Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Хайз » Аялдардын хайз жана нифас абалдары




Аялдардын хайз жана нифас абалдары


Гусулдун он бир түрү бар. Бешөө фарз. Алардын ичинен экөө аялдын хайз (этек кири) жана нифасы бүткөндө алына турган гусул. 

Ибни Абидин «Манхал-ул-варидин» аттуу китебинде мындай деп жазат: «Ар бир аял жана эркек мусулмандын илмихал үйрөнүүсү фарз экендигин дин аалымдары бир добуш менен билдиришти. (Кот: Илмихал -бул ар бир мусулмандын ыйман, ибадат жана ахлак тууралуу билүүсү керек болгон маалыматтар.) Ар бир мусулман аялдын хайз жана нифас маалыматтарын үйрөнүүсү фарз. Ар бир мусулман эркек үйлөнөр мезгилинде хайз жана нифас тууралуу маалыматтарды үйрөнүүсү зарыл.  Үйлөнгөндө жубайына да үйрөтүшү керек.

Хайз сегиз жашын бүтүрүп, тогуз жашына кирген, ден соолугу чың кыздан же менструациясынын акыркы мүнөтүнөн он беш күн өткөн аялдан жок дегенде үч күн бою келген кан. Актан башка бардык түстөгү кан хайз каны деп аталат. Бир кыз хайз көрө баштаганда балагатка, бойго жетет жана аял даражасына кирип, диндин буйрук жана тыюуларынан жооптуу. Кан келген учурдан токтогон күнгө чейинки күндөр хайз мезгили катары саналат. Бул мезгил эң аз үч, эң көп он күнгө чейин уланат. Ар бир аял өзүнүн хайз күндөрүнүн санын жана саатын билүүсү керек.  Сегиз жашына толгон кызга апасы, апасы жок болсо, чоң апа, эже жана таэжелеринин хайз жана нифас илимин айтып үйрөтүүлөрү фарз.

Нифас - төрөттөн кийин келген кан. Бул кандын эң аз деп эсептелген мөөнөтү жок. Кан токтоору менен дароо гусул алуу керек. Эң көп кырк күнгө созулат. Кырк күн толгондо кан токтобосо да гусул алып намаз окуй баштайт. Кырк күндөн кийин келген кан истихаза (б.а., үзүр) болуп саналат. Аялдардын нифас күндөрүн жатка билүүлөрү керек.

Истихаза (үзүр каны) үч күндөн, б.а., жетимиш  эки сааттан беш мүнөт аз болсо да жана жаңы башталгандарда он күндөн ашык уланат. Жаңы башталбагандардыкы хайздан узун болуп, он күндөн ашат. Кош бойлуу, элүү беш жаштан өткөн (айисе абалындагы) аялдардан, тогуз жаштан төмөндөгү курактагы кыздардан келген кан болуп эсептелет. Бул кан кандайдыр бир оорунун белгиси. Бир топ күнгө чейин келүүсү коркунуч туудуруп, дарыгерге барууну талап кылат.

Истихаза күндөрүндө аял мурду көп канаган адам сыяктуу бул абалда да намаз окуп, орозо кармай алат.

Хайз жана нифас абалындагы бир аял намаз окубайт жана орозо кармабайт. Тилават жана шүгүр саждасын кылбайт. Курани карим кармай албайт. Мечитке кире албайт. Каабаны таваф кыла албайт. Жыныстык катнашта боло албайт. Тазаланганда орозолорунун казасын кармайт, бирок, намаздарынын казасын окубайт. Аялдар хайзынын башталгандыгын күйөөсүнө билдириши керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Хайзы башталгандыгын жана бүткөнүн күйөөсүнөн жашырган аял малун (лаанатка калган)», - деп айткан. Хайз жана нифас токтогондо дароо гусул алып, жуунуу фарз. Бул Аллаху тааланын буйругу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш