1- Бисмиллах
менен баштоо.
2- Топуракка
алакандын ичин коюу.
3- Алаканды
топурактын үстүндө ары-бери сүртүү.
4- Алаканда
топурак бар болсо, топурак калбаганга чейин эки колдун баш бармактары менен
бири бирине кагуу.
5- Колдорду
топуракка коюп жатканда манжаларды ачуу.
6- Адегенде
бетке, кийин оң колго, андан соң сол колго масх тартуу.
7- Даарат
сыяктуу бат-бат кылуу.
8- Колдордо
жана жүздө масх тартылбай калган жер калтырбоо.
9- Таяммумдан
мурда суунун бар экендигинен үмүт кылган болсо аны издөө.
10- Колдорун
күч менен уруп топуракка коюу.
11- Колдорго
жогоруда баяндалган түрдө масх тартуу.
12-
Манжалардын арасына масх тартуу жана муну кылып жатканда шакегин кыймылдатуу.