Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусулдан кийин мений (сперма) келсе




Гусулдан кийин мений (сперма) келсе


Суроо: Гусул алгандан кийин менийи келген эркектин кайра гусул алуусу керекпи?

ЖООП

Төрт мазхаб боюнча билдирели:

Ханафиде жана Ханбалиде; шахват (кумарлануу) менен ордунан козголгон мений кандайдыр бир себеп менен шахватсыз да чыкса кайрадан гусул алуу зарыл. Ошондуктан, гусул алуудан мурда бир канча убакыт уктап алуу же заара ушату аркылуу калып кеткен менийди чыгарып салуу керек.

Мений шахват менен ордунан козголсо жана сыртка чыкса гусул алуу зарыл. Шахват менен ордунан жылып, шахваты токтогондон кийин сыртка чыгарылса да Имам Азам менен Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча гусул алуу керек. Фатва да ушундай. Имам Абу Юсуф боюнча гусул алуу зарыл эмес. Бир зарылдык же муктаждык болсо Имам Абу Юсуфтун билдирүүсү боюнча амал кылуу жаиз болот. Мисалы, конокто жүргөн кезде же суукта гусул алуусу кыйын болгон адам түшүндө ихтилам болуп жатканда ойгонуп, дароо жыныстык мүчөсүн кармап мений чыгуусунун алдын алса шахваты өткөндөн кийин мений сыртка чыкса гусул алуу керек эмес.

Шафииде; заара кылган болсо дагы мений келгенде кайра гусул алуусу керек, анткени, Шафииде козголгон мений шахватсыз да чыкса кайра гусул алуу керек.

Маликиде болсо; заара кылган болсо дагы гусулдан кийин мений келсе кайра гусул алуу керек эмес, анткени, мений шахватсыз чыкканда Маликиде гусул алуу керек эмес.

Бирок, Маликини таклид кылган Ханафи жунуп болгондо өзүнүн мазхабынан чыкпаган болуп саналгандыктан гусул алуудан мурда заара ушатып, заара жолундагы менийди чыгарып салуусу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш