Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусул медициналык жактан керектүү тазалык




Гусул медициналык жактан керектүү тазалык


Суроо: Гусул талап кылган учурлардан кийин диний жактан болгондой эле, медициналык жактан дагы дененин ар бир бөлүгүн сөзсүз жуу керекпи?

ЖООП: Денебиздин демейде бир статикалык электр балансы бар. Дененин саламаттыгы ушул электрдик баланс менен тыгыз байланыштуу. Бул баланс психологиялык чыңалууларда, климаттык шарттарда, кийим-кече, жашоо, жумуш орундарында жана ал ортодо гусул талап кылган жагдайларда бузулат. Бул электр жүгү ачууланганда демейдегиден төрт эсе, гусул талап кылган учурларда 12 эсе жогорулайт. Бүгүнкү күндө инфра-кызыл нурлары менен тышкы теринин атайын фотосүрөттөрү тартылып, бул фотосүрөттөрдө гусул талап кылган жагдайлардан кийин дененин бүт бети артыкча статикалык электр катмары менен капталгандыгы аныкталган. Бул катмар теринин кычкылтек алмашуусуна тоскоолдук кылгандай эле, теринин өңүн жоготуп, тез бырыш түшүшүнө себеп болот. Бул абалдан кутулуу үчүн денени ийне учундай орун калбай тургандай кылып толук жуу керек. Ошентип, суу бөлүкчөлөрү терс электр чыңалуусун алып, денени электр катмарынан арылтууда жана кайра калыбына келтирүүдө. Бул жагынан алып караганда, гусул медициналык жактан дагы сөзсүз жасалышы керек болгон бир тазалык.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш