Эркектердин басып баратып, жөтөлүп жатып же сол
капталына жатып истибра кылуусу, б.а., заара каналынан заара
тамчылатпоосу важиб. Заара тамчылары бүткөнгө чейин даарат албоо керек. Бир
тамчы тамчыласа даарат да бузулат, кийген кийим да кирдейт. Кийимге алакандын
чуңкурунан аз тамчыласа даарат алып окулган намаз макрух болот. Көп
тамчыласа намаз кабыл болбойт. Истибрада кыйналгандар арпа өлчөмүндө кебез
тампонду заара тешигине коюусу керек. Чыккан заараны кебез сорот. Бирок,
кебездин учунун сыртта калбоосу зарыл.