Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусулду кечиктирүү




Гусулду кечиктирүү


Суроо: Куптанды окугандан кийин жунуп болгон (гусулу сынган) адам канча убакытка чейин гусулсуз жүрсө күнөө болбойт?   

Жооп: Куптан намазын окугандан кийин жунуп болгон адамдын багымдат намазына чейин гусул даарат алууну кечиктирүүсү жаиз (уруксат) болсо да, дароо жуунганы албетте өтө жакшы болот. Имам Газали хазреттери: "Жунуп болуп, гусул албастан бир намаз убактысын өткөрүп жиберген адамга оттон кийим кийгизилет”, - деген. Намаз окуган жана окубаган ар бир адам да бир намаз убактысын өткөрүп жиберсе катуу азапка дуушар болот. Мисалы, бешимдин азанынан кийин жунуп болгон адам бешим намазын окубаган болсо асырдын убактысына бешимди окуй тургандай убакыт калганда гусул алуусу парз болот. Парз амалын орундоо чоң сооп, орундабаса чоң күнөө. Ыйык хадистерде мындай деп айтылат:

"Жунуп болгон кезде дароо гусул алуу керек! Анткени, кираман катибин периштелери жунуп бойдон жүргөн адамга таарынышат”. (Эй балам илмихали)

"Жандуунун сүрөтү, ит жана жунуп бирөө бар болгон бөлмөгө ырайым периштелери кирбейт”. (Насаи)

"Жунуп, мас адамга ырайым периштелери жакын жолобойт”. (Баззар)

"Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан (б.а., абдан көп) көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим», - деп айтат”.

Гусулдан баш тарткан адам 

Суроо: Гусулдан баш тартып, таштап койгон адам динден чыгабы?

Жооп: Гусулдан баш тарткан адам динден чыкпайт, бирок, чоң күнөө кылган болот. Гусулсуз жүргөн адам намаз окубайт. Намаз окубоо адамды куфурга тарта турган чоң күнөөлөрдүн бири. Андай адамдын ыйманынан ажырап калуусу оңой болот. Ошондуктан да, гусулду кечиктирбөө керек! Хадиси шарифте айтылат:

"Аллаху таала айтат: Мына бул үч амалды үзгүлтүксүз орундап жүргөн адам – менин чыныгы досум. Булардан баш тартып, таштап койгон адам – чыныгы душманым. Бул үч амал: намаз, орозо жана жунуп болгондо гусул алуу”. (Байхаки)

Аллаху таала "душманым” деген жана ырайым периштелери узак болгон адамдын үйүндө бакыт-таалай, береке деген нерселер калабы?

Жаштар жана гусул

Суроо: Таң эртең ихтилам (поллюция) болуп ойгонгон кезимде гусул алышым керек болот. Бирок, окуума кечикпөө үчүн гусулду намаз убакыттары өтүп кете турган болсо даүокуудан келгенден кийин алсам болобу?

Жооп: Эки мүнөттө гусул алууга болот. Намаз убакыттарын жунуп абалда өткөрүп жиберүү арам болот. Намаз окубоо дагы бөлөк күнөө. Эки арам иш кылуу андан да өткөн күнөө.

Жунуп болуп жүрүү

Суроо: Эне-атам менин бат-баттан душка түшүүмө каршы болушат. Жунуп болуп жүрөм. Жунуп бойдон өлгөн адам капыр болуп өлгөн болобу?

Жооп: Жунуп болуп жүрүү чоң күнөө болсо да, жунуп болуп жүрүп күнөө кылган адамды капыр деп айтууга болбойт. Намаз окубоо чоң күнөө. Жунуп болуп жүргөн адам намазын да окубайт. Түшүндүрүп, жуунуу керек экенин айтууңуз керек.

Хайзы бүткөн аял 

Суроо: Таң эртең күн чыкканда хайзы бүткөн аял бешим намазына чейин гусулду кечиктирсе болобу?  

Жооп: Хайзы бүткөн аял жунуп болот. Башкача айтканда, жунуп адамга кылууга болбой турган нерселерди ал да кыла албайт. Мисалы, тырмак жана чачын кыркуусу макрух болот. Бешим намазын убагында окуй ала тургандай гусулду кечиктирүү жаиз болот, бирок, биринчи мүмкүнчүлүктө гусул алганы жакшы болот. Анткени, бир ыйык хадисте айтылган:

"Жунуп болгондо дароо гусул алгыла, анткени, кираман катибин периштелери жунуп болуп жүргөн адамга таарынышат”. ("Эй, балам" илмихалы)

Жунуп бойдон кайтыш болуу 

Суроо: "Жунуп болуп өлгөн адам капыр болот” деп айтып жүргөндөр бар. Ушундай нерсе барбы?

Жооп: Жок, андай өкүм жок. Кутман сахабалардан Ханзала хазреттери гусул алууга убакыт таппагандыктан Ухуд согушунда жунуп бойдон шейит болуп өлгөн, аны периштелер жуунтушкан. Ошондуктан, "Гасил-ул-малаика” деген атак менен абройлонгон. "Периштелер жуунткан, гусул алдырган адам” деген маанини билдирет.    


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш