Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Гусул кантип алынат?




Гусул кантип алынат?


Суроо: Сүннөткө ылайык гусул кантип алынат?

ЖООП

Гусул алуу өтө оңой. Оозду жана мурунду суу менен жууп, деңиз же көлгө кирип чыккан, душта денесин толук жууган адам гусул алган болот. Алгач кадимкидей даарат алып, бетти жууп жатканда гусулга да ниет кылуу керек. Кийин дене толугу менен жуулса сүннөткө ылайык гусул алынган болот. Гусул алуу үчүн ниет Ханафи мазхабында сүннөт, башка мазхабдарда болсо фарз. Гусул алып жатканда ниетти унутуп койгон адамдын дагы гусулу өтөт.

Гусул аларда "бисмиллах" окулат. Калима-и шахадатты да окуса жакшы болот. Сүннөткө ылайык гусул алуу үчүн;

1- Алгач таза болсо дагы эки колду жана аврат жерлерди жууш керек. Денесинде нажасат (кир) бар болсо аны тазалап жууш керек.

2- Кийин гусулга ниет кылып толук даарат алуу керек. Бетти жууп жатканда гусулга да ниет кылуу керек.

3- Кийин денеге баштан аяк үч жолу суу төгүү керек. Алгач үч жолу башка, кийин үч жолу оң ийинге, кийин үч жолу сол ийинге суу төгүлөт. Сууну ар төккөн сайын ошол жак толук сууланууга тийиш. Биринчи төккөндө алакан менен ошол жакты сүртүү керек. Гусулда бир мүчөгө төгүлгөн сууну башка мүчөлөргө агызуу жаиз болуп, ал жерлер да тазаланган болот. Себеби, гусулда бүткүл дене бир мүчө болуп саналат. Даарат алып жатканда бир мүчөгө төгүлгөн суу менен башка мүчө сууланса ал мүчө жуулган болуп эсептелбейт. Гусул бүткөндө кайрадан даарат алуу макрух. Гусул алып жатканда намаз дааратын буза турган жагдайлар болуп калса (мисалы; кан чыкса, жел, заара чыкса ж.б.) гусул калган жерден улантыла берет. Дааратты бузган нерсе гусулду бузбайт. Бир гана бул даарат менен намаз окулбайт, кийин намазга жаңыдан даарат алууга тийиш.

Гусул алып жатканда самындануу, дененин кирин эзип жышуу жакшы эмес. Кирден тазалануу ишин гусулдан кийин же мурда кылуу керек. Эки иштин бир эле убакытта кылынуусу ылайык эмес. Гусулда ашыкча суу колдонулган болуп, макрух болот. Маликиде болсо мувалатка (тыным албай жууганга) тоскоол болсо гусул өтпөйт.

Мончого киргенде алгач гусул алынат. Анан кирден тазалануу үчүн жуунат. Кирден тазалануу үчүн жуунуп жатканда керегинчелик көп суу колдонууга болот.

Жунуп кезде аврат жерлерди жана колтукту кыруу, чач, тырмак алуу - макрух. Хайз кезде булар макрух эмес. Ошондуктан, жунуп кезде гусулдан мурда буларды кылбоо керек. Гусулдан кийин же башка убакытта кылуу керек.

Гусул жана ысырап

Суроо: Дааратта жана гусулда керегинен ашыкча суу колдонуу ысырап болобу?

ЖООП

Ооба. Бир гана гусулдан мурда же кийин кирден тазалануу үчүн жуунууга болот.

Васваса (күмөндөнүү)

Суроо: Васвасалуу адаммын. Кылдаттык менен даарат-гусул алганыма карабастан суу тийбеген жерим калган болсо же сажда-и сахв кылынуусу керек болгон жерде унутуп койгон болсом, ушуга окшош башка нерселерди да унутуп калган болсом, орозо кармап, бирок, унутуп жеп-ичип койгон болсом, унутуп намаздын убагын кечиктирип койгон болсом, кийин эстебегеним үчүн казасын окубаган болсом акыретте абалым кандай болот?

ЖООП

Динибизде унутуу үзүр болуп саналат. Унутуп жеп-ичүү орозону бузбайт, казасын кармоонун да кереги жок. Унутуп намазды казага калтыруу да күнөө эмес.

Дааратта, гусулда суу тийбеген жер калган болсо билбегенибиз үчүн күнөө болбойт. "Суу тийбеген жер калып кеттиби" деп кайра-кайра жууштун кереги жок. Булар васваса болуп саналат, васваса болсо күнөө.

Гусул алып жатканда сүйлөшүү

Суроо: Гусул алып жатканда сүйлөшсө эмне болот?

ЖООП

Гусул алып жатканда сүйлөшпөө - сүннөт. Зарылболбосо сүйлөшпөө керек.

Башка жерде алуу

Суроо: С.Абадиййа китебинде: "Гусул алып бүткөндөн кийин кайра даарат алуу макрух. Даарат бузулбаса башка жерде алуу жаиз”, – деп жазылууда. Башка жерде алуу дегенди кандай түшүнсө болот?

ЖООП

Гусул алган жерде эмес, башка жердеги жууна турчу жерде (мисалы, умывальникте ж.б.) даарат алуу дегенди билдирет. Эгер ушундай болсо макрух болбойт.

Гусулдан кийин буттарды жуу

Суроо: Гусулдан кийин буттарды кайра жууш керекпи?

ЖООП

Эгер буттардын астында суу чогулса чыгып баратып буттарды кайра жууш керек. Суу чогулбаса кайра жуулбайт.

Маликини таклид кылып гусул алганда

Суроо: Малики мазхабын таклид кылган эркек адам гусул алып жатканда алгач аврат жерлерин жууса, кийин аврат жерине колу эч тийбеген болсо даарат алып гусул алгандан кийин бул гусул даараты менен намаз окуса болобу?

ЖООП

Окуса болот. Гусул алып жатканда кол алдыңкы аврат мүчөгө даараттан кийин тийбесе даарат бузулбайт. Аврат жерлерине тийүү гусулга ансыз деле зыян бербейт. Тактап айтканда, кол тийген болсо да гусул улантылат. Кийин намаз окуу үчүн бир гана намаз дааратын алуу жетиштүү. Аялдарда болсо кол аврат жерлерге тийсе да даарат бузулбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш