Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Тиштерге масх тартылбайт




Тиштерге масх тартылбайт


Суроо: Тиштин ичи эмес сырты жуулат. Пломбада тиштин сырты жуулганына карабастан, эмне үчү гусулга кедерги болууда?

ЖООП: Эгер тиштин сыртына сагыз жабышып калса, түбүнө суу өтпөсө анда гусул жаиз болбойт. Пломба дагы сагызга окшош, тишке суу өткөрбөйт. Тиш чириген кезде чириген бөлүгү тиштин сырткы бөлүгү болууда. Пломба салынганда сырткы бөлүгү жабылууда, ошол бөлүккө суу тийбөөдө. Башка мисалдарды келтирели:

1 – Гусулда бир гана кулактын сырты жуулат. Эгерде сөйкө үчүн тешилген болсо, анда тешилген жер эми дененин сырты болуп калат жана аны жууш керек болот.

2 – Эгерде бир манжанын жарымы кесилсе, кесилген жер эми дененин сырты болот. Эгерде кесилген жер жуулбаса, даарат да, гусул да сахих  болбойт. 

3 – Эгерде биздин колубуз билегибизден кесилсе, анда кесилген жер эми дененин сырты болуп калат. Ал бөлүктү жууш шарт болот.

Тиштер да ушул сыяктуу. Эгерде тиштин жарымы сынса, сынган жери дененин сырты болуп эсептелет. Сырткы бөлүгүн да гусулда менен жуу парз. Же тиштин сырты кандайдыр бир металл менен капталса, тишке суу өтпөгөндүктөн гусул сахих болбойт. Ушуга окшоп, тиштин чириген жери тазаланганда, бул эми тиштин сырты болууда жана гусулда ошол жерди жуу Ханафиде парз болгондуктан, гусулда ооздун ичин жуу парз эмес деген Малики же Шафии мазхабынын бирөөсүн таклид кылуу керек болууда.

Тиштин пломбасын жарага окшоштурууга болбойт. Протездин астындагы жара жуулбайт, масх тартуу жетиштүү деп айтуу жахилдик. Денедеги жараларга коюлган таңгычка масх тартылат. Жара айыккандан кийин таңгычка масх тартуу жаиз болбойт. Эгерде бул таңгычты чечүүдө кыйынчылык болсо, анда таңгычты алып салганга чейин түбүн жууштун кереги жок. Себеби, бул зарылчылыктан улам, башкача айтканда, жараны дарылап, мурунку абалына келтирүү үчүн коюлган. Протез жана пломбалар тишти мурунку калыбына келтирбейт. Оорулуу тиштин, көңдөй тиштин ошол абалында дагы бир аз убакытка чейин колдонулушуна шарт түзөт. Эгерде пломба тиштин чиришин жок кылып, мурунку калыбына келтиргенде, анда таңгыч сыяктуу бир зарылдык болмок.

Протездин үстүнө масх тартуу жаранын үстүнө масх тартуу сыяктуу эмес. Ушул себептен таңгыч менен пломбаны бири-бирине салыштырып болбойт. Буттагы маасыга масх тартылгандай эле, тишке да масх тартылат деп айтуу ого бетер жаңылыш. Масх буттагы маасыга гана тартылат, лактын үстүнө же протез капталган тиштин үстүнө тартылбайт. Динибизди оюнчукка айландырууга болбойт. Фикх өкүмдөрүн чегинен чыгып, реформаларды жасоо өтө кооптуу.



Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш