Эки түрдүү булганыч бар


1. Оор нажасат (булганыч): Адам баласынын денесинен чыкканда даарат жана гусул алууга себеп болгон бардык нерсе, эти желбеген жаныбарлардын жана балдарынын (жар канаттан башка) ашатылбаган териси, эти, тезеги жана сийдиги, адам баласынын жана бардык жаныбарлардын каны, шарап, өлүмтүк, чочконун эти, үй канаттуулары менен жүк ташуу үчүн колдонулган жаныбарлардын тезеги, кой жана эчкинин тезеги гализ, б.а., оор нажасат болуп саналат.

2. Жеңил нажасат (булганыч): Жеңил нажасаттар дененин кандайдыр бир мүчөсүнө же ошол мүчөнү жапкан кийимдин бир бөлүгүнө жукса, нажас болгон жер ошол мүчөнүн же кийим бөлүгүнүн төрттөн биринен аз болсо намазга зыяны болбойт. Эти желген төрт аяктуу жаныбарлардын сийдиги жана эти желбеген канаттуулардын тезеги жеңил нажасат болуп саналат. Көгүчкөн, таранчы жана башка ушундай сыяктуу эти желген куштардын тезеги таза.

Шарап, ачытуу аркылуу алынган спирт ичимдиктери оор нажасатка кирип, ичилиши шарап сыяктуу харам. Намаз окуу үчүн кан, спирт ичимдиктери денеден жана кийимден жуулуп тазаланышы керек. Бууланып учуп кетсе да тазаланган болуп эсептелбейт. Чөнтөктө алардын бөтөлкөсү бар болсо алып чыгаруу зарыл.

Булганыч бардык таза суулар менен, о.э. даараттын жана гусулдун суусу, уксус жана гүлдүн суусу сыяктуу суюк заттардын жардамы менен тазаланат. Даарат жана гусулда пайдаланылган суу мустамал суу деп аталат. Ал таза. Бирок, хадасты, б.а., жунуптуктан жана дааратсыздыктан тазалоочу эмес, аны менен булганыч тазаланат. Аны даарат менен гусул алуу максатында колдонууга болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш