Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусулга байланыштуу түрдүү маалыматтар




Гусулга байланыштуу түрдүү маалыматтар


1- Жунуп кезде аялына жакындоо күнөө эмес, жаиз. Даараттуу болгон жакшы.

2- Туалетте гусул алууга болот. Мончого оң бут менен кирилет.

3 – Шафииде дарат алууда тартип фарз. Жунуп болгон Шафии мазхабындагы адам гусулга ниет кылып деңизге кирип чыкса, ошол бойдон намаз окуй алат. Анткени, гусулда дене бир орган болуп саналат.

4 – Гусулда аврат жерлери жабык кезде кыбыланы кароо макрух эмес.

5 – Гусул албастан намаз убактысын өткөрүп албоо шарты менен уктоого болот.

6 – Адам бир түндө эки жолу ихтилам болсо, жада калса, он жолу ихтилам болсо дагы бардыгы үчүн бир жолу гусул алуу жетиштүү.

7 – Түнү жунуп болуп ойгонгон адам багымдат намазынын убактысынын чыгуусуна аз калганын көрсө күнөөгө кирбөө үчүн убакыт чыгып үлгүрбөй кала турган болсо да дароо гусул алууга аракет кылат. Баары бир үлгүрбөй калам деп күндүн чыгышын күтүүсү туура эмес.

8 – Аялдар гусул алып жатканда алдына жана аркасына манжасын тыгып тазалоолору керек эмес. Мындай нерселердин эч кандай негизи жок. Ансыз деле дененин ичинде нажасат болот. Көрүнбөгөн жерлерди эмес, көрүнгөн жерлер гана жуулат.

9 – Эгер аял жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну каалаган кезде шприц менен жатынга урук салынып бойго бүтсө гусул алуусу керек. Эркектин жыныс мүчөсү аялдын жыныс мүчөсүнө эмес анын сыртына сүртүлүп мений (сперма) чыкса жана ошол мений кийин аялдын жатынына кирсе аял гусул албайт. Эгер ушундайча боюна бүтө турган болсо гусул алат жана ошол күндөн берки окуган намаздарынын казаларын окуйт.

Сууда чөгүп өлүү

Суроо: Жунуп кезинде деңизде же көлдө чөгүп өлгөн адам жунуп бойдон өлгөн болобу?

ЖООП: Жок, даараттуу өлгөн болот. Сууга киргенде бүт жерине суу тийип, оозуна, мурдуна суу киргендиктен гусул алган болуп саналат. Ыйманы бар болсо шейит болуп өлгөн болот.

Мончого кирип баратканда

Суроо: Мончобузда унитаз бар. Мончого кирип баратканда оң бут менен кирүү керекпи же сол бут мененби?

ЖООП: Жуунуу максатында кирип баратканда оң бут менен, туалетке кирип баратканда сол бут менен кирилет. Чыгып баратканда болсо тескериси кылынат.

Жылаңач жуунбаш керек

Суроо: "Мончодо жылаңач жуунуу макрух” деп айтылууда. Кандай кылганда макрухтан кутулган болобуз?

ЖООП: Киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал (ороно турчу кездеме, материал) менен жуунуу керек. Пештамал табылбаса хашама (сууга түшкөндө кийилген купальник) колдонуу керек. Ханбали мазхабын таклид кылып, бир гана алдынкы жана арткы аврат жерлерди жапкан бир шорты менен жуунуу керек. Пештамал же хашама болуп туруп Ханбали мазхабын таклид кылып, шорты менен жуунууга болбойт. Экө тең жок болсо гана таклид кылынат. Мазхаб таклиди бир зарылдык болгондо гана кылынат. Зарылдык болбосо кылынбайт.

Жунуп адам көлгө кирсе

Суроо: Жунуп адам деңизге же көлгө кирип чыкса гусул алган болобу?

ЖООП: Бассейн, көл, дарыя, деңизге кирип чыккан же жамгырда бүт жери суу болгон жунуп оозун жана мурдун дагы жууса гусул алган болот. Деңизге башы менен кирип, бирок, оозуна суу кирбеген болсо, чыкканда суу ичсе гусул алган болот. Тактап айтканда суу ичкенде оозу дагы жуулган болот. Бирок, жунуп кезде оозду жуубай суу ичүү макрух. (С. Абадиййа)

Көлгө кирген же түшкөн жунуп колу-бутун кыймылдатып, суунун ичинде бираз күтсө, гусулдун сүннөтүн дагы орундаган болот.

Ханафиде ниет фарз болбогондуктан көлгө, деңизге түшкөн адамдын оозуна жана мурдуна да суу кирген болсо гусул алган болот. Шафииде болсо эгер сууга кирип баратканда жана суунун ичинде гусулга ниет кылса гусулу сахих болот. Маликиде болсо ниет дагы, дененин бүт жерин делк кылуу (жышуу) керек.

Жунуп чакага колун салса

Суроо: Жунуп адам даарат албай чакадагы сууга колун салса суу мустамел (колдонууга жараксыз абалга келген) болобу?

ЖООП: Жок, мустамел болбойт. Жада калса, чакадан колу менен суу алып даарат алса дагы чакадагы суу мустамел болбойт. Мончонун курнасынан дагы ошол сыяктуу колу менен суу алып, даарат алса дагы курнадагы суу мустамел болбойт. Бул суу менен даарат жана гусул алууга болот. (С. Абадиййа)

Гусулда дуба окуу

Суроо: "Гусул алып жатканда даарат дубалары окулат, кыбыланы караса дагы болот”, - деп айтылууда. Аврат жерлерибиз ачык кезде ушуларды кылууга болобу?

ЖООП: С. Абадиййа китебинде айтылат: "Гусулдун сүннөттөрү мустахабдары, даараттын сүннөттөрү жана мустахабдары сыяктуу. Бир гана гусулда тартип б.а., кезеги менен жуу сүннөт эмес. Гусулда кыбылага каралбайт жана дуба окулбайт. Бир гана бисмиллах жана келиме-и шахадат окулат.”

"Эгер киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал, хашама сыяктуу бир нерсе бар болсо ошондо гана кыбыланы кароого болот.” (Радд-ул мухтар)

Аврат жери жабык болгон адам дуба дагы окуй алат. Жунуп болбосо аврат жерлери жабык бойдон Куран дагы окуса болот. Бирок, өзүнүн аврат жерлери ачык кезде жана аврат жерлери ачык болгондордун жанында Курани карим окуу макрух.

Суроо: Жума күнү гусул алуу важиб деп айтышууда. Бул маселеде хадис дагы бар экен. Бул чынбы? Андан башка, жума түнү жунуп болгон адам гусул алса жума күнү гусул алгандын сообун табабы?

ЖООП: Хадиси шарифтерди мужтахид аалымдардын түшүндүрмөсүсүз окуу жаңылыштыктарга себеп болот. Жума күнү гусул алуу муаккад сүннөт болуп саналат. Ал хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Жума күнү гусул алуу важиб [б.а., зарыл].” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, И. Ахмед, И. Малик, Табарани, Дайлами, И. Хиббан, Абу Нуайм]

Башка бир хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:

"Жума күнү гусул алуу мага фарз, силерге нафил [сүннөт].” [Дайлами]

Бул хадиси шариф биринчи хадиси шарифти түшүндүрүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын фарздан башка орундаган амалдарынын бардыгы нафил деп аталат. Ал орундагандыктан биз үчүн сүннөт болууда. Беш маал намаздын сүннөттөрү жана башка бардык сүннөттөр нафил болуп саналат.

