Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Хайз » Маликиде хайз жана нифас




Маликиде хайз жана нифас


1-Хайздын эң азы жок. Бир тамчы келсе да хайз деп кабыл кылынат. Эң көбү болсо 15 күн. 15 күндөн көп келсе истихаза [үзүр] болот. [Ханафиде хайздын эң азы 3, эк көбү 10 күн. Мындан азы же көбү истихаза. Маликини таклид кылган аял Ханафи боюнча истихаза болуп, Малики боюнча хайз болгон күндөрдө намаз окубайт, истихаза болуп, бул күндөрдүн казасын кийин окуйт. Мисалы, Ханафиде бир аялдын хайзы 5 күн кезде 8., 12чи жана 14ч. күндөрү кан көрсө Ханафи боюнча хайзы дале 5, кан көрүнгөн 8., 12чи жана 14ч. күндөрү истихаза. Маликиде болсо хайзынын эң көбүнүн үч күн артыгы өтөт. Тагыраагы, хайзы 5 күн болгондугу үчүн хайзы 8 күнгө чыккан болот, калган күндөр истихаза болот.]

2-Экинчи хайзын боло алуусу үчүн арадан эң аз 15 күн өтүүсү керек. 15 күнөтө электе кан келсе бул хайз эмес истихаза. Гусул албастан намаз окулат. [Ханафиде дагы ушундай.]

3-Айисадан [70 жаштан кийин] келген кан хайз эмес истихаза. [Ханафиде айиса жашы 55, Маликини таклид кылган аял бул күндөрдө кан келсе намаз окубайт, бирок, токтогондо казасын окуйт.]

4-Бойдо болуудан жана төрөттөн мурда келген кан хайз. [Ханафиде истихаза. Маликини таклид кылган аял бул кандуу күндөрдө орозосун кармайт, бирок, намаз окубайт. Намазынын кийин казасын окуйт.]

5-Кесарово менен, тагыраагы, эненин курсагы кесилип бала алынганда келген кан нифас болбойт. [Ханафиде нифас болот. Маликини таклид кылган Ханафи бул жерде өз мазхабы болгон Ханафиге моюн сунат.]

6-Нифаста кан келген күндөрдүн топтомунун эң көп мөөнөтү 60 күн. [Ханафиде нифастын башталышынан 40 күнгө чейин өткөн таза жана кандуу күндөрдүн топтому. Маликини таклид кылган аял нифас хайзынан кийинкисин же нифас хайзы жок болсо 40 күндөн кийинкисинин казасын орундайт.]

7-Нифас көрүп атканда 15 күн эч кан келбесе тазаланган болот. Бул 15 күндүк тазалыктан кийин кайрадан кан келсе бул кан нифас эмес хайз каны. [Ханафиде болсо 40 күнгө чейин нифас.]

8-Нифаста 15 күн өтпөстөн дагы кан келсе нифас каны болот. 15 күн өткөндөн кийин келсе хайз болот. Нифас кандары арасында 15 же андан көп тазалык болсо нифас бүттү деген сөз, 60 күндү күтүү керек эмес. 15 же кийин дагы кан келсе бул нифас эмес хайз каны болот.

9-Хайз же нифастуу аялдын курсагы менен тизеси арасын жылаңач кармоо, тийүү жаиз эмес.

10-Маликиде хайзынан эң көбүнүн үч күн артыгы хайз болот. Андан көбү жана 15 күндөн артыгы истихаза болот. (С.Абадиййа)

Башкача айтканда, бир аялдын хайзы түшүп-көтөрүлсө жана эң көбү 9 күн болсо, акыркы ай 14 күн кан көрсө Малики боюнча мунун бир гана 9+3= 12 күнү хайз, калган эки кандуу күн истихаза болот. Ханафи боюнча болсо хайзы дале 9 күн болот, калган кандуу күндөр истихаза болот. Эгер токтобостон 15 күн уланса Маликиге карата дале 12 күн хайз, калганы истихаза болот. Маликини таклид кылган аял хайзы болгон 9 күндөн кийин окуй албаган намаздарынын казасын окуйт.

Маликиге карата хайз

Суроо: Маликини таклид кылган бир Ханафинин хайзынын эң көбү 6 кезде айзыр мындай болду:

1чи ай: 18 таза 5 кан,

2чи ай: 15 таза 12 кан,

3чү ай: 19 таза 14 кан,

4чү ай: 25 таза 15 кан,

5чи ай: 40 таза 8 кан,

6чы ай: 25 таза 11 кан.

Кайсы күндөрү хайз?

ЖООП

1-Биричи айдагы хайз кадимкидей.

2-Экинчи айдагы кан абалы 10 күндү өткөндүгү үчүн истихаза бар дегенди билдирет. Ханафи боюнча кандуу күндөр мурдагы хайзга 5 күн туш келгендиктен бир гана туш келген бул күндөр хайз болот. 12 кандуу күндүн алгачкы 3 күнү истихаза, 5 күнү хайз, кийинки 4 кандуу күн дале истихаза болот. Тазалык күн саны өзгөрбөйт. Хайзынын эң көбү 6 күн болгонуна караганда экинчи айда Малики боюнча хайзы 6+3= 9 күн болот. Хайзынын эң көбү болсо 9 күнгө чыккан болот. 11чи күн кан келгенде истихаза экендиги түшүнүлөт, туш келген, башкача айтканда, жаңы хайзы болгон 5 күндөн мурдагы 3 күн менен кийинки 2 күндүн казасын орундайт.

3-Үчүнчү айдагы кандуу күндөр дале 10 күндү ашкандыктан истихаза бар дегенди түшүндүрөт. Истихаза болгондо истихаза болбогон акыркы айдагы абал негиз деп алынат. Ханафи боюнча 14 кандуу күндүн мурдагы хайзга туш келген алгачкы 4 күнү хайз болот. Калган 10 күн истихаза болот. Малики боюнча болсо экинчи айдагы хайзы хайзынын эң көбү 9 күн болгондугуна караганда эң көп 9+3= 12 күн болот. Акыркы эки күнү истихаза болот. 12чи күн акырында гусул алуу керек. Ханафи боюнча алгачкы 4 хайздан кийин окулбаган 8 күндүк намаздын казасы окулат.

4-Төртүнчү айдагы кандуу күндөр 10 күндү ашкандыгы үчүн истихаза бар дегенди түшүндүрөт. Истихаза болгондугу үчүн дале биринчи айдагы хайз негиз алынып, ошого карата эсеп кылынат. Ханафи боюнча мурдагы хайзга туш келген кандуу күн болбогондуктан мурдагы хайз күнү негиз алынат. Хайзы 5 күн болот. Малики боюнча болсо эң көп көрүлгөн хайз 12 күн болгондуктан 12+3= 15 күнгө чейин келгендер хайз болот. 15чи күн бүтүмүндө гусул алат. Ханафи боюнча окулбаган 10 күндүк намаздын казасы окулат.

5-Бешинчи айда истихаза болбогондугу үчүн өтө турчу алгачккы хайз назарга алынбайт. Ханафи боюнча хайзы 8 күнгө, тазалык болсо 40 күнгө чыккан болот. Маликиде болсо хайзы 8 күн болот.

6-Алтынчы айдагы кандуу күндөр 10 күндү өткөндүгү үчүн дале истихаза бар дегендик. Бешинчи айдагы өтө турчу хайз негиз алынат. Хайзы 8 күн, акыркы 3 күнү болсо истихаза болот. Малики боюнча болсо 11 күнгө чейин хайз эсептеле тургандыгы үчүн 11чи күндүн акырында гусул алып, 8 күндөн кийин окубаган 3 күнүнүн казасын окуйт.

Маликиде хайздын өзгөрүүсү

Суроо: Маликини таклид кылган бир Ханафи аялдын хайзынын эң көбү 8 кезде азыр мындай болду:

1чи ай: 45 таза 3 кан,

2чи ай: 38 таза 13 кан,

3чү ай: 43 таза 14 кан,

4чү ай: 70 таза 4 кан,

5чи ай: 49 таза 15 кан,

6чы ай: 15 таза 11 кан.

Кайсы күндөрү хайз?

ЖООП

1-Биринчи айдагы хайз кадимкидей.

2-Экинчи айдагы хайз абалы 10 күндү өткөндүгү үчүн истихаза бар дегендик. Ханафи боюнча кандуу күндөр мурдагы хайзга 3 күн туш келгендиктен бир гана туш келген бул күндөр хайз болот. 13 кандуу күндүн алгачкы жети күнү истихаза, мурдагы хайзга туш келген 3 күн хайз, акыркы 3 күн болсо дале истихаза. Малики боюнча болсо эң көп көрүлгөн хайз 8 болгондуктан 8+3= 11 күнгө чейин келгендер хайз болот. 11чи күн акырында гусул алып, окулбаган алгачкы 7 күндүк жана 3 күн хайздан кийинки 1 күндүк намаздын казасы окулат. Акыркы эки күнү эки мазхабда тең истихаза болгондугу үчүн ансыз да намаз окулат.

3-Үчүнчү айдагы кандуу күндөр дале 10 күндү ашкандыктан истихаза бар. Истихаза болгондо истихаза болбогон эң акыркы айдагы абал негиз деп алынат. Мисалда биринчи ай негиз деп алынат. Ханафи боюнча 14 кандуу күндүн алгачкы 2 күнү истихаза 3 күн мурдагы хайзга туш келгендиктен хайз, кийинки 9 күн болсо истихаза. Малики боюнча болсо эң көп көрүлгөн хайз мурунку айда 8+3= 11 эле. Бул ай болсо 11+3= 14 болгондуктан 14чү күндүн акырында гусул алат. Ханафи боюнча окулбаган алгачкы 2 күндүк жана 3 хайздан кийинки 9 күндүк намаздын казасы окулат.

4-Төртүнчү айда истихаза болбогондугу үчүн өтө турчу алгачкы хайз назарга алынбайт. Ханафи боюнча хайзы 4 күнгө, тазалык болсо 70 күнгө чыккан болот.

5-Бешинчи айда кандуу күндөр 10 күндү ашкандыгы үчүн дале истихаза бар. Истихаза болгондугу үчүн бир мурунку айдагы хайз негиз алынып, ошого карата эсеп кылынат. Мурунку айдагы өтө турчу хайзы 4 күн эле. Ханафи боюнча мурдагы хайзга туш келген кандуу күн болбогондуктан мурунку хайз күнү негиз деп алынат. 49 таза 4 хайз, калган 11 күн истихаза болот. Малики боюнча болсо эң көп көрүлгөн хайз бир мурунку айда 11+3= 14 эле. Бул айда болсо 14+3= 17 болуп, бул сан 15ти өткөндүгү үчүн эми хайз 15 деп кабыл кылынат. 15чи күн бүтүүсүндө гусул алып, окулбаган 11 күндүк намаздын казасы окулат.

6-Алтынчы айдагы кандуу күндөр 10 күндү ашкандыгы үчүн дале истихаза бар. Түртүнчү айдагы өтө турчу хайз негиз деп алынат. Ханафи боюнча 11 кандуу күндүн алгачккы 4 күнү хайз, калган 7 күнү болсо истихаза болот. Малики боюнча болсо 11чи күн болгондо гусул алып, окулбаган 7 күндүк намаздын казасы окулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш