Ханафи мазхабында гусулдун үч фарзы бар:
1- Ооздун ичин жуу. Ооздун ичинде
ийненин учундай да сууланбай калган жер калган болсо, тиштин үстү же тиштин
тешиги сууланбай калса гусул алынган болуп эсептелбейт.
2- Мурунду жуу. Мурундагы кургак
кирдин астына же ооздогу чайналган нандын астына суу кирбесе гусул кабыл
болбойт. Ханбали мазхабында ооз менен мурунду жуу дааратта да, гусулда
да фарз. Ал эми Шаафи мазхабында гусулда ниет кылуу фарз.
3- Дененин
бардык жагын жуу. Киндиктин ичин, мурут, каш, сакалды жана алдындагы
терини, чачты жуу фарз. Тырмак, эрин, көз сурмасы же дененин кайсы бир
бөлүгүндө суу өткөрбөгөн заттар болсо (тырмактагы лак), гусул алынган болуп
эсептелбейт.