Жума күнү гусул алуу өтө маанилүү. Расулуллах алейхиссаламдын бул маселеде бир канча хадиси шарифи бар. Айрымдарынын маанилери:

"Жумага келген адам гусул алсын!” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Несаи]

"Жума күнү гусул алуу бир жумалык күнөөлөргө кафарат болот. Үч күн ашыгы менен.” [Табарани]

"Бир жума кийинкисине чейин, беш маал намаз да башка намазга чейин кылынган күнөөлөргө кафарат. Жума гусулу да ушундай. Жумага баруу үчүн басылган ар бир кадам жыйырма жылдык амалга барабар. Жумадан чыккандан кийин да 200 жылдык амалдын сыйлыгы берилет.” [Байхаки]

"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Табарани]

"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү тазаланат, ага "Амалыңды жаңыдан башта” деп айтылат.” [Байхаки]

"Жуму күнү ахлине жакындык кылган адамга эки сооп берилет. Биринчиси өзүнүн, экинчиси да жубайынын гусулунун сообу.” [Байхаки]

"Ким жума күнү гусул алып, мечитке эртерээк барса, хутбаны тыңдап, унчукпай отурса, анын баскан ар бир кадамы үчүн бир жылдык [нафил] орозо, жана бир жылдык [нафил] намаздын сообу жазылат.” [Табарани]

"Жума күнү гусул алып, алгачкы сааттарда барган адам бир төөнү курмандыкка чалып, садага кылып тараткан сыяктуу соопко ээ болот. Бираз кечирээк барган адамга бир уйду, андан кечирээк барган адамга бир кочкорду, андан да кечирээк барган адамга бир тоокту мууздап, садага кылып тараткан сыяктуу сооп берилет. Эң акырында келген адамга бир жумуртканын садага сообу жазылат. Имам хутбага чыкканда периштелер дагы сооп жазууну токтотуп, хутбаны тыңдашат.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Несаи]

Жума түнү жунуптуктан гусул алган адам жума күнү гусул алгандын сообун табат.

Бир иш үчүн үч ниет

Суроо: Жунуп болгон киши жума түнү гусул алса, эртеси күнү ошол эле учурда айт болсо, бул киши жунуптуктан тазаланууга жана жума күнүнө да, айтка да гусулга ниет кылса бардыгы үчүн бөлөк-бөлөк сооп алабы?

ЖООП: Ооба, баарына ниет кылган болсо баары үчүн сооп ала тургандыгы "Нимат-ы Ислам” китебинде жазылган.

"Жунуптуктан жуунган адамга дагы сооп берилеби?” дегендер кездешүүдө. Жунуптуктан гусул алуу фарз. Фарзды орундаган адам абдан чоң соопко ээ болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим”, - деп айтат.” [Гунйа]

Жума күнү үчүн гусул алуу сүннөт жана сообу көп. Жада калса, бул гусулдун маанилүүлүгүн билдирген хадиси шарифтерден улам фарз деген аалымдар да бар. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Жума гусулу ар бир мусулманга важиб.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, И. Ахмед, И. Малик, Таберани, Дайлами, Абу Нуайм]

"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү тазаланат, ага " [Кана, күнөөсүз бойдон] амалыңды жаңыдан башта” деп айтылат.” [Байхаки]

Гусулда ниет

Суроо: Жунуп болгонун унуткан адам жума намазы үчүн гусул алса тазаланган болобу? Бул гусул менен намаз окуй алабы?

ЖООП: Ооба, тазаланган болот. Анткени, Ханафиде ниет фарз эмес, бирок, фарз сообун ала албайт. (С. Абадиййа)

Жума гусулу

Суроо: Бейшемби күнү түштөн кийин гусул алса жума күнү гусул алгандын сообу пайда болобу?

ЖООП: Ооба, сүннөт сообу пайда болот. (Нимат-ы Ислам)

Бир жерин жууганды унутуп кетсе

Суроо: Даарат же гусул алып жатканда бир жерин жууну унутуп койгон адам даараттан, гусулдан кийин же бир канча күндөн кийин эстесе эмне кылат?

ЖООП: Эстегенде бир гана унутуп койгон жерин жууса жетиштүү болот. Малики мазхабын таклид кылган адам болсо унутуп койгон жерин эстегенде дароо жуусу зарыл. Окуган намаздарын кайра окуусу керек эмес. "Жуудум беле же жуубадым беле" деп шектенсе бул васваса болот, жуусу керек эмес.

Гусул алгандан кийин бир жеринде суу өткөрбөй турган бир нерсени көрүп калган адам ал нерсени тазалап алып салып, ошол жерин жууса жетиштүү болот. Кайра гусул алуусу керек эмес. Маликиде дагы ушундай.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш