Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Хайз » Ханбалиде хайз жана нифас




Ханбалиде хайз жана нифас


1) Хайздын эң азы 1 күн, эң көбү болсо 15 күн. 15 күндөн көп келсе истихаза [үзүр] болот.

2) 9 жаштан кичине кыз жана айисадан [50 жаштан кийин] келген кан хайз болбойт, үзүр болот.

3) Боюнда бар аялдан келген кан хайз эмес истихаза.

4) Истихазалуу аял менен ватий (жакындоо) харам. Калган үч мазхабда жаиз. Нифастуу аялдын кыркы чыкмайынча тазаланса дагы ватий жаиз болбойт. Калган үч мазхабда жаиз. Хайз бүткөндөн кийин гусул албастан ватий үч мазхабда жаиз эмес. Ханафиде жаиз. Хайздуу жана нифастуу аялдын аврат жеринен сырткары киндиги менен тизесинин арасына тийүү Ханбалиде жаиз, Шафии жана Маликиде жаиз эмес. Ханафиде болсо Имам Азамга карата жаиз эмес, Имам Мухаммедге карата жаиз, фатва да ушундай.

5) Нифастын эң көп мөөнөтү Ханафидегидей 40 күн. Азы үчүн бир чек жок.

6) Нифас көрүп жатканда кан келбеген күндөр таза, гусул алып бардык ибадатын орундай алат. Кан келген күндөр намазын, орозосун токтотот. 40 күнгө чейин ушундай уланат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш