөбөө.
10- Оозду жана
көздөрдү бекем жумбоо. Эриндин көрүнүп турган бөлүгүндө жана сурмасында
нымдалбаган кичине жер калса даарат кабыл болбойт.
11- Оң кол
менен чимкирбөө керек.
12- Башты,
кулакты жана желкени масх кылганда колду өзүнчө-өзүнчө суулабаш керек.