Хайз илими


Суроо: Хайз жана нифас маалыматтарын үйрөнүү фарзбы?

ЖООП

Ооба, аял-эркек бардык мусулмандардын илмихал маалыматтарын үйрөнүүлөрү фарз. Ошондуктан, күйөөсү аялына үйрөтүүсү керек, эгер өзү билбесе билген аялдардан үйрөнүүсү үчүн уруксат берүүсү керек. Күйөөсү уруксат бербеген аял күйөөсүнүн уруксатысыз барып үйрөнүүсү керек, себеби, даарат, намаз, Курани карим, орозо, ажылык, балакатка кирүү, үйлөнүү, ажырашуу, иддет күтүү сыяктуу жагдайлар жана ибадаттар үчүн хайз илимин үйрөнүү шарт.

Бир кыз хайз көрүп баштаганда балакат, башкача айтканда, аял болот. Хайз көрбөгөн кыз 15 жашы толгондо балакатка кирген [балига] болот. 8 жашты толтурган кызга энеси, энеси жок болсо чоң энелеринин, эжелеринин, таежелеринин хайз жана нифас маалыматтарын үйрөтүүлөрү фарз. Эгер үйрөтпөй турган болсо өздөрү жана күйөөлөрү чоң күнөөгө киришет.

Хайз маалыматтары анчалык да кыйын эмес. Кыйын болгондо динибиз аалым жахил бардык адамдардын үйрөнүүлөрүн буйрук кылмак эмес. Негизги эрежелерди үйрөнгөндөн кийин түшүнбөй турчу эч бир жери жок.

Бухарада Ахмед бин Хафс аттуу бир жаш жигит үйлөнөт. Алгачкы түнү кыз буга: "Хайз илимин үйрөндүңбү?” – дейт. "Жок”, - дегенде кыз ага: "Аллаху таала: "Өзүңөрдү жана кол алдыңарда болгондорду оттон коргогула”, - деди. Жахил болгон адам кантип коргой алсын?” – дейт. Бул сөз жаш жигитке катуу таасир кылат. Жубайын Аллаху таалага тапшырып, Марв шаарында жылдар бою илим үйрөнүп аалым болуп үйүнө келет. Устазы ага Абу Хафс-и кебир деген ат коёт.

Өзгөчө күндөр дептерин колдонуу керек

Бир айдагы кандуу жана таза күндөрдүн кайсынысы хайз, кайсынысы истихаза болгондугун аныктай алыш үчүн мындан бир мурдагы айда канча күн таза болгондугун, канча күн хайз болгондугунун билинүүсү шарт.

Эгер мындан мурдагы ай 10 күндөн артык кан келген болсо 10 күндөн аз келген истихазасыз болгон акыркы айдагы кан абалын да билүү керек.

Малики мазхабын таклид кылгандардын азыркыга чейин көргөн эң көбүнүн үч күн артыгы хайз болот. Андан да көбү жана 15 күндөн артыгы истихаза болот.

Өзү аныктай албагандар суроо сурап жатканда кандуу жана таза күндөрүнүн санын билдире алышат жана белгилегендерин дагы жиберип сурай алышат.

Таза жана кандуу күндөрдү билдирүүдө, мисалы, (23 күн таза болду, 7 күн хайз болгон эле, азыр болсо 25 күн таза болгондон кийин 8 күн кан келди) деген сыяктуу билдириш керек. Башкача айтканда, "Мынча күн кан келди” деп сан менен жазуусу керек. "3-сентябрдан 9-сентябрга чейин кан келди”, - деп дата менен жазбоо керек. Мындай жазганда бул даталардын кирип же кирбегендиги билинбей адашууга себеп болушу мүмкүн.

Мына, булардын бардыгын аныктай алуулары үчүн ар бир аялдын "Өзгөчө күндөр дептерин” жаза жүрүүлөрү керек. Буга деп атайын таблица даярдап сайтыбызга жайгаштырдык. Төмөндөгү линктен жүктөп алууга болот. Принтерден чыгарып алып кагаздын үстүнө белгилөөгө болот жана компьютерде дагы Exel файлда белгилөөгө да болот. Мисал катары бош жана белгиленген таблица дагы төмөнгө коюлган. Кан келген күндөрдү хменен белгилөөгө болот.

Exel форматындагы таблицаны бул линктен жүктөп алууга болот

Өзгөчө күндөр дептери

Хайзга байланыштуу кээ бир терминдер:

Хайз: Ай башы же регл

Фасид кан: Хайз болбогон кан дегенди билдирет. Бул кан истихаза деп дагы аталат.

Истихаза: Хайз болбогон кандуу күндөр. Бул өзүр деп дагы аталат.

Фасид тазалык: Он беш же андан артык таза күн ичинде фасид кан, башкача айтканда истихаза каны болсо бул күндөрдүн бардыгы фасид тазалык деп аталат. Хайз мөөнөтү ичинде кан көрүлбөгөн күндөр да фасид тазалык деп аталат.

Нифас: Лохусалык абалы. (төрөттөн кийинки абал)

Айиса: Хайздан кесилген, кары аял дегенди билдирет. Айиса жашы Ханбалиде 50, Ханафиде 55, Шафииде 60, Маликиде 70. Бул жаштардан кийин келген кан хайз болбойт, истихаза болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш