Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Хайз » Орозодо хайз келсе




Орозодо хайз келсе


Суроо: Рамазанда бир аялдын хайзы (этек кири) келсе, кармаган орозосун ачып жиберсе болобу? Хайзы токтогондо жеп-ичсе күнөө болобу?

Жооп: Рамазанда бир аялдын хайзы имсак (ооз жаба турган) убактысынан кийин токтосо ошол күнү кечке чейин орозо кармагандай эч нерсе жебей жүрөт. Имсак убактысынан кийинхайзы башталган аял ошол күнү жашыруун ичип-жей алат. Эки жагдайда тең ошол күндүн орозосун кийин каза кылат (казасын кармайт). Бир намаз убактысынын ичинде намаз окуудан мурун хайз көргөн аял ошол убакыттын намазынын казасын окубайт. 

Имсак убактысынан мурун кан токтой турган болсо багымдат намазынын убактысына чейин жалгыз гусул алып кийимин кийе тургандай убакыт болсо, жада калса, "Аллаху акбар" дей тургандай убакыт да калбаган болсо, ал күндүн орозосун кармайт. Бирок, куптан намазынын казасын окуу керек болбойт. Такбир айта тургандай да убакыт бар болсо куптандын дагы казасын окуу керек болот. Ифтардан (ооз ачардан) мурда хайз башталса орозо бузулат. Рамазандан кийин казасын кармайт. Намаз ичинде хайз баштала турган болсо намаз бузулат. 

Суроо: Бир аял кечинде эртеңки орозого ниет кылса, эртеси күнү хайзы башталса ошол күнү орозо кармайбы?

Жооп: Хайз башталган кезде орозо бузулган болот, ичип-жей алат. Бирок, орозо кармагандардын көзүнчө эч нерсе жебеш керек!

Суроо: Бир аял түндө ниет кылган орозосун түшкү убакта бузган болсо, түштөн кийин хайз көрсө, казасын кармоого тийишпи? 

Жооп: Хайз болбогондо каффарат зарыл болмок. Хайз болгону үчүн каза керек. Бир адам орозосун бузса, кийин орозо кармай албай тургандай даражада ооруп калса да каза керек. 

Суроо: Хайзы келген аял Рамазан орозосун кармоосу жаизби?

Жооп: Жок, жаиз эмес.

Суроо: Орозонун казага калып кетпеши үчүн хайзды дарынын жардамы менен кечиктирүү жаизби? 

Жооп: Ооба, жаиз. 

Суроо: Адат күнү 13 жана 15 болгон Малики мазхабын таклид кылган аял онунчу күндөн кийин Рамазан орозосун кармай алабы? 

Жооп: Ооба, орозо кармоого тийиш. Он күндөн кийин эмес, негизги адаты канча болсо ошол кундөн кийин орозо кармоосу керек. Ханафи мазхабы боюнча адат мөөнөтү бүткөн болуп эсептелет жана гусул алып орозо кармайт. Гусул албаса да орозосу сахих болот (өтөт). Бирок, албетте, гусул алып орозо кармоо жакшыраак болот. Малики мазхабы боюнча дагы кан токтогондо, башкача айтканда, 15 күн өткөн соң гусул алуу керек. 

Суроо: Каза орозосун кармаган күнүмдө хайз башталды. Хайзым бүткөндөн кийин жартылай болуп калган орозом үчүн бөлөк дагы бир күн кармашым керекпи?

Жооп: Андан бөлөк орозо кармабайсыз. Каза орозоңуз жартылай калды. Ошону гана жаңыдан кармайсыз.

Суроо: Өзү Ханафи болгон, бирок, кээ бир маселелерде Малики мазхабын таклид кылуучу аялдын көп убактан бери хайз күндөрү ар убакта 15 күн болот. 15 күн таза жүрөт. Ханафидехайздын эң узагы 10 күн деп кабылданган. Эми жанагы аял хайзынын 10 күнүн өткөргөн соң дагы эле хайзы келип жаткан болсо орозо кармай алабы?

Жооп: Орозодо Малики мазхабын таклид кылбагандыгы үчүн 10 күндөн кийин орозосун кармайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш