Алкогол, адеколон жана атыр


Суроо: Алкоголдун бардык түрү нажиспи?

Жооп

Бир гана этил алкогол (этил спирт) харам жана нажис болуп саналат. Башкаларынын химияда дагы аталышы алкогол. Алар нажис эмес. Намаз окуп жатканда этил алкоголу тийген жерлерди тазалаш керек.

Адеколон жана атырлар

Суроо: Адеколон, йод тундурмасы жана атыр сыяктуу алкоголдуу аралашма себилген кийим менен намаз окуу жаизби?

Жооп

Жаиз. Алкогол дары, атыр жана суу сыяктуу нерселерге бир пайдалуу максат үчүн аралаштырылса аралашма таза болот. (И. Ахлагы)

Демек, алкогол адеколон, йод тундурмасы жана атыр сыяктуу нерселерге бир пайдалуу максат үчүн аралаштырылгандыктан намазга тоскоол эмес. Эч кандай бир пайдалуу максатсыз аралаштырылса аралашма таза болбойт. Мисалы, сууга алкогол кошуп, аны кийимге сээп, бул дагы аралашма деп мындай кийим менен намаз окууга болбойт.

Алкогол кошулган мазь

Суроо: Алкогол кошулган мазь намазга тоскоол болобу?

Жооп

Жок, тоскоол болбойт.

Адеколон таза болуп саналат

Суроо: Ислам Ахлагы китебинде мындай деп жазылат:

1 – Суу менен топурак аралаштырылганда бул экөөнөн бири таза болсо пайда болгон ылай таза болот жана бул кавил сахих болуп саналат. Фатва дагы ушундай.

2 – Бул фатванын зайыф (алсыз) экенин билдирген аалымдар бар болсо дагы хараж (зарылдык, кыйынчылык) болгондо зайыф өкүмгө ылайык амал кылынат.

3 – Нажис болгон суюктук, мисалы, спирт дары, атыр (суу же топурак) сыяктуу нерселер менен (пайдалуу бир максат үчүн) аралаштырылса аралашма таза болот. (Бирок, дары үчүн болбогондорун ичүү харам.) Ошондуктан, йод тундурмасы жана адеколон Ханафиде таза болуп саналат.

Жогоруда айтылгандардан зарылдык, кыйынчылык болбосо дагы адеколон сээп окулган намаздын сахих боло турганын түшүнүүдөмүн. Адеколон таза деп айтылганына караганда зарылчылык болбосо да үстүбүзгө сепсек аны менен намаз окуу жаиз болобу?

Жооп

Ооба, ушундай экени ачык билинип турат. Бул жерде эки түрдүү кавил айтылууда:

Биринчи кавилде "Аралашма таза, бул кавил сахих жана фатва дагы ушундай” деп айтылды. Фатва ушундай дегенден кийин эч кандай маселе калган жок. Үчүнчү пунктта биринчи пункттагы сахих болгон фатванын түшүндүрмөсү жазылууда. Йод тундурмасы жана адеколондун таза экендиги, андан башка дары үчүн болгон аралашмалардын дагы, б.а., курамында алкогол болгон дарыларды колдонуунун дагы жаиз экендиги ачык билдирилүүдө.

Экинчи пунктта сахих болгон жана фатва берилген кавилди айрым аалымдардын зайыф дегендиги билдирилүүдө. Сахих кавилди билдиргенден кийин айрым аалымдар дегенде бул кавилге ылайык амал кылуу керек эмес экени түшүнүлөт. Бул жерде адеколон, йод тундурмасы сыяктуу аралашмалардын таза экенин билдирген кавил зайыф эмес, сахих кавил болуп саналат жана фатванын да ушундай берилгендиги билдирилүүдө. Зайыф кавил деп, мунун тескерисин айтып, мусулмандарды кыйын абалга түшүрүү жаиз эмес.

Алкогол нажис болуп саналат

Суроо: Алкоголдуу суусундуктар жана адеколон нажис эмеспи?

Жооп

Алкоголдуу суусундуктар төрт мазхабда тең нажис болуп саналат. Нажасатты тазалоо үч мазхабда фарз, Малики мазхабында болсо бир кавилде намаз үчүн нажасатты тазалоо фарз да эмес, важиб да эмес, сүннөт. (Ислам Ахлагы)

Адеколондо алкогол көп, бирок, алкоголдуу суусундук эмес. Аралашма болгондуктан Ханафи жана Шафии мазхабында намазга тоскоол болбойт. Адеколондун таза экендики Ислам Ахлагы китебинде жазылган. Малики мазхабында болсо нажасатты тазалоо фарз болбогондуктан адеколон себилген кийим менен намаз окууга болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш