Таяммум


Таяммум топурак менен тазалануу дегенди билдирет. Даарат же гусул алуу үчүн суу табылбаса, болсо да колдонууга мүмкүн болбогон абалдарда таза топурак, кум, аки жана таш сыяктуу топурак түрүнө кирген таза нерсе менен Ханафи мазхабы боюнча убактысы кире электе таяммум алууга болот. Башка үч мазхабда убакыт кире электе таяммум алуу туура эмес.

Таяммум даарат жана гусул үчүн жеңилдик болуп саналат. Динибизде топурак менен таяммум алуу суу менен тазалануу сыяктуу. Динибиз көптөгөн кирдин топурак аркылуу тазалоо мүмкүн экенин ачык түрдө билдирет.

Таяммумду керек кылган негизги абалдар төмөнкүлөр:

1- Даарат жана гусул үчүн таза суу табылбаса (шаарда дайыма суу издөө фарз).

2- Суу колдонууга тоскоол болгон оору, суу колдонсо сууктан өлүү же сыркоолоо коркунучу бар болсо.

3- Суунун жанында душман же жапайы-жырткыч, уулуу жаныбар болсо.

4- Абакта суу колдонуу мүмкүнчүлүгү болбосо.

5- Өлүм менен коркутулса.

6- Жол жүрүп, жанында иче турган суусунан башка суунун жок болушу.

7- Кудуктан суу чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн жок болушу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш