Таяммумдун үч фарзы бар: даарат алуу үчүн жана
гусул алуу үчүн таяммум бирдей орундатылат. Бирок ниеттери башка. Даарат үчүн
кылынган таяммум гусул үчүн эсептелбейт. Бир эле таяммумдун гусул үчүн да кабыл
болушу үчүн гусул үчүн да ниет кылуу керек.
1- Ниет кылуу.
2- Эки колдун ичин таза топуракка сүртүп, бетке
толугу менен масх тартуу (сылоо).
3- Колдорду
таза топуракка чаап, алгач оң, кийин сол колго масх тартуу.
Таяммумдун эки
фарзы бар дегендер экинчи жана биринчи фарзды бир фарз катары эсептешет. Эки
түрү тең туура.