Туалет адеби


Суроо: Туалет адеби эмнелер?

ЖООП

  1. Туалетке кирерде Аузу Бисмиллах айтылып "Аллахумма инни аузу бика минал хубси вал хабаис” деген дуба окулат.
  2. Туалетке кирерде колунда Аллаху тааланын ысымы жана Курани карим жазылган бир нерсе болбоосу керек. Чөнтөктө же жабык болсо зыяны жок. Мойнунда Аллах ысымы жазылган бир нерсе асылуу болбоосу керек. Бар болсо көйнөктүн ичине киргизүү керек.
  3. Туалетке ылайыгы менен жакшылап оролгон тумар менен кирүүгө болот.
  4. Туалетке сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу керек.
  5. Туалеттен чыкканда "Алхамдулиллахиллази азбаха анил аза ва афани” деген дубаны окуу керек.
  6. Туалетте сүйлөшпөө, көп отурбоо, газета, ж.б., окубоо, ыр ырдабоо, тамеки тартпоо, сагыз чайнабоо керек.
  7. Туалетте зикир кылынбайт, салам бергендин саламы алынбайт. Чүчкүргөн адам көңүлүнөн "Алхамдулиллах" деш керек.
  8. Туалетте даарат бузуп жатканда алды жана арканы кыблага каратпоо керек. Солго карай бурулуу керек.
  9. Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин дароо аврат жерди жабуу керек.
  10. Нажасатты тазалап жууганда оң кол менен эмес сол кол менен тазалаш керек. Эгер сол колунда истинжа кылууга (тазалоого) кандайдыр бир кедерги же бир себеп бар болсо оң кол менен истинжа кылууда коркунуч жок.
  11. Туалетте ажат кылып жатканда алдын жана артын дароо жабуукерек.
  12. Нажасатты манжа менен алып, колду жууш керек. Акырында калган нажасат бар болсо аны да суу менен жууш керек.
  13. Эркектер истинжа кылып жатканда аркадан алдыга карай, ал эми аялдар болсо алдыдан аркага карай жууш керек. Ушундайча алды жагына кир жугузбоо менен бирге улам сүртүлүп шахват болуудан да сактанат.
  14. Тазалангандан кийин сүргү менен кургануу керек. Эгер сүргү жок болсо туалет кагазы менен дагы курганууга болот. Бул кагаздар ошол максатта өндүрүлгөн. Башка кагаздарды колдонуу макрух болот.
  15. Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин ич кийимине бираз суу серпүүсү керек. Ушундайча ич кийиминде суу көргөн кезде аны заара деп ойлобой, шектенүүдөн, васвасадан сактанат.
  16. Тазалангандан кийин эркектер истибра кылуулары керек. Аялдар истибра кыла албайт. Истибра - бул заара каналында заара калтырбоо дегендик. Истибраны ары-бери басып, жөтөлүп же болбосо сол тарапка жатуу менен кылууга болот.
  17. Истибра кылынбастан туалеттен чыга турган болсо ич кийимине заара чыгып жугуп калуу ыктымалы болгондуктан туалеттен чыгарда заара тешигине арпанын чоңдугундай кебез коюлуп, зааранын сыртка чыгуусуна бөгөт коюш керек.
  18. Истибра кылынып заара калбагандыктын билинүүсү, көңүлдүн канааттануусу "истинка” деп аталат. Истинкадан кийин даарат алууга болот.
  19. Аврат жерлерин жана нажасатты карабоо, туалетке түкүрбөө керек.
  20. Эч зарылчылыксыз өйдө тик турган абалда заара кылбоо керек. Туалетте кийимге заара чачыратпоо керек. Бул үчүн эгер мүмкүн болсо өзүнчө пижама, шым колдонуу керек. Туалетке өзүнчө пижама жана баш кийим менен кирүү мустахаб.
  21. Туалеттен чыкканда колдорду жууш керек.
  22. Эч бир сууга, мечиттин дубалына, көрүстөнгө жана жолго заара ушатпоо керек.
  23. Суу табылбай кала турган болсо таш жана ошого окшош нерселери менен тазалануу дагы суунун ордуна өтөт.

Суроо: Клозет (унитаз) колдонуу мага ыңгайлуу болууда. Жөнөкөй туалеттин ордуна клозетти колдонуу ыңгайлуу эмеспи?

ЖООП

Ыңгайлуу болуп жаткан болсо, үстүбүбүзгө заара чачырабай жаткан болсо зыяны жок. Бирок алатурка (же чаша генуя) деп аталган жалпак туалетти колдонуу медицина жагынан дагы өтө пайдалуу. Нажасат оңой тазаланат жана чачырап кетүү жагдайы да аз. Заара толук чыккандыктан табарсык жана ичегилер да жеңилдейт, нажасат өткөн каналда калбастан сыртка чыгат. Заара каналы, калың ичеги сыяктуу органдардагы оорулардын Мусулмандарда эмне үчүн аз болгондугун изилдеген чет өлкөлүк медиктер мунун себеби унитаз колдонбогондук экендигин белгилешкен.

Айрыкча простатит, заара каналындагы оорулар эркектерге үчүн өтө кыйынчылык туудурган, үй-бүлөлүк бакытка да таасирин тийгизе турчу оорулар болуп саналат. Өйдө тик абалда дагы заара ушатпоо керек жана ден-соолукка ылайык болгон жолду тандоо керек.

Суроо: Эч бир сууга заара кылбоо керек деп айтылууда, унитаздын ичиндеги суулар да ушуга киреби?

ЖООП

Жок, унитаздагы суу буга кирбейт. Ал жер ансыз деле заара кыла турчу жер. Заара кылууга ыңгайлуу болбогон жерлер адамдар жана мал-жаныбар ичкен же адамдар колдонгон жерлер болуп саналат. Булар – дарыя, көлмө, көл, бассейн ж.б.

Суроо: Туалетке эркектердин да, аялдардын да баштарын жаап кирүүлөрү мустахаббы? Аялдар жоолуктун ордуна жоолуктун астынан кийчү боне деп аталган баш кийимдери менен кирсе болобу?

ЖООП

Ооба, туалетке башты жаап кирүү мустахаб. Аялдар боне менен кирсе жетиштүү болот.

Туалетте отурганда

Суроо: Туалетте отурганда сүннөт болгон абалга ылайык эки колдубу же бир колду жаакка коюш керекпи?

ЖООП

Кадимки абалдарда оң кол оң жаакка, сол кол сол жаакка коюлат. Сүннөт болгону да мына ушундай койуу болуп саналат. Эгер бир колду колдонуу муктаждыгы болсо оң кол жаакта калып, сол колду колдонуу ылайыктуу.

Туалетке кирүүдө

Суроо: Туалетке кирерде Аузу Бисмиллах айтууну унуткан адам ичке киргенден кийин айтса болобу?

ЖООП

Ооба, аврат жерин ачуудан мурда айтса болот, себеби, жалпысынан алганда бүгүнкү туалеттерде ачык жерде нажасат болбойт. Башка намаз окууга жер табылбаса зарылчылык болгон абалда туалетте намаз да окууга болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш