Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Даарат, гусул жана таяммумдун пайдалары




Даарат, гусул жана таяммумдун пайдалары


Ибадат максаты менен кылынган эки тазалык тең ден-соолук үчүн көптөгөн пайдага себеп болууда. Тулку-бойго болгон пайдасы менен бирге рухий ден-соолук үчүн дагы пайдасы көп. Аныкталган эсепсиз пайдаларынын айрымдарын төмөнкүдөй санап өтсөк болот:

1- Күнүмдүк жашообузда колубуз тийбеген жер, жукпаган микроб калбайт. Ал эми, даарат учурунда кол, бет жана буттарды жуу тери оорулары жана инфекциялардан эң мыкты коргонуу болуп саналат. Микробдор, бактериялардын айрымдары денеге тери аркылуу кирет.

2- Дем алуу системабыздын коргоочусу мурунду жуу аркылуу чаң жана микроб жыйындыларынын денеге кирип кетүүсүнөн сактайт.

3- Беттин жуулушу терини күчтөндүрөт, баштагы оордукту жана алсыздыкты жеңилдетет, эс алдырат. Тамыр жана нервдерди кыймылга келтирет. Дайыма даарат алган адамдардын карыганда да жүздөрү сулуу бойдон калууларынын себеби мына ушунда.

4- Жунуптукка себеп болгон абалдарда көп энергия жумшалат, жүрөктүн согуусу, кан айлануу менен дем алуу ылдамдайт. Организмдин ашыкча иштешинен улам чарчоо, алсыздык, уйку жана ыкшоолук сезилип, жалпысынан мээнин кызматы басаңдайт. Гусул аркылуу дене мурунку сергектигине жетет. Денени мезгил-мезгили менен тазалап жуу алдын алуу медицина жаатында өтө маанилүү.

5- Денебизде негизинде статикалык электр балансы бар. Ден-соолуктун чыңдыгы бул электрикалык баланс менен тыгыз байланыштуу. Бул тең салмактуулук психологиялык чыңалууларда, климаттык шарттарда, кийим-кечек, жашоо жана иштөө шарттарында, ошондой эле, гусул алууга себеп болгон жагдайларда бузулат. Жогорудагы электрикалык салмак ачууланганда нормалдуу абалдан төрт эсе, ал эми гусулду талап кылган абалдарда он эки эсе жогорулайт. Азыркы учурда инфра кызыл нурлар менен тышкы теринин атайы рентгени тартылып, жыныстык катнаштан кийин дененин бардык бетинин ашыкча статикалык электр катмары менен капталгандыгы аныкталган. Белгиленген катмар теринин кычкылтек алып берүүсүнө тоскоол болуу менен бирге, тери өңүнүн бузулуусуна жана эрте бырышуусуна себеп болот. Бул жагдайдан кутулуу үчүн денеде ийненин учундай жер калтырбай толугу менен тазаланып, жууну керек. Ошондо суу тамчылары терс электрикалык чыңалууну алып, денедеги токту азайтат жана кайрадан нормалдуу абалына келтирет. Ушул себептен гусул медициналык жактан дагы сөзсүз орундатылуусу керек болгон тазалык болуп саналат.

6- Даарат менен гусулдун кан айлануу системасына да оң таасири бар. Тамырларды катуу болуп кетүүдөн жана тарып, кичирейип кетүүдөн сактайт. Даарат локалдык ойготуу таасирине себеп болот. Лимфалык системанын эң негизги борбору болуп эсептелген бездер жуулуп ойготулат. Айрыкча моюн менен моюн капталдарынын жуулушу лимфалык системага таасир этет. Даарат жана гусул аркылуу жеңилдеген лимфалык айлануунун натыйжасында лимфоцит деп аталган «күрөшчү» клеткалар денени зыяндуу элементтерден коргошот жана иммунитетти жогорулатышат.

7- Суу табылбаган учурда топурак менен алынган таяммум кеңири өлчөмдө денедеги статикалык электрди жок кылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш