Дене, кийим
жана намаз окула турган жердин таза болуусу. Жоолук, допу, чалма, маасы жана
наалын деп аталган бут кийим дагы кийимден болуп саналат. Моюндагы орогучтун
учу намаз окуган адам менен бирге кыймылдагандыктан, кийимге кирет жана анын
учу таза болбосо намаз кабыл болбойт. Жайнамаздын бут жана баш коюлган жерден
башка жери кирдесе намаз кабыл болот. Анткени жайнамаз моюн орогуч сыяктуу
денеге жабышып турбайт. Чөнтөгүндө оозу жабык бөтөлкөдө заара бар адамдын намаз
окуусу туура эмес. Себеби, бөтөлкө зааранын булагы эмес. (Мындан төмөнкү
нерсени түшүнсө болот: чөнтөгүндө оозу бекем одеколон, спирт, иод, капкагы
жабык кутучада кандуу бет аарчы, нажас чүпүрөк бар болсо намаз окууга болбойт).
Жок дегенде эки бут турган жана башты коюп сажда кылынган жердин таза болуусу
керек. Булганычтын үстүнө жабылган чүпүрөктүн, айнектин, клеенканын үстүндө
окулган намаз кабыл болбойт. Саждада этеги кургак кирге тийсе зыяны жок.
Териде,
кийимде, намаз окуган жерде оор нажасат (булганыч) дирхам
өлчөмүндө же андан көп болбосо намаз кабыл болот. Дирхам өлчөмүнө тең
болсо тахриман макрух болуп, аны жуу важиб болот. Дирхамдан көп болсо жуу фарз.
Кичинесин жуу сүннөт. Шараптын жада калса, бир тамчысын да жуу фарз. Имам Абу
Юсуф жана Имам Мухаммед, ошондой эле калган үч мазхабка ылайык оор нажасат болуп
эсептелген бардык нерселердин кымындай изин да жуу фарз. Булганычтын өлчөмү
катары анын жуккандагы эмес, намазга туруп жаткандагы өлчөмү каралат.
Дирхам өлчөмү
оор нажасаттарда бир мискал, башкача айтканда, төрт грамм сексен сантиграмм
оордукка барабар. Ал эми суюк булганычтарда алакан чуңкурунда кала тургандай
суунун аянтына барабар. (Бул орточо тыйындын көлөмүнө барабар.) Салмагы бир
мискалдан (4.80гр.) аз болгон катуу булганыч кийимдин алакан чуңкурунан чоң
аянтына жайылса да намазга тоскоол болбойт